ГЕСТАПО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕСТА́ПО ''' (нем. Gestapo; Geheime Staatspolizei – деген сөздүн кыскарган түрү) – фаш. Германиядагы мамл. жашырын полиция. Фашизмдин саясий каршылаштарын жок кылуу (камоо, кыйноо, өлтүрүү ж. б. жол м-н) максатында 1933-ж. апрелде түзүлгөн. Г-нун концлагерлери м-н түрмөлөрүндө жүз миӊдеген антифашист сотсуз, сураксыз эле өлтүрүлгөн, Германиянын өзүндө да, андан сырткары жерлерде да агенттери болгон. Нацисттик партиянын мүчөлөрүн көзөмөлдөп туруучу атайын бөлүм иштеген. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) фашисттик Германия талкаланганда Германиядагы контролдоочу советтин ¹ 2 мыйзамы м-н жоюлуп, мыйзамдан тышкары деп жарыяланган. Нюрнбергдеги эл аралык согуш трибуналы (1946) аны кылмыштуу уюм деп тапкан.
'''ГЕСТА́ПО ''' (нем. Gestapo; Geheime Staatspolizei – деген сөздүн кыскарган түрү) – фашисттик Германиядагы мамлекеттик жашырын полиция. Фашизмдин саясий каршылаштарын жок кылуу (камоо, кыйноо, өлтүрүү ж. б. жол м-н) максатында 1933-ж. апрелде түзүлгөн. Гестапонун концлагерлери м-н түрмөлөрүндө жүз миӊдеген антифашист сотсуз, сураксыз эле өлтүрүлгөн, Германиянын өзүндө да, андан сырткары жерлерде да агенттери болгон. Нацисттик партиянын мүчөлөрүн көзөмөлдөп туруучу атайын бөлүм иштеген. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) фашисттик Германия талкаланганда Германиядагы контролдоочу советтин 2 мыйзамы м-н жоюлуп, мыйзамдан тышкары деп жарыяланган. Нюрнбергдеги эл аралык согуш трибуналы (1946) аны кылмыштуу уюм деп тапкан.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:14, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕСТА́ПО (нем. Gestapo; Geheime Staatspolizei – деген сөздүн кыскарган түрү) – фашисттик Германиядагы мамлекеттик жашырын полиция. Фашизмдин саясий каршылаштарын жок кылуу (камоо, кыйноо, өлтүрүү ж. б. жол м-н) максатында 1933-ж. апрелде түзүлгөн. Гестапонун концлагерлери м-н түрмөлөрүндө жүз миӊдеген антифашист сотсуз, сураксыз эле өлтүрүлгөн, Германиянын өзүндө да, андан сырткары жерлерде да агенттери болгон. Нацисттик партиянын мүчөлөрүн көзөмөлдөп туруучу атайын бөлүм иштеген. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) фашисттик Германия талкаланганда Германиядагы контролдоочу советтин № 2 мыйзамы м-н жоюлуп, мыйзамдан тышкары деп жарыяланган. Нюрнбергдеги эл аралык согуш трибуналы (1946) аны кылмыштуу уюм деп тапкан.