ВАЛЮТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page ВАЛЮТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО to ВАЛЮТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО)) |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВАЛЮ́ТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО''' ) (англ. convertibity of currency) – бир өлкөнүн ''валютасын'' башка өлкөнүн валютасына бардык эле формада | '''ВАЛЮ́ТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО''' ) (англ. convertibity of currency) – бир өлкөнүн ''валютасын'' башка өлкөнүн валютасына бардык эле формада жана операциянын бардык түрүндө чектөөсүз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү. Валюта алмашымдуулугу улуттук валюта дүйнөлүк акчанын функциясын аткарат дегендикти билдирет. ''Алтын стандарттын'' мезгилинде тигил же бул ыкма менен алтынга эркин алмашылуучу валюта алмашымдуу деп эсептелген. Алтынга эркин Валюта алмашымдуулугу 1-дүйнөлүк согушка чейин колдонулган. Согуштан кийин куйма алтынга алмашуу формасында калыбына келтирилген. АКШда өз валютасын алмаштыруу мүмкүнчүлүгү узакка сакталган. 1971-жылы АКШ алтынды монетасыздандыруу (демонетизация) боюнча иш жүргүзгөн. 1970-жылдардын ортосунда алтын стандарт биротоло жоюлуп, дүйнөнүн бардык валюталары «кагазга» айланган. Улуттук валютанын алтынга эмес, ошол учурдагы курс боюнча башка өлкөлөрдүн валюталарына эркин алмашуусу Валюта алмашымдуулугу деп аталган. Валюта алмашымдуулугу өлкөнүн эмгекти эл аралык бөлүштүрүүгө, дүйнөлүк соодага жана эсептешүүгө натыйжалуу катышуусунда маанилүү фактор болуп саналат. АКШ доллары бар жеке адам же юридикалык жак экспорт-импорт операциялары боюнча тоскоолдуксуз эсептешүүгө, америкалык, ошондой эле чет өлкөлүк банктарда аны депонирлөөгө, долларды башка бардык эле валютага сатууга, америкалык мамлекеттик жана менчик баалуу кагаздарды сатып алууга акылуу. Азыркы учурда онго жакын өлкөнүн (АКШ, Канада, Япония, Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү) валютасы толук алмашымдуу деп эсептелет. Валюта алмашымдуулугунун артыкчылыгы – ошол өлкө башка өлкөлөр (өнөктөштөр) менен улуттук валютада эсеп жүргүзө алат, демек процентсиз чет өлкөлүк ''кредит'' алып, өз товарларын чет өлкөлүк рынокто ийгиликтүү соодалайт дегенди түшүндүрөт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:12, 23 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
ВАЛЮ́ТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО ) (англ. convertibity of currency) – бир өлкөнүн валютасын башка өлкөнүн валютасына бардык эле формада жана операциянын бардык түрүндө чектөөсүз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү. Валюта алмашымдуулугу улуттук валюта дүйнөлүк акчанын функциясын аткарат дегендикти билдирет. Алтын стандарттын мезгилинде тигил же бул ыкма менен алтынга эркин алмашылуучу валюта алмашымдуу деп эсептелген. Алтынга эркин Валюта алмашымдуулугу 1-дүйнөлүк согушка чейин колдонулган. Согуштан кийин куйма алтынга алмашуу формасында калыбына келтирилген. АКШда өз валютасын алмаштыруу мүмкүнчүлүгү узакка сакталган. 1971-жылы АКШ алтынды монетасыздандыруу (демонетизация) боюнча иш жүргүзгөн. 1970-жылдардын ортосунда алтын стандарт биротоло жоюлуп, дүйнөнүн бардык валюталары «кагазга» айланган. Улуттук валютанын алтынга эмес, ошол учурдагы курс боюнча башка өлкөлөрдүн валюталарына эркин алмашуусу Валюта алмашымдуулугу деп аталган. Валюта алмашымдуулугу өлкөнүн эмгекти эл аралык бөлүштүрүүгө, дүйнөлүк соодага жана эсептешүүгө натыйжалуу катышуусунда маанилүү фактор болуп саналат. АКШ доллары бар жеке адам же юридикалык жак экспорт-импорт операциялары боюнча тоскоолдуксуз эсептешүүгө, америкалык, ошондой эле чет өлкөлүк банктарда аны депонирлөөгө, долларды башка бардык эле валютага сатууга, америкалык мамлекеттик жана менчик баалуу кагаздарды сатып алууга акылуу. Азыркы учурда онго жакын өлкөнүн (АКШ, Канада, Япония, Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү) валютасы толук алмашымдуу деп эсептелет. Валюта алмашымдуулугунун артыкчылыгы – ошол өлкө башка өлкөлөр (өнөктөштөр) менен улуттук валютада эсеп жүргүзө алат, демек процентсиз чет өлкөлүк кредит алып, өз товарларын чет өлкөлүк рынокто ийгиликтүү соодалайт дегенди түшүндүрөт.