ВЕЙЦМАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕ́ЙЦМАН ''' Хаим [27. 11. 1874, Россия империясы, Гродно губерниясы Мотоль (азыркы Белорусь Респ., Брест обл., Иванов р-ну) – 9. 11. 1952, Израиль, Реховот] – Израилдин мамл. ж-а саясий ишмери. Германия, Швейцария ж-а Англияда билим алган. 1901-жылдан Женева ун-тинде окутуучу, 1904–19-ж. Манчестер ун-тинин окутуучусу, проф. 1916–19-ж. Британ адмиралтействосунда химия лабор-сынын башчысы. Көптөгөн ойлоп табуулардын автору. Сионисттик кыймылдын активдүү катышуучусу (к. ''Сионизм''). 1920–31, 1935–46-ж. Бүткүл дүйнөлүк сионисттик уюмдун президенти; 1929–31 ж-а 1935–46-ж. Палестина б-ча европ. агентчиликти жетектеген. 1937-ж. Чыгыш Европадагы еврейлерди фашизмден куткаруу максатында Палестинаны араб ж-а еврей мамлекеттерине бөлүү тууралуу британдык планды жактап чыккан. 1947–48-ж. БУУнун Генералдык Ассамблеясында Палестинаны экиге бөлүү б-ча талкууга еврей делегациясынын курамында катышкан. 1948-жылдын майынан Израилдин Убактылуу мамл. кеӊешинин президенти. 1949-ж. февралда өлкөнүн алгачкы президенти болуп шайланган.  
'''ВЕ́ЙЦМАН ''' '''Хаим''' [27. 11. 1874, Россия империясы, Гродно губерниясы Мотоль (азыркы Беларусь Республикасы, Брест облусу, Иванов району) – 9. 11. 1952, Израиль, Реховот] – Израилдин мамлекеттик жана саясий ишмери. Германия, Швейцария жана Англияда билим алган. 1901-жылдан Женева университетинде окутуучу, 1904–19-жылдары Манчестер университетинин окутуучусу, профессор, 1916–19-жылдары Британ адмиралтействосунда химия лабораториясынын башчысы. Көптөгөн ойлоп табуулардын автору. Сионисттик кыймылдын активдүү катышуучусу (к. ''Сионизм''). 1920–31, 1935–46-жылдарда Бүткүл дүйнөлүк сионисттик уюмдун президенти; 1929–31 жана 1935–46-жылдарда Палестина боюнча европалык агентчиликти жетектеген. 1937-жылы Чыгыш Европадагы еврейлерди фашизмден куткаруу максатында Палестинаны араб жана еврей мамлекеттерине бөлүү тууралуу британдык планды жактап чыккан. 1947–48-жылдарда БУУнун Генералдык Ассамблеясында Палестинаны экиге бөлүү боюнча талкууга еврей делегациясынын курамында катышкан. 1948-жылдын майынан Израилдин Убактылуу мамлекеттик кеӊешинин президенти. 1949-жылы февралда өлкөнүн алгачкы президенти болуп шайланган.  
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:31, 11 Декабрь (Бештин айы) 2024 -га соңку нускасы

ВЕ́ЙЦМАН Хаим [27. 11. 1874, Россия империясы, Гродно губерниясы Мотоль (азыркы Беларусь Республикасы, Брест облусу, Иванов району) – 9. 11. 1952, Израиль, Реховот] – Израилдин мамлекеттик жана саясий ишмери. Германия, Швейцария жана Англияда билим алган. 1901-жылдан Женева университетинде окутуучу, 1904–19-жылдары Манчестер университетинин окутуучусу, профессор, 1916–19-жылдары Британ адмиралтействосунда химия лабораториясынын башчысы. Көптөгөн ойлоп табуулардын автору. Сионисттик кыймылдын активдүү катышуучусу (к. Сионизм). 1920–31, 1935–46-жылдарда Бүткүл дүйнөлүк сионисттик уюмдун президенти; 1929–31 жана 1935–46-жылдарда Палестина боюнча европалык агентчиликти жетектеген. 1937-жылы Чыгыш Европадагы еврейлерди фашизмден куткаруу максатында Палестинаны араб жана еврей мамлекеттерине бөлүү тууралуу британдык планды жактап чыккан. 1947–48-жылдарда БУУнун Генералдык Ассамблеясында Палестинаны экиге бөлүү боюнча талкууга еврей делегациясынын курамында катышкан. 1948-жылдын майынан Израилдин Убактылуу мамлекеттик кеӊешинин президенти. 1949-жылы февралда өлкөнүн алгачкы президенти болуп шайланган.