ИЗОМОРФИЗМ (химияда): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

04:52, 14 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИЗОМОРФИ́ЗМ (изо... ж-а гр. morphe– фор­ма) – химиялык курамы боюнча бирдей заттардын ок­шош формада кристаллдануу касиети. Мында кристаллдарда ж-а минералдарда химиялык элемент­тер бири-бири м-н алмашат. Изоморфизм химиялык элемент­тердин атомдук касиеттеринин окшоштугуна, пайда болгон кошундулардын мүнөзүнө ж-а түзү­лүшүнө, термодинамикалык шартына байланыштуу. Изоморфизм жа­ратылышта кеңири тараган. Бул минералдар­дын химиялык курамынын татаалдыгы ж-а бир эле кошундудагы көп элементтин парагенезиси м-н түшүндүрүлөт.