ГЛАУКОМА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЛАУКО́МА ''' (гр. glfukoma – көз чечекейинин тунарышы) – көздүн ички басымынын жогорулашы ж-а көрүүнүн начарлашы м-н мүнөздөлгөн оору. Ага көздүн нерв, кан тамыр системасынын бузулушу себеп болот. Көздүн басымы өзүнөн өзү көтөрүлсө – алгачкы, көздүн мурдагы же учурдагы оорусунан болсо, экинчилик | '''ГЛАУКО́МА ''' (гр. glfukoma – көз чечекейинин тунарышы) – көздүн ички басымынын жогорулашы ж-а көрүүнүн начарлашы м-н мүнөздөлгөн оору. Ага көздүн нерв, кан тамыр системасынын бузулушу себеп болот. Көздүн басымы өзүнөн өзү көтөрүлсө – алгачкы, көздүн мурдагы же учурдагы оорусунан болсо, экинчилик глаукома деп аталат. Ал демейде улгайган кишиде көп болуп, эки көзү теӊ жабыркайт. Көбүнчө өнөкөт түрүндө өтөт. Дайыма дарыланып турбаса, оору күчөп кетет. Алгачкы глаукома көздүн ички басымын жөнгө салуу бузулганда пайда болот. Экинчилик глаукома көз басымынын жогорулашына түрдүү көз оорулары, көз суюктугунун чыгуу жолдорунун бүтөлүп калышы себеп болот. Оорунун негизги белгилери: жарыкты караганда анын тегерегинде көк жаа дого пайда болгонсуйт. Көз тунарып, буюмдар даана көрүнбөйт, оорулуунун чекеси, башы ооруйт, кээде көздүн чанагы талыйт. Айрым учурда катуу башталат, көзү, башы ооруп, көз кызарат, көз жапкалары шишийт, начар көрөт, жалпы абалы начарлап, окшуп кусат, денеси ысыйт. Дарылоо дары-дармектер, күчөп кетсе хирургиялык жол м-н жүргүзүлөт. Глаукоманын алдын алуу үчүн 40 жаштан өткөндөр жылына бир жолу медициналык кароодон өтүп, көз басымын текшертип турушу зарыл. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:21, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЛАУКО́МА (гр. glfukoma – көз чечекейинин тунарышы) – көздүн ички басымынын жогорулашы ж-а көрүүнүн начарлашы м-н мүнөздөлгөн оору. Ага көздүн нерв, кан тамыр системасынын бузулушу себеп болот. Көздүн басымы өзүнөн өзү көтөрүлсө – алгачкы, көздүн мурдагы же учурдагы оорусунан болсо, экинчилик глаукома деп аталат. Ал демейде улгайган кишиде көп болуп, эки көзү теӊ жабыркайт. Көбүнчө өнөкөт түрүндө өтөт. Дайыма дарыланып турбаса, оору күчөп кетет. Алгачкы глаукома көздүн ички басымын жөнгө салуу бузулганда пайда болот. Экинчилик глаукома көз басымынын жогорулашына түрдүү көз оорулары, көз суюктугунун чыгуу жолдорунун бүтөлүп калышы себеп болот. Оорунун негизги белгилери: жарыкты караганда анын тегерегинде көк жаа дого пайда болгонсуйт. Көз тунарып, буюмдар даана көрүнбөйт, оорулуунун чекеси, башы ооруйт, кээде көздүн чанагы талыйт. Айрым учурда катуу башталат, көзү, башы ооруп, көз кызарат, көз жапкалары шишийт, начар көрөт, жалпы абалы начарлап, окшуп кусат, денеси ысыйт. Дарылоо дары-дармектер, күчөп кетсе хирургиялык жол м-н жүргүзүлөт. Глаукоманын алдын алуу үчүн 40 жаштан өткөндөр жылына бир жолу медициналык кароодон өтүп, көз басымын текшертип турушу зарыл.