ВЕНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕ́НА ''' (Wien) – Австриянын борбор шаары. Өлкөнүн башкы экон., маданий ж-а ил. борбору; өзүнчө адм. бирдикти түзөт (федерация жери статусуна ээ). Калкы 1,9 млн (2020; шаар агломерациясында 2,1 млн). Дунай д-нын боюнда, Вена Токою тоо массивинин этегинде жайгашкан. Өлкөнүн башкы жолдор тоому. Шаар айланта магистралдар (а. и. автобандар) ж-а те-
'''ВЕ́НА ''' (Wien) – Австриянын борбор шаары. Өлкөнүн башкы экономикалык, маданий жана илимий борбору; өзүнчө административдик бирдикти түзөт (федерация жери статусуна ээ). Калкы 1,9 млн (2020; шаар агломерациясында 2,1 млн). Дунай дарыясынын боюнда, Вена Токою тоо массивинин этегинде жайгашкан. Өлкөнүн башкы жолдор тоому. Шаар айланта магистралдар (анын ичинде автобандар) жана те-

[[File:ВЕНА76.png | thumb | Шёнбрунн ак сарайы.]]
[[File:ВЕНА76.png | thumb | Шёнбрунн ак сарайы.]]
мир жол тармактары салынган. Эл аралык транзиттик мааниге ээ магистралдар: Франкфурт-на-Майне – В. – Будапешт – Стамбул, Варшава – В. – Милан, Берлин – Прага – В. – Загреб. Ири жүк ташуучу авиаборбор. Эл аралык Вена-Швехат аэропорту, метрополитен бар. Деӊиз порту. Байыркы кельттердин тургун жайы; б. з. 1-к-нан римдик Виндобона (же Виенна) аскер лагери. 1221-жылдан шаар. 16-к-да императорлор резиденциясы, бирок иш жүзүндө Габсбургдар мамлекетинин, 1804-жылдан Австрия империясынын (1867–1918-ж. Австрия-Венгриянын) борбору болгон. 18-к-дын 1-жарымында В. – европалык мад-ттын, айрыкча музыканын өнүккөн жери. 1848–49-ж. Австриядагы рев-ячыл кү-
мир жол тармактары салынган. Эл аралык транзиттик мааниге ээ магистралдар: Франкфурт-на-Майне – Вена – Будапешт – Стамбул, Варшава – Вена – Милан, Берлин – Прага – Вена – Загреб. Ири жүк ташуучу авиаборбор. Эл аралык Вена-Швехат аэропорту, метрополитен бар. Деӊиз порту. Байыркы кельттердин тургун жайы; б. з. 1-кылымынан римдик Виндобона (же Виенна) аскер лагери. 1221-жылдан шаар. 16-кылымда императорлор резиденциясы, бирок иш жүзүндө Габсбургдар мамлекетинин, 1804-жылдан Австрия империясынын (1867–1918-жылдары Австрия-Венгриянын) борбору болгон. 18-кылымдын 1-жарымында Вена – европалык маданияттын, айрыкча музыканын өнүккөн жери. 1848–49-жылдары Австриядагы революциячыл кү-

[[File:ВЕНА77.png | thumb | В. А. Моцарттын Бурггартендеги эстелиги. 1896.]]
[[File:ВЕНА77.png | thumb | В. А. Моцарттын Бурггартендеги эстелиги. 1896.]]
рөштүн очогу. 1918-жылдан Австрия Респ-нын борбору.
рөштүн очогу. 1918-жылдан Австрия Респпубликасынын борбору.
Венага өлкөнүн жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 1/3инен ашыгы туура келет. Машина куруу (транспорт, радиоэлектроника, электр-техника, станок, прибор куруу, айыл чарба машиналары), полиграфия, химия-фармацевтика, тигүү, текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштеп, аялдардын модалуу кийимдери, трикотаж, шляпа, кооз эмеректер, музыкалык аспаптар чыгарылат. Шаарда Австриядагы эӊ ири нефть ажыратуучу завод иштейт. Ыйык Стефан собору (шаардын символу), роман, готика стилиндеги чиркөөлөр, ратуша, парк фонтандары менен сарайлар, Бельведер, вилла сакталган. Шаардын борбордук бөлүгүндө соода үйлөрү, газометрлер курулуп, эстеликтер (император Иосиф IIге, В. А. Моцартка Бурггартенде, И. Штрауска, Ф. Шубертке) тургузулган. Венанын тарыхый борбору жана Шёнбрунн сарайы ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. ИА, 100дөн ашык илимий-изилдөө институттар, илимий коомдор, университеттер, асем искусство академиясы, 53 ири китепкана (анын ичинде парламенттин, улуттук ж. б.), музейлер (анын ичинде табигый-тарыхый ж. б.), Альбертина, сүрөт галереясы, гравюра кабинети, мемориалдык музейлер (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен, Ф. Шуберт, И. Штраус уулунун), З. Фрейддин үй-музейи, театрлар иштейт. Эки жылда бир бий, заманбап музыка, жыл сайын опера фестивалдары, 1982-жылдан «Бельведер» эл аралык вокалисттер конкурсу ж. б. өткөрүлөт. Дүйнөдөгү эӊ ири музыка басмасы «Universal Edition» (1901) иштейт.
Ад.: ''Сененко М. С''. Вена. М., 1970.

В-га өлкөнүн жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 1/3инен ашыгы туура келет. Машина куруу (транспорт, радиоэлектроника, электр-тех., станок, прибор куруу, а. ч. машиналары), полигр., хим.-фармацевтика, тигүү, текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштеп, аялдардын модалуу кийимдери, трикотаж, шляпа, кооз эмеректер, муз. аспаптар чыгарылат. Шаарда Австриядагы эӊ ири нефть ажыратуучу з-д иштейт. Ыйык Стефан собору (шаардын символу), роман, готика стилиндеги чиркөөлөр, ратуша, парк фонтандары м-н сарайлар, Бельведер, вилла сакталган. Шаардын борб. бөлүгүндө соода үйлөрү, газометрлер курулуп, эстеликтер (император Иосиф IIге, В. А. Моцартка Бурггартенде, И. Штрауска, Ф. Шубертке) тургузулган. В-нын тарыхый борбору ж-а Шёнбрунн сарайы ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. ИА, 100дөн ашык ил.-из. ин-ттар, ил. коомдор, ун-ттер, асем иск-во академиясы, 53 ири китепкана (а. и. парламенттин, улуттук ж. б.), музейлер (а. и. табигый-тарыхый ж. б.), Альбертина, сүрөт гал., гравюра кабинети, мемориалдык музейлер (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен, Ф. Шуберт, И. Штраус уулунун), З. Фрейддин үй-музейи, театрлар иштейт. Эки жылда бир бий, заманбап музыка, жыл сайын опера фестивалдары, 1982-жылдан «Бельведер» эл аралык вокалисттер конкурсу ж. б. өткөрүлөт. Дүйнөдөгү эӊ ири музыка басмасы «Universal Edition» (1901) иштейт.

Ад.: ''Сененко М. С''. Вена. М., 1970.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:20, 11 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕ́НА (Wien) – Австриянын борбор шаары. Өлкөнүн башкы экономикалык, маданий жана илимий борбору; өзүнчө административдик бирдикти түзөт (федерация жери статусуна ээ). Калкы 1,9 млн (2020; шаар агломерациясында 2,1 млн). Дунай дарыясынын боюнда, Вена Токою тоо массивинин этегинде жайгашкан. Өлкөнүн башкы жолдор тоому. Шаар айланта магистралдар (анын ичинде автобандар) жана те-

Шёнбрунн ак сарайы.

мир жол тармактары салынган. Эл аралык транзиттик мааниге ээ магистралдар: Франкфурт-на-Майне – Вена – Будапешт – Стамбул, Варшава – Вена – Милан, Берлин – Прага – Вена – Загреб. Ири жүк ташуучу авиаборбор. Эл аралык Вена-Швехат аэропорту, метрополитен бар. Деӊиз порту. Байыркы кельттердин тургун жайы; б. з. 1-кылымынан римдик Виндобона (же Виенна) аскер лагери. 1221-жылдан шаар. 16-кылымда императорлор резиденциясы, бирок иш жүзүндө Габсбургдар мамлекетинин, 1804-жылдан Австрия империясынын (1867–1918-жылдары Австрия-Венгриянын) борбору болгон. 18-кылымдын 1-жарымында Вена – европалык маданияттын, айрыкча музыканын өнүккөн жери. 1848–49-жылдары Австриядагы революциячыл кү-

В. А. Моцарттын Бурггартендеги эстелиги. 1896.

рөштүн очогу. 1918-жылдан Австрия Респпубликасынын борбору.
Венага өлкөнүн жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 1/3инен ашыгы туура келет. Машина куруу (транспорт, радиоэлектроника, электр-техника, станок, прибор куруу, айыл чарба машиналары), полиграфия, химия-фармацевтика, тигүү, текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштеп, аялдардын модалуу кийимдери, трикотаж, шляпа, кооз эмеректер, музыкалык аспаптар чыгарылат. Шаарда Австриядагы эӊ ири нефть ажыратуучу завод иштейт. Ыйык Стефан собору (шаардын символу), роман, готика стилиндеги чиркөөлөр, ратуша, парк фонтандары менен сарайлар, Бельведер, вилла сакталган. Шаардын борбордук бөлүгүндө соода үйлөрү, газометрлер курулуп, эстеликтер (император Иосиф IIге, В. А. Моцартка Бурггартенде, И. Штрауска, Ф. Шубертке) тургузулган. Венанын тарыхый борбору жана Шёнбрунн сарайы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. ИА, 100дөн ашык илимий-изилдөө институттар, илимий коомдор, университеттер, асем искусство академиясы, 53 ири китепкана (анын ичинде парламенттин, улуттук ж. б.), музейлер (анын ичинде табигый-тарыхый ж. б.), Альбертина, сүрөт галереясы, гравюра кабинети, мемориалдык музейлер (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен, Ф. Шуберт, И. Штраус уулунун), З. Фрейддин үй-музейи, театрлар иштейт. Эки жылда бир бий, заманбап музыка, жыл сайын опера фестивалдары, 1982-жылдан «Бельведер» эл аралык вокалисттер конкурсу ж. б. өткөрүлөт. Дүйнөдөгү эӊ ири музыка басмасы «Universal Edition» (1901) иштейт.
Ад.: Сененко М. С. Вена. М., 1970.