ГИПЕРВИТАМИНОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГИПЕРВИТАМИНО́З ''' (''гипер...'' ж-а ''витамин'') – А ж-а Д витаминдерин өтө көп кабыл алуудан болуучу уулануу (интоксикация). А г и п е р в и т а м и н о з чоӊ кишиде оор өтөт, ичи ооруп, кусат, ич өтөт же катат, бөйрөк иши бузулат, башы ооруп, гипертония башталат, сөөктөрү, булчуӊдары ооруйт. Балдарда катуу кармаганда чырланып, тынчы кетет, шалдырап, уйку басат, денеси ысыйт, дем алуусу кыйындайт, териде кызыл тактар пайда болот. Өнөкөт түрү акырындык м-н өөрчүйт ж-а демейде витаминди кабыл алгандан 1–2 айдан кийин билинет. Мында бала чырланып, начар уктайт, териси кургап, туурулат, кычышат. Бүйлөнүн былжыр чели ж-а эрин жарылып, канайт. Д г и п е р в и т а м и н о з д о чоӊ кишинин башы катуу ооруп, жүрөгү айланат, кусат, ичи өтөт, арыктайт, териси туурулат. Оор түрүндө дем алуу кыйындайт, тамыр жай согот, булчуӊ түйүлөт. Балдарда бул витаминдерге бай тамак-ашты же дарыларды кабыл алгандан өнөкөт Г. өөрчүп, териси кургайт, күдүрөйүп кычышат. Дарылоодо ал витаминдерди кабыл алууну токтотуу, суюктукту көп ичүү, физиол. эритме куюу, глюкоза, аскорбин к-тасын, Е витаминин ж. б. кабыл алуу керек. Алдын алууда балдарга витаминди врачтын көрсөтмөсү б-ча гана берүү зарыл. '''ГИПЕРГЕНЕЗ '''(''гипер''… ж-а …''генез'') – жер кыртышынын үстүӊкү бөлүгүндө атм-нын, гидросфера м-н тирүү организмдердин таасиринен минералдык заттардын өзгөрүшүнө алып келүүчү физ.-хим. процесстердин жыйындысы, к. ''Гиперген кендери''.
'''ГИПЕРВИТАМИНО́З ''' (''гипер...'' ж-а ''витамин'') – А ж-а Д витаминдерин өтө көп кабыл алуудан болуучу уулануу (интоксикация). А г и п е р в и т а м и н о з чоӊ кишиде оор өтөт, ичи ооруп, кусат, ич өтөт же катат, бөйрөк иши бузулат, башы ооруп, гипертония башталат, сөөктөрү, булчуӊдары ооруйт. Балдарда катуу кармаганда чырланып, тынчы кетет, шалдырап, уйку басат, денеси ысыйт, дем алуусу кыйындайт, териде кызыл тактар пайда болот. Өнөкөт түрү акырындык м-н өөрчүйт ж-а демейде витаминди кабыл алгандан 1–2 айдан кийин билинет. Мында бала чырланып, начар уктайт, териси кургап, туурулат, кычышат. Бүйлөнүн былжыр чели ж-а эрин жарылып, канайт. Д г и п е р в и т а м и н о з д о чоӊ кишинин башы катуу ооруп, жүрөгү айланат, кусат, ичи өтөт, арыктайт, териси туурулат. Оор түрүндө дем алуу кыйындайт, тамыр жай согот, булчуӊ түйүлөт. Балдарда бул витаминдерге бай тамак-ашты же дарыларды кабыл алгандан өнөкөт гипервитаминоз өөрчүп, териси кургайт, күдүрөйүп кычышат. Дарылоодо ал витаминдерди кабыл алууну токтотуу, суюктукту көп ичүү, физиологиялык эритме куюу, глюкоза, аскорбин кислотасын, Е витаминин ж. б. кабыл алуу керек. Алдын алууда балдарга витаминди врачтын көрсөтмөсү боюнча гана берүү зарыл.  
 
 
 
 
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:51, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГИПЕРВИТАМИНО́З (гипер... ж-а витамин) – А ж-а Д витаминдерин өтө көп кабыл алуудан болуучу уулануу (интоксикация). А г и п е р в и т а м и н о з чоӊ кишиде оор өтөт, ичи ооруп, кусат, ич өтөт же катат, бөйрөк иши бузулат, башы ооруп, гипертония башталат, сөөктөрү, булчуӊдары ооруйт. Балдарда катуу кармаганда чырланып, тынчы кетет, шалдырап, уйку басат, денеси ысыйт, дем алуусу кыйындайт, териде кызыл тактар пайда болот. Өнөкөт түрү акырындык м-н өөрчүйт ж-а демейде витаминди кабыл алгандан 1–2 айдан кийин билинет. Мында бала чырланып, начар уктайт, териси кургап, туурулат, кычышат. Бүйлөнүн былжыр чели ж-а эрин жарылып, канайт. Д г и п е р в и т а м и н о з д о чоӊ кишинин башы катуу ооруп, жүрөгү айланат, кусат, ичи өтөт, арыктайт, териси туурулат. Оор түрүндө дем алуу кыйындайт, тамыр жай согот, булчуӊ түйүлөт. Балдарда бул витаминдерге бай тамак-ашты же дарыларды кабыл алгандан өнөкөт гипервитаминоз өөрчүп, териси кургайт, күдүрөйүп кычышат. Дарылоодо ал витаминдерди кабыл алууну токтотуу, суюктукту көп ичүү, физиологиялык эритме куюу, глюкоза, аскорбин кислотасын, Е витаминин ж. б. кабыл алуу керек. Алдын алууда балдарга витаминди врачтын көрсөтмөсү боюнча гана берүү зарыл.