ГОЛЬЖИ КОМПЛЕКСИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ГОЛЬЖИ КОМПЛЕКСИ, ́ЛЬЖИ КОМПЛЕКСИ, ''' Г о л ь ж и а п п а р а т ы – клетканын ар түрдүү функция аткаруучу органоиди. 1898-жылы италиялык гистолог К. Гольжи нерв клеткаларын изилдөөдө ачкан. Гольжи комплекси бардык эукариот клеткаларда кездешет. Ал диктиосомадан (Гольжи денечелеринен), Гольжи ыйлаакчасынан ж-а Гольжи вакуолунан турат. Клеткадагы диктиосома ж-а ал бөлүп чыгарган Гольжи ыйлаакчасынын саны Гольжи комплексинин активдүүлүгүн көрсөтөт. Гольжи комплекси клеткадагы белок, полисахарид, былжыр, липид, липопротеид сыяктуу секреттерди бөлүп чыгарууга катышат. Бул заттар Гольжи ыйлаакчасына топтолуп, ал аркылуу клетканын тийиштүү бөлүктөрүнө ж-а вакуолуна жеткирилет. Гольжи комплекси мембраналык структуралуу болуп, бири бирине жарыш жайгашкан цистерналардан, түтүкчөлөрдөн ж-а ыйлаакчалардан турат. Өсүмдүк клеткасында цистерналар жакшы өөрчүгөн. Ошондой эле углеводдорду синтездөөгө, клетка кабыгын, вакуолду пайда кылууга катышат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:13, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГОЛЬЖИ КОМПЛЕКСИ, ́ЛЬЖИ КОМПЛЕКСИ, Г о л ь ж и а п п а р а т ы – клетканын ар түрдүү функция аткаруучу органоиди. 1898-жылы италиялык гистолог К. Гольжи нерв клеткаларын изилдөөдө ачкан. Гольжи комплекси бардык эукариот клеткаларда кездешет. Ал диктиосомадан (Гольжи денечелеринен), Гольжи ыйлаакчасынан ж-а Гольжи вакуолунан турат. Клеткадагы диктиосома ж-а ал бөлүп чыгарган Гольжи ыйлаакчасынын саны Гольжи комплексинин активдүүлүгүн көрсөтөт. Гольжи комплекси клеткадагы белок, полисахарид, былжыр, липид, липопротеид сыяктуу секреттерди бөлүп чыгарууга катышат. Бул заттар Гольжи ыйлаакчасына топтолуп, ал аркылуу клетканын тийиштүү бөлүктөрүнө ж-а вакуолуна жеткирилет. Гольжи комплекси мембраналык структуралуу болуп, бири бирине жарыш жайгашкан цистерналардан, түтүкчөлөрдөн ж-а ыйлаакчалардан турат. Өсүмдүк клеткасында цистерналар жакшы өөрчүгөн. Ошондой эле углеводдорду синтездөөгө, клетка кабыгын, вакуолду пайда кылууга катышат.