КОРОЛЬКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРОЛЬКО́В</b> Ярослав Иванович (1843, Каменец- | <b type='title'>КОРОЛЬКО́В</b> '''Ярослав Иванович''' (1843, Каменец-Подольск – 1933, Каракол шаары) – метеоролог, край таануучу, коомдук ишмер. Орус офицери (генерал-майор, 1902). Орус география коомунун анык мүчөсү (1889). Ал 1877–78-жылдарда орус-түрк компаниясына (Болгарияны Түркиянын эзүүсү­нөн бошотуу) катышкан. 1880-жылы Кыргызстанга (Ка­раколго) кызматка которулган. Мында 20 жылча тоо батареясынын командири болуп, 1902-ж. от­ставкага чыккан. 1881-жылдан Теңир-Тоону географиялык жактан изилдөөгө активдүү катышкан. Кыргызстанда (Караколдо) 1-метеорологиялык станцияны ачып, анда 50 жыл бою байкоо жүргүзгөн. Күнгөйдөгү Чоң Ак-Суу мөңгүлөрүн (1899) изил­деген. 1907–08-жылдардагы саякатында Борбордук ж-а Батыш Теңир-Тоону аралап өткөн. Орус ж-а чет өлкөлүк илимпоздордун Теңир-Тоого жасаган экспедицияларына жардам берген. Жергиликтүү эл м-н тыгыз байланышта болуп, кыргыз элинин 1916-жылкы көтөрүлүшүндө падышачылыктын колониячыл саясатына каршы чыккан. Кыргызстандын табияты жөнүндө бир катар эмгектер жаз­ган. Корольковдун ысмынан Тескей Ала-Тоодогу мөңгү, Каракол шаарындагы көчө аталган. | ||
Подольск – 1933, Каракол | |||
таануучу, коомдук ишмер. Орус офицери ( | |||
компаниясына (Болгарияны Түркиянын эзүүсү­нөн бошотуу) катышкан. 1880- | |||
Батыш Теңир-Тоону аралап өткөн. Орус ж-а чет | |||
өлкөлүк илимпоздордун Теңир-Тоого жасаган экспедицияларына жардам берген. | |||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
10:03, 28 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРОЛЬКО́В Ярослав Иванович (1843, Каменец-Подольск – 1933, Каракол шаары) – метеоролог, край таануучу, коомдук ишмер. Орус офицери (генерал-майор, 1902). Орус география коомунун анык мүчөсү (1889). Ал 1877–78-жылдарда орус-түрк компаниясына (Болгарияны Түркиянын эзүүсүнөн бошотуу) катышкан. 1880-жылы Кыргызстанга (Караколго) кызматка которулган. Мында 20 жылча тоо батареясынын командири болуп, 1902-ж. отставкага чыккан. 1881-жылдан Теңир-Тоону географиялык жактан изилдөөгө активдүү катышкан. Кыргызстанда (Караколдо) 1-метеорологиялык станцияны ачып, анда 50 жыл бою байкоо жүргүзгөн. Күнгөйдөгү Чоң Ак-Суу мөңгүлөрүн (1899) изилдеген. 1907–08-жылдардагы саякатында Борбордук ж-а Батыш Теңир-Тоону аралап өткөн. Орус ж-а чет өлкөлүк илимпоздордун Теңир-Тоого жасаган экспедицияларына жардам берген. Жергиликтүү эл м-н тыгыз байланышта болуп, кыргыз элинин 1916-жылкы көтөрүлүшүндө падышачылыктын колониячыл саясатына каршы чыккан. Кыргызстандын табияты жөнүндө бир катар эмгектер жазган. Корольковдун ысмынан Тескей Ала-Тоодогу мөңгү, Каракол шаарындагы көчө аталган.