ВЕДАНТА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЕДА́НТА ''' (санскритче: сөзмө-сөз – Ведалардын акыры; дагы бир мааниси ''Ведалардын'' аяктоочу бөлүгү) Индиядагы байыркы диний- | '''ВЕДА́НТА ''' (санскритче: сөзмө-сөз – Ведалардын акыры; дагы бир мааниси ''Ведалардын'' аяктоочу бөлүгү) Индиядагы байыркы диний-философиялык ойдун кеӊири белгилүү жана таасирдүү системасы, индуизмдин философиялык негизи. Брахман менен атмандын төптөштүгү жөнүндөгү окууну иштеп чыгышкан диний-философиялык мектептердин жыйындысы. Ведалар дүйнө жарала электен мурда эле болгон, алар брахмандын деминен келип чыккан. Анын билимге, брахман билимине (брахма видьесине) жетүү бир катар шарттарды талап кылат: түбөлүк жана утурумдук болмуштун ортосундагы айырмаларды аӊдоо; материалдык сыйдан бул жашоодо да, келечекте да баш тартуу; анан алты сапатка ээ болуусу (рухунун калбааттыгы, топуктуулук, баарынан кечкендик, бардаштуулук, ыкыластуулук, диний ишеним) абзел. Ведантанын өнүгүүсүндө 3 нормативди бөлүп карашат. 1) Огожо ой жүгүртүүлөр менен Ведалардын маӊызына түшүнүк беришкен жана брахман – атман, пуруша, пракрит, жняна, майя сыяктуу Ведантанын негизги түшүнүктөрүн чечмелеп беришкен Упанишадалар. 2) «Веданта-сутра» (же «Брахма-сутра») чыгармасын Бадараяна (б. з. ч. 4–3-кылымдар) деген акылман жазган дешет. Бул мерчемдеги Ведантада Упанишадалардын алда канча системалуу, иреттелүү тажрыйбасына Брахмандын эӊ жогорку реалдуулугун негиздөө, анын көрүнөө дүйнө менен жеке рухка карата мамилеси, ошондой эле диний сабыркоолор менен көзгө көрүнгөн көп түрдүү жашоо формаларын жараштырып, бирдейликке жеткирүү. 3) Бул мерчемге «Брахма-сутрага» көптөгөн чечмелөөлөр жана Ведантанын андан аркы проблемаларын иштеп чыгуулар мүнөздүү. Веданта Индиянын бардык философиялык системасында алдыӊкы ролду ойноп келди. 20-кылымдын аягында индиялык да Ведантанын боёгу өчө элек. Ведантанын негизги философиялык категориялары: брахман (космостук рух); атман (жекече рух); пуруша (абстракттуу рухбашат); пракрити (абстракттуу затбашат, табият); артха (маани, максат); жняна (билим); авастха (психикалык абал) жана майя (иллюзия, куру кыял) ж. б. <br/>''Т. Абдылдабеков.'' | ||
<br/>''Т. Абдылдабеков.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:52, 10 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы
ВЕДА́НТА (санскритче: сөзмө-сөз – Ведалардын акыры; дагы бир мааниси Ведалардын аяктоочу бөлүгү) Индиядагы байыркы диний-философиялык ойдун кеӊири белгилүү жана таасирдүү системасы, индуизмдин философиялык негизи. Брахман менен атмандын төптөштүгү жөнүндөгү окууну иштеп чыгышкан диний-философиялык мектептердин жыйындысы. Ведалар дүйнө жарала электен мурда эле болгон, алар брахмандын деминен келип чыккан. Анын билимге, брахман билимине (брахма видьесине) жетүү бир катар шарттарды талап кылат: түбөлүк жана утурумдук болмуштун ортосундагы айырмаларды аӊдоо; материалдык сыйдан бул жашоодо да, келечекте да баш тартуу; анан алты сапатка ээ болуусу (рухунун калбааттыгы, топуктуулук, баарынан кечкендик, бардаштуулук, ыкыластуулук, диний ишеним) абзел. Ведантанын өнүгүүсүндө 3 нормативди бөлүп карашат. 1) Огожо ой жүгүртүүлөр менен Ведалардын маӊызына түшүнүк беришкен жана брахман – атман, пуруша, пракрит, жняна, майя сыяктуу Ведантанын негизги түшүнүктөрүн чечмелеп беришкен Упанишадалар. 2) «Веданта-сутра» (же «Брахма-сутра») чыгармасын Бадараяна (б. з. ч. 4–3-кылымдар) деген акылман жазган дешет. Бул мерчемдеги Ведантада Упанишадалардын алда канча системалуу, иреттелүү тажрыйбасына Брахмандын эӊ жогорку реалдуулугун негиздөө, анын көрүнөө дүйнө менен жеке рухка карата мамилеси, ошондой эле диний сабыркоолор менен көзгө көрүнгөн көп түрдүү жашоо формаларын жараштырып, бирдейликке жеткирүү. 3) Бул мерчемге «Брахма-сутрага» көптөгөн чечмелөөлөр жана Ведантанын андан аркы проблемаларын иштеп чыгуулар мүнөздүү. Веданта Индиянын бардык философиялык системасында алдыӊкы ролду ойноп келди. 20-кылымдын аягында индиялык да Ведантанын боёгу өчө элек. Ведантанын негизги философиялык категориялары: брахман (космостук рух); атман (жекече рух); пуруша (абстракттуу рухбашат); пракрити (абстракттуу затбашат, табият); артха (маани, максат); жняна (билим); авастха (психикалык абал) жана майя (иллюзия, куру кыял) ж. б.
Т. Абдылдабеков.