ИБРАИМОВ Осмонакун: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИБРАИМОВ 5 to ИБРАИМОВ Осмонакун) |
(Айырма жок)
|
04:52, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИБРАИМОВ Осмонакун (5. 1. 1954-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кан-Коргон айылы) – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1991), профессор (1995), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2003).

КМУну бүтүргөн (1978). Кыргызстан жазуучулар союзунун экинчи секретары (1988), КРдин Президентинин администрациясында бөлүм башчы (1992), КРдин Президентинин басма сөз катчысы (1992–96), КРдин вице-премьер-министри (1993– 96), КРдин Индия, Бангладеш, Непал ж-а Шри-Ланка мамлекеттериндеги атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси (1996–99), КРдин мамлекеттик катчысы болуп иштеген. 2007-жылдан КРСУнун ж-а Ататүрк-Ала-Тоо университетинин профессору. «Адабий классиканын азыркы өмүрү» аттуу биринчи китебине (1982) дүйнөлүк ж-а орус классикасынын айрым чыгармаларын кыргыз тилине которуу маселелерин козгогон изилдөөлөрү ж-а Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы адам концепциясына арналган макалалары топтолгон. «Көз караш» деген ат м-н 1984-жылы жарык көргөн экинчи жыйнагында 1970–80-жылдардагы кыргыз поэзиясындагы лириканын идеялык-эстетикалык абалын сынга алган курч талаш макалалар орун алган. Анын адабият таануудагы негиздүү изденүүсү кайра куруу мезгилинде ж-а эгемендүүлүк алгандан кийин бөтөнчө орчундуу мааниге ээ болгон тарыхтын «актай барактарына» багытталган. 1920–50-жылдардагы кыргыз профессионал поэзиясынын жаралышына ж-а өнүгүүсүнө «История кыргызской советской лирики» деген монографиялык изилдөөсү арналган (1991-, 2000-ж. басылып чыккан). Ушул эле эмгегин кийинки басылышында жаңыча, эркин көз карашта кайрадан иштеп чыгып тоталитардык коомдун саясийидеологиялык шартында «көз жарган» жазма поэзияны, ага илимий көз караштын пайда болуусун, кыргыз поэзиясынын түптөлүү ж-а өсүп-өнүгүү жолун илимий жактан кеңири ж-а терең талдоого алган. Ибраимов III даражадагы Манас ордени м-н сыйланган (2003).
Эмг.: Современная жизнь литературной классики. Ф., 1982; Көз караш. Ф., 1984; История кыргызской советской литературы (авторлош). Ф., 1984; История и поэзия. Б., 2000.
Ж. Медералиева.