ВАЗА ДИНАСТИЯСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВА́ЗА ДИНАСТИЯСЫ, ''' В а с а (Vasa) – Швеция (1523–1654) жана Польша (1587–1668) королдору чыккан династия. Династия Густав Ваза аттуу швед ак сөөгүнүн атынан аталган. Ал 1523–60-жылдары Густав I деген ат менен Швед королдугун бийлеген. Анын Швеция тагында отурган урпактары: Эрих XIV (1560–68), Юхан III (1568–92), Сигизмунд (1592–1604; 1587–1632-ж. Польшанын да королу), Карл IX (1604–11), Густав II Адольф (1611–32), Кристина (1632–54). Польша королу Сигизмунддун мураскери болбогондуктан, анын кызы Екатерина Ягайло менен Швеция королу Юхандын уулу Сигизмунд III деген ат менен 1587–1632-жылдары Польша тагына отурган. Сигизмунд IIIнүн Польша тагында отурган мураскерлери: Владислав IV (1632–48) жана Ян Казимир (1648–68). | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:40, 21 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
ВА́ЗА ДИНАСТИЯСЫ, В а с а (Vasa) – Швеция (1523–1654) жана Польша (1587–1668) королдору чыккан династия. Династия Густав Ваза аттуу швед ак сөөгүнүн атынан аталган. Ал 1523–60-жылдары Густав I деген ат менен Швед королдугун бийлеген. Анын Швеция тагында отурган урпактары: Эрих XIV (1560–68), Юхан III (1568–92), Сигизмунд (1592–1604; 1587–1632-ж. Польшанын да королу), Карл IX (1604–11), Густав II Адольф (1611–32), Кристина (1632–54). Польша королу Сигизмунддун мураскери болбогондуктан, анын кызы Екатерина Ягайло менен Швеция королу Юхандын уулу Сигизмунд III деген ат менен 1587–1632-жылдары Польша тагына отурган. Сигизмунд IIIнүн Польша тагында отурган мураскерлери: Владислав IV (1632–48) жана Ян Казимир (1648–68).