ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР ''' (Венецианов мектеби) – 19-к-дын 2-чейрегиндеги живописчилердин ж-а графиктердин тобу; А. Г. ''Венециановдон'' Санкт-Петербургда ж-а Тверь губерниясынын Сафонков кыш-нда окуган окуучулары. Анын ишмердиги 1820–40-жылдарга туш келет. Орус живописинде В-дын чыг-лыгы айыл жаратылышы м-н орус турмушун сүйкүмдүү, тереӊ, поэтикалуу чагылдырган багытты жараткан. В-дын сүйүктүү жанры – ''портрет'' (көбүнчө интерьердеги), ''пейзаж, интерьер'' ж-а натюрморт. В-дын көркөм багыты устаттын өзүнүн эмгектеринен келип чыгат: окуучу эӊ алгачкы этаптардан баштап эле натура м-н иштеген, күндөлүк турмушта адам баласын курчап турган турмуш-тиричилик буюмдары, жашоо интерьери, белгилүү бир орун ж. б. катары кызмат кылган. Бул болсо В-ды академиялык классицизм шарттуулуктарынан арылткан. А. Г. Венециановдун сунушу м-н анын көп окуучулары кийин Сүрөт академиясынан билим алышкан.  
'''ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР ''' (Венецианов мектеби) – XIX кылымдын 2-чейрегиндеги живописчилердин жана графиктердин тобу; А. Г. ''Венециановдон'' Санкт-Петербургда жана Тверь губерниясынын Сафонков кыштагында окуган окуучулары. Анын ишмердиги 1820–1840-жылдарга туш келет. Орус живописинде Венециановчулардын чыгармачылыгы айыл жаратылышы менен орус турмушун сүйкүмдүү, тереӊ, поэтикалуу чагылдырган багытты жараткан. Венециановчулардын сүйүктүү жанры – ''портрет'' (көбүнчө интерьердеги), ''пейзаж, интерьер'' жана натюрморт. Венециановчулардын көркөм багыты устаттын өзүнүн эмгектеринен келип чыгат: Окуучу эӊ алгачкы этаптардан баштап эле натура менен иштеген, күндөлүк турмушта адам баласын курчап турган турмуш-тиричилик буюмдары, жашоо интерьери, белгилүү бир орун жана башка катары кызмат кылган. Бул болсо Венециановчуларды академиялык классицизм шарттуулуктарынан арылткан. А. Г. Венециановдун сунушу менен анын көп окуучулары кийин Сүрөт академиясынан билим алышкан.
<br/>Ад.: ''Алексеева Т. В.'' Художники школы Венецианова. М., 1958.
 
[[Файл:Мектеби.jpg|left|thumb|А.&nbsp;Г. Венециановдун мектеби]]
<br />Ад.: ''Алексеева Т. В.'' Художники школы Венецианова. М., 1958.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:36, 12 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР (Венецианов мектеби) – XIX кылымдын 2-чейрегиндеги живописчилердин жана графиктердин тобу; А. Г. Венециановдон Санкт-Петербургда жана Тверь губерниясынын Сафонков кыштагында окуган окуучулары. Анын ишмердиги 1820–1840-жылдарга туш келет. Орус живописинде Венециановчулардын чыгармачылыгы айыл жаратылышы менен орус турмушун сүйкүмдүү, тереӊ, поэтикалуу чагылдырган багытты жараткан. Венециановчулардын сүйүктүү жанры – портрет (көбүнчө интерьердеги), пейзаж, интерьер жана натюрморт. Венециановчулардын көркөм багыты устаттын өзүнүн эмгектеринен келип чыгат: Окуучу эӊ алгачкы этаптардан баштап эле натура менен иштеген, күндөлүк турмушта адам баласын курчап турган турмуш-тиричилик буюмдары, жашоо интерьери, белгилүү бир орун жана башка катары кызмат кылган. Бул болсо Венециановчуларды академиялык классицизм шарттуулуктарынан арылткан. А. Г. Венециановдун сунушу менен анын көп окуучулары кийин Сүрөт академиясынан билим алышкан.

А. Г. Венециановдун мектеби


Ад.: Алексеева Т. В. Художники школы Венецианова. М., 1958.