ВАГИФ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ВАГИ́Ф ''' Молла Панах (1717, Азербайжан, азыркы Казах р-ну, Салахлы айылы – 1797, Шуша) – азербайжан акыны, мамл. ишмер. Араб, фарс тилдерин билген мугалим, Карабах ханынын вазири болгон. Карабах, Грузия, Талыш ж-а Эриван хандыктарынын Иранга каршы коргонуу союзун түзүүгө катышып, Россия м-н союздаш болууну жактаган. В. Карабахты басып алган Ибрагим хандын жакын адамы Мухаммедбек Жеваншир тарабынан өлтүрүлгөн. Туӊгуч ырлар жыйнагы 1856-ж. Темир-хан-Шура (азыркы Буйнакск) ш-нда басылган. В-тин ырларын жыйноодо М. Ф. ''Ахундов'' көп эмгек сиӊирген. Толук ырлар жыйнагы 1945-ж. басылып чыккан. Анын ырлары дүйнөнү шат кабылдоого үгүттөп, сүйүү, филос. ойлорго, гражд. мотивдерге ширелген. Азербайжан поэзиясында ''ашуг'' формасы – гошманы бекемдеген. «Гүл», «Турналар» аттуу ырларында өмүр, кубаныч, махабат, өкүнүч сезимдери чагылдырылган. Акындын өмүрү тууралуу С. ''Вургун'' «Вагиф» аттуу драмалык поэма жазган. Чыг.: Молла Панах Вагиф. Баку, 1925; Лирика. М., 1968.
'''ВАГИ&#769;Ф ''' '''Молла Панах''' (1717, Азербайжан, азыркы Казах району, Салахлы айылы – 1797, Шуша) – азербайжан акыны, мамлекеттик ишмер. Араб, фарс тилдерин билген мугалим, Карабах ханынын вазири болгон. Карабах, Грузия, Талыш жана Эриван хандыктарынын Иранга каршы коргонуу союзун түзүүгө катышып, Россия менен союздаш болууну жактаган. Вагиф Карабахты басып алган Ибрагим хандын жакын адамы Мухаммедбек Жеваншир тарабынан өлтүрүлгөн. Туӊгуч ырлар жыйнагы 1856-жылы Темир-хан-Шура (азыркы Буйнакск) шаарында басылган. Вагифтин ырларын жыйноодо М. Ф. ''Ахундов'' көп эмгек сиӊирген. Толук ырлар жыйнагы 1945-жылы басылып чыккан. Анын ырлары дүйнөнү шат кабылдоого үгүттөп, сүйүү, философиялык ойлорго, граждандык мотивдерге ширелген. Азербайжан поэзиясында ''ашуг'' формасы – гошманы бекемдеген. «Гүл», «Турналар» аттуу ырларында өмүр, кубаныч, махабат, өкүнүч сезимдери чагылдырылган. Акындын өмүрү тууралуу С. ''Вургун'' «Вагиф» аттуу драмалык поэма жазган. Чыг.: Молла Панах Вагиф. Баку, 1925; Лирика. М., 1968.<br/>Ад.: ''Дадашзаде А.'' Певец жизни (Раздумья о Вагифе). Баку, 1988.
<br/>Ад.: ''Дадашзаде А.'' Певец жизни (Раздумья о Вагифе). Баку, 1988.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:08, 21 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАГИ́Ф Молла Панах (1717, Азербайжан, азыркы Казах району, Салахлы айылы – 1797, Шуша) – азербайжан акыны, мамлекеттик ишмер. Араб, фарс тилдерин билген мугалим, Карабах ханынын вазири болгон. Карабах, Грузия, Талыш жана Эриван хандыктарынын Иранга каршы коргонуу союзун түзүүгө катышып, Россия менен союздаш болууну жактаган. Вагиф Карабахты басып алган Ибрагим хандын жакын адамы Мухаммедбек Жеваншир тарабынан өлтүрүлгөн. Туӊгуч ырлар жыйнагы 1856-жылы Темир-хан-Шура (азыркы Буйнакск) шаарында басылган. Вагифтин ырларын жыйноодо М. Ф. Ахундов көп эмгек сиӊирген. Толук ырлар жыйнагы 1945-жылы басылып чыккан. Анын ырлары дүйнөнү шат кабылдоого үгүттөп, сүйүү, философиялык ойлорго, граждандык мотивдерге ширелген. Азербайжан поэзиясында ашуг формасы – гошманы бекемдеген. «Гүл», «Турналар» аттуу ырларында өмүр, кубаныч, махабат, өкүнүч сезимдери чагылдырылган. Акындын өмүрү тууралуу С. Вургун «Вагиф» аттуу драмалык поэма жазган. Чыг.: Молла Панах Вагиф. Баку, 1925; Лирика. М., 1968.
Ад.: Дадашзаде А. Певец жизни (Раздумья о Вагифе). Баку, 1988.