ИВАНОВ Мстислав Борисович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИВАНОВ to ИВАНОВ Мстислав Борисович) |
(Айырма жок)
|
05:26, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИВА́НОВ Мстислав Борисович (3. 1. 1924-жылы туулган, Кострома шаары) – Даңк орденинин толук кавалери. 1942-жылы августта Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Воронеж, Талаа ж-а 2-Украин фронтторунда салгылашкан. Курск салгылашына катышып, Украина, Румыния, Венгрия, Австрия ж-а Чехословакияны душмандан бошотушкан. Согуш майданында көрсөткөн

эрдиги үчүн 3- ж-а 2-даражадагы Даңк ордендерин (1944, 1945) алууга татыктуу болгон. Загорск-Быстрица (Украина) кыштагынын
жанында душмандын негизги күчүн калкалаган отрядды талкалап, 69 гитлерчини туткундаганы үчүн 1946-жылы 15-майда 1-даражадагы Даңк орденин алган. Иванов 1950-жылы А. Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетин бүтүргөн соң, Кыргызстанга жиберилген. 1950–79-жылдарда Кыргыз ССР геология башкармалыгында инженер-геолог болуп эмгектенген. 3- даражадагы «Манас», Кызыл Жылдыз, 1-, 2- даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери м-н сыйланган.