ВАЛЕНТТҮҮЛҮК (химияда): нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВАЛЕНТТҮҮЛҮК ''' (лат. valentia – күч) – | '''ВАЛЕНТТҮҮЛҮК ''' (лат. valentia – күч) – химиялык бир элементтин атомунун башка элементтин белгилүү бир сандагы атомдорун кошуп алуу же орун алмашуу жөндөмдүүлүгү. Валенттүүлүк жөнүндөгү түшүнүк 19-кылымдын ортосунда пайда болгон. Д. И. ''Менделеев'' валенттүүлүк менен элементтин мезгилдик системадан алган ордунун байланышын ачып, илимге өзгөрүлмө валенттүүлүк жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Элементтин эӊ жогорку валенттүүлүгү анын мезгилдик системадагы жайгашкан тобуна (группасына) дал келет. Мисалы, көмүртек атомунун эӊ жогорку валенттүүлүгү 4кө, ал эми хлордуку 7ге барабар. Электрон ачылып, атомдун түзүлүшү жөнүндөгү окуунун өнүгүшү менен валенттүүлүк теориялык жактан түшүндүрүлө баштаган. Атомдордун өз ара аракеттениши электрондун бир атомдон экинчи атомго өтүшү аркылуу жүрөт. Мында электронун берген атом оӊ, кошуп алган атом терс заряддалган иондорго айланат. Бирок көп учурда химиялык өз ара аракеттенүү электрондордун бир атомдон экинчи атомго өтүшү менен гана жүрбөстөн, атомдордун бири-бири менен жуп электронду пайда кылуусу аркылуу да ишке ашат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:41, 19 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы
ВАЛЕНТТҮҮЛҮК (лат. valentia – күч) – химиялык бир элементтин атомунун башка элементтин белгилүү бир сандагы атомдорун кошуп алуу же орун алмашуу жөндөмдүүлүгү. Валенттүүлүк жөнүндөгү түшүнүк 19-кылымдын ортосунда пайда болгон. Д. И. Менделеев валенттүүлүк менен элементтин мезгилдик системадан алган ордунун байланышын ачып, илимге өзгөрүлмө валенттүүлүк жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Элементтин эӊ жогорку валенттүүлүгү анын мезгилдик системадагы жайгашкан тобуна (группасына) дал келет. Мисалы, көмүртек атомунун эӊ жогорку валенттүүлүгү 4кө, ал эми хлордуку 7ге барабар. Электрон ачылып, атомдун түзүлүшү жөнүндөгү окуунун өнүгүшү менен валенттүүлүк теориялык жактан түшүндүрүлө баштаган. Атомдордун өз ара аракеттениши электрондун бир атомдон экинчи атомго өтүшү аркылуу жүрөт. Мында электронун берген атом оӊ, кошуп алган атом терс заряддалган иондорго айланат. Бирок көп учурда химиялык өз ара аракеттенүү электрондордун бир атомдон экинчи атомго өтүшү менен гана жүрбөстөн, атомдордун бири-бири менен жуп электронду пайда кылуусу аркылуу да ишке ашат.