ВЕЙМАР РЕСПУБЛИКАСЫ (1919–33): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''В́ЕЙМАР РЕСПУБЛИКАСЫ (1919–33)''' – биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки Германия Респ-нын аталышы. 1918-ж. 9-ноябрда Берлинде Фридрих Эберт жетектеген респ-нын түзүлгөндүгү жарыяланган. Анын Уюштуруу чогулушунун биринчи заседаниеси Веймар ш-нда болуп өтүп, анда кабыл алынган конституциянын атынан аталган. Конституция б-ча Германия федерациялык, парламенттик демокр. респ. катары түзүлгөн. Ф. Эберт алгачкы президенти болуп шайланган (1919–25), аны Гинденбург алмаштырган (1925–34). ''Версаль тынчтык келишиминин (1919)'' оор шарттары В. Р-нын өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. 1929-ж. башталган дүйнөлүк экон. кризистин натыйжасында түзүлгөн экон. оор абалга нааразы болгон Германия улуттук партиясынын финансы ж-а өнөр жай топтору Гитлердин нацисттик партиясы м-н биригип кеткен ж-а тоталитардык режимди, ал эми коммунисттер пролетариат диктатурасын орнотууну сунуш кылышкан. 1932-ж. парламенттик шайлоодо Улуттук-соц. партиясы 601 депутаттык орундун 230ун жеӊип алган. 1933-ж. президент Гинденбург Гитлерди канцлердик постко дайындоого мажбур болгон. 1933-ж. 28-февралда Гитлер өлкөдө өзгөчө кырдаал абалын киргизип, Гинденбург дүйнөдөн кайткан соӊ, 1934-ж. президенттик постту өзүнө ыйгарып алган ж-а «Үчүнчү рейхтин» түзүлгөндүгүн жарыялоо м-н, В. Р-нда демокр. түзүлүштү жойгон.
'''ВЕ́ЙМАР РЕСПУБЛИКАСЫ (1919–33) ''' – биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки Германия Республикасынын аталышы. 1918-жылы 9-ноябрда Берлинде Фридрих Эберт жетектеген республиканын түзүлгөндүгү жарыяланган. Анын уюштуруу чогулушунун биринчи заседаниеси Веймар шаарында болуп өтүп, анда кабыл алынган конституциянын атынан аталган. Конституция боюнча Германия федерациялык, парламенттик демократиялык республика катары түзүлгөн. Ф. Эберт алгачкы президенти болуп шайланган (1919–25), аны Гинденбург алмаштырган (1925–34). ''Версаль тынчтык келишиминин (1919)'' оор шарттары Веймар  Республикасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. 1929-жылы башталган дүйнөлүк экономикалык кризистин натыйжасында түзүлгөн экономикалык оор абалга нааразы болгон Германия улуттук партиясынын финансы жана өнөр жай топтору Гитлердин нацисттик партиясы менен биригип кеткен жана тоталитардык режимди, ал эми коммунисттер пролетариат диктатурасын орнотууну сунуш кылышкан. 1932-жылы парламенттик шайлоодо Улуттук-социалисттик партиясы 601 депутаттык орундун 230ун жеӊип алган. 1933-жылы  президент Гинденбург Гитлерди канцлердик постко дайындоого мажбур болгон. 1933-жылы 28-февралда Гитлер өлкөдө өзгөчө кырдаал абалын киргизип, Гинденбург дүйнөдөн кайткан соӊ, 1934-жылы президенттик постту өзүнө ыйгарып алган жана «Үчүнчү рейхтин» түзүлгөндүгүн жарыялоо менен, Веймар  Республикасында демократиялык түзүлүштү жойгон.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:44, 10 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕ́ЙМАР РЕСПУБЛИКАСЫ (1919–33) – биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки Германия Республикасынын аталышы. 1918-жылы 9-ноябрда Берлинде Фридрих Эберт жетектеген республиканын түзүлгөндүгү жарыяланган. Анын уюштуруу чогулушунун биринчи заседаниеси Веймар шаарында болуп өтүп, анда кабыл алынган конституциянын атынан аталган. Конституция боюнча Германия федерациялык, парламенттик демократиялык республика катары түзүлгөн. Ф. Эберт алгачкы президенти болуп шайланган (1919–25), аны Гинденбург алмаштырган (1925–34). Версаль тынчтык келишиминин (1919) оор шарттары Веймар Республикасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. 1929-жылы башталган дүйнөлүк экономикалык кризистин натыйжасында түзүлгөн экономикалык оор абалга нааразы болгон Германия улуттук партиясынын финансы жана өнөр жай топтору Гитлердин нацисттик партиясы менен биригип кеткен жана тоталитардык режимди, ал эми коммунисттер пролетариат диктатурасын орнотууну сунуш кылышкан. 1932-жылы парламенттик шайлоодо Улуттук-социалисттик партиясы 601 депутаттык орундун 230ун жеӊип алган. 1933-жылы президент Гинденбург Гитлерди канцлердик постко дайындоого мажбур болгон. 1933-жылы 28-февралда Гитлер өлкөдө өзгөчө кырдаал абалын киргизип, Гинденбург дүйнөдөн кайткан соӊ, 1934-жылы президенттик постту өзүнө ыйгарып алган жана «Үчүнчү рейхтин» түзүлгөндүгүн жарыялоо менен, Веймар Республикасында демократиялык түзүлүштү жойгон.