ВЕТЕРИНАРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕТЕРИНА́РИЯ''' , в е т е р и н а р и я м е д и ц и н а с ы (лат. veterinarius – мал дарылоочу) – жаныбар ылаӊдарын изилдөөчү, ага каршы күрөшүү чараларын, адамды зооноздордон сактоо ыкмаларын иштеп чыгуучу, малдан вет.-санит. талаптарга жооп берген сапаттуу продукт алууга багытталган илимдер системасы. В. биол. илимдер циклине кирип, медицина, физика, химия ж. б. илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат. В. шарттуу түрдө үч топко бөлүнөт: 1) вет.-биол. дисциплиналар (анатомия, гистология, патол. физиология, фармакология, вет. микробиология, вет. вирусология ж. б.); соо ж-а ылаӊдаган жаныбарлардын дене түзүлүшүн, физиологиясын, дары-дармектердин таасирин ж. б. изилдейт; 2) клиникалык дисциплиналар (эпизоотология ж-а жугуштуу ылаӊдар, паразитология ж-а инвазиялык ылаӊдар, ички жугушсуз ылаӊдар, вет. хирургия, акушерлик, гинекология ж. б.), ал жаныбарлардын ар түрдүү ылаӊдарын изилдейт, аларга диагноз коюунун жолдорун тактайт, алдын алуу ж-а жок кылуу ыкмаларын табат; 3) вет.-санит. топ (вет.-санитария, зоогигиена, вет.-экспертиза ж. б.) айлана-чөйрөнүн жаныбарларга тийгизген таасирин, малдын кунардуулугун жогорулатуу ж-а алардан алынган продуктулардын сапатын көтөрүүнүн жолдорун изилдейт. Мал ылаӊдарын дарылоо ж-дөгү маалыматтар б. з. ч. 4-к-га таандык (Египет, Индия), кийин Грекияга, Римге, Араб мамлекеттерине таралган. В. медицина м-н тыгыз байланышта болуп, тез өнүккөн, 18-кдын экинчи жарымында В. мектептери Францияда, Германияда, Австрияда ачылган. 19-кдын башында В. ж-дө алгачкы гезит-журналдар жарык көрө баштаган. В-нын өнүгүшүнө Л. ''Пастер,'' Р. ''Кох,'' П. ''Эрлих,'' И. И. ''Мечников'' ж-а алардын окуучуларынын кошкон салымы чоӊ. Кыргыз эли байыртадан эле мал ылаӊдары м-н күрөшүп келишкен. Мис., ''сакоо'' м-н ылаӊдаган жылкынын ириӊ тепкен лимфа бездерин учтуу, курч бычак м-н жарып, ириӊин соо кулундун эринине сүйкөшкөн. Алар жеӊилирээк ооруп, сакоого каршы туруктуулук (иммунитет) пайда болгон. Койдун ''кара аксагын'' көк ташты күйгүзүп дарылаган же куйрук майды ысытып жара болгон жерге басышкан. ''Шарпка'' чалдыккан уйдун оозун кайнатма туздун эритмеси м-н чайкашкан. ''Желе куртка'' дуушар болгон жылкыны бекем таӊып, ириӊдеген жерин жарып, үстүн кызарта ысытылган жалпак темир калакча м-н кайрып дарылашкан. Бирок жугуштуу ылаӊдар м-н күрөшүү кыйын болгон, ''жугуштуу кара өпкө'' м-н ылаӊдаган эчкилерди отору м-н союп жок кылып, башка алыскы жайыттарга көчө качышкан. Малчылар итти ''кутурмадан'' сактоо үчүн каӊылжаарынын үстүн туурасынан кызарта ысытылган темир м-н кайрышкан. 1891-ж. Падышалык Россияга караган Түркстанда бодонун көк көйнөк (чума) ылаӊынын эпизоотиясы болуп, орус өкмөтү вет. адистерди (а. и. вет. врач С. Н. Осокин) Кырг-нга да жөнөткөн. Ошол эле жылы Чүй өрөөнүндөгү Чалдовар айылында биринчи вет. пункт ачылып, ага Россиядан келген вет. врач В. И. Захаров жетекчилик кылган. Кырг-нда вет. кызмат негизинен Октябрь рев-ясынан кийин калыптанган. 1917-жылдан 1970–80-жылдарга чейин мамл. вет. мекемелердин саны кескин көбөйгөн (1917–14; 1970–588; 1980–531) ж-а аларда эмгектенген вет. врачтардын саны да бир кыйла өскөн (1917–5; 1970–877; 1980–872). Кырг-нда В-нын өнүгүшүнө 1933-ж. түзүлгөн Зоовет. ин-тунда вет. ф-ттин ачылышы чоӊ түрткү болгон. 1950-жылдарда а. ч. малынын эпизоотиялык ылаӊдары күч алгандыктан, Кыргыз өкмөтү 1956-ж. эпизоотияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн өзгөчө вет. отрядды түзгөн. Ошол эле жылы өтө жугуштуу, улуттук экономикага чоӊ зыян алып келүүчү ылаӊдар м-н күрөшүү максатында ички иштер министрлиги атайын карантиндик милиция бөлүмүн уюштурган. Кырг-нда В-нын өз алдынча өнүгүшү эгемендүүлүккө жеткенден кийин башталып, 1992-ж. Эл аралык эпизоотиялык бюрого мүчө болуп катталды. 1992-ж. 6-мартта КРде биринчи «Ветеринария боюнча мыйзам» кабыл алы-
'''ВЕТЕРИНА́РИЯ''' , в е т е р и н а р и я     м е д и ц и н а с ы (лат. veterinarius – мал дарылоочу) – жаныбар ылаӊдарын изилдөөчү, ага каршы күрөшүү чараларын, адамды зооноздордон сактоо ыкмаларын иштеп чыгуучу, малдан ветеринариялык-санитариялык талаптарга жооп берген сапаттуу продукт алууга багытталган илимдер системасы. Ветеринария биологиялык илимдер циклине кирип, медицина, физика, химия ж. б. илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат. Ветеринария шарттуу түрдө үч топко бөлүнөт: 1) ветеринариялык-биологиялык дисциплиналар (анатомия, гистология, патологиялык физиология, фармакология, ветеринариялык микробиология, ветеринариялык вирусология ж. б.); соо ж-а ылаӊдаган жаныбарлардын дене түзүлүшүн, физиологиясын, дары-дармектердин таасирин ж. б. изилдейт; 2) клиникалык дисциплиналар (эпизоотология ж-а жугуштуу ылаӊдар, паразитология ж-а инвазиялык ылаӊдар, ички жугушсуз ылаӊдар, ветеринариялык хирургия, акушерлик, гинекология ж. б.), ал жаныбарлардын ар түрдүү ылаӊдарын изилдейт, аларга диагноз коюунун жолдорун тактайт, алдын алуу ж-а жок кылуу ыкмаларын табат; 3) ветеринариялык-санитариялык топ (ветеринариялык-санитария, зоогигиена, ветеринариялык-экспертиза ж. б.) айлана-чөйрөнүн жаныбарларга тийгизген таасирин, малдын кунардуулугун жогорулатуу ж-а алардан алынган продуктулардын сапатын көтөрүүнүн жолдорун изилдейт. Мал ылаӊдарын дарылоо жөнүндөгү маалыматтар б. з. ч. 4-кылымга таандык (Египет, Индия), кийин Грекияга, Римге, Араб мамлекеттерине таралган. Ветеринария медицина м-н тыгыз байланышта болуп, тез өнүккөн, 18-кылымдын экинчи жарымында ветеринария мектептери Францияда, Германияда, Австрияда ачылган. 19-кылымдын башында ветеринария жөнүндө алгачкы гезит-журналдар жарык көрө баштаган. Ветеринариянын өнүгүшүнө Л. ''Пастер,'' Р. ''Кох,'' П. ''Эрлих,'' И. И. ''Мечников'' ж-а алардын окуучуларынын кошкон салымы чоӊ. Кыргыз эли байыртадан эле мал ылаӊдары м-н күрөшүп келишкен. Мисалы, ''сакоо'' м-н ылаӊдаган жылкынын ириӊ тепкен лимфа бездерин учтуу, курч бычак м-н жарып, ириӊин соо кулундун эринине сүйкөп, эмдөө жүргүзгөн.. Алар жеӊилирээк ооруп, сакоого каршы туруктуулук (иммунитет) пайда болгон. Койдун ''кара аксагын'' көк ташты күйгүзүп дарылаган же куйрук майды ысытып жара болгон жерге басышкан. ''Шарпка'' чалдыккан уйдун оозун кайнатма туздун эритмеси м-н чайкашкан. ''Желе куртка'' дуушар болгон жылкыны бекем таӊып, ириӊдеген жерин жарып, үстүн кызарта ысытылган жалпак темир калакча м-н кайрып дарылашкан. Бирок жугуштуу ылаӊдар м-н күрөшүү кыйындыкка турган, ''жугуштуу кара өпкө'' м-н ылаӊдаган эчкилерди отору м-н союп жок кылып, башка алыскы жайыттарга көчө качышкан. Малчылар итти ''кутурмадан'' сактоо үчүн каӊылжаарынын үстүн туурасынан кызарта ысытылган темир м-н кайрышкан. 1891-жылы падышалык Россияга караган Түркстанда бодонун көк көйнөк (чума) ылаӊынын эпизоотиясы болуп, орус өкмөтү ветеринариялык адистерди (анын ичинде ветеринариялык врач С. Н. Осокин) Кыргызстанга да жөнөткөн. Ошол эле жылы Чүй өрөөнүндөгү Чалдовар айылында биринчи ветеринариялык пункт ачылып, ага Россиядан келген ветеринариялык врач В. И. Захаров жетекчилик кылган. Кыргызстанда ветеринариялык кызмат негизинен Октябрь революциясынан кийин калыптанган. 1917-жылдан 1970–80-жылдарга чейин мамлекеттик ветеринарлык мекемелердин саны кескин көбөйгөн (1917–14; 1970–588; 1980–531) ж-а аларда эмгектенген ветеринариялык врачтардын саны да бир кыйла өскөн (1917–5; 1970–877; 1980–872). Кыргызстанда ветеринариянын өнүгүшүнө 1933-жылы түзүлгөн зооветеринарлык институтта ветеринариялык факультеттин ачылышы чоӊ түрткү болгон. 1950-жылдарда айыл чарба малынын эпизоотиялык ылаӊдары күч алгандыктан, Кыргыз өкмөтү 1956-жылы эпизоотияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн өзгөчө ветеринариялык отрядды түзгөн. Ошол эле жылы өтө жугуштуу, улуттук экономикага чоӊ зыян алып келүүчү ылаӊдар м-н күрөшүү максатында ички иштер министрлиги атайын карантиндик милиция бөлүмүн уюштурган. Кыргызстанда ветеринариянын өз алдынча өнүгүшү эгемендүүлүккө жеткенден кийин башталып, 1992-жылы эл аралык эпизоотиялык бюрого мүчө болуп катталды. 1992-жылы 6-мартта КРде биринчи «Ветеринария боюнча мыйзам» кабыл алынып, ал толукталып, кайрадан иштелип  чыгып, КР Жогорку Кеңешии тарабынан 2005-жылы 12-апрелде кабыл алынган. Республикада мамлекеттик  ветеринариялык башкармалык түзүлүп, ага республикалык ветеринариялык  башкармалык түзүлүп,  ага республикалык ветеринариялык лаборатория,  ''Агрардык илим жана консультациялык кызмат борборунун'' Ветеринария илим-изилдөө контролдук иниституту (ветеринария  дары-дармектерди сертификаттоо  жана стандарттоо боюнча коптролдук лаборатория) , эпизоотияга каршы республикалык экспедиция, ветеринариялык  чек аралык көзөмөл  пункттары, чек ара жана карантиндик  кызматтын башкы башкармалыгы баш иет. Ылаңдардын алдын алуу жана дарылоо үчүн ар түрдүү  дары-дармектер, ылаңга каршы күрөшүүнүн  жаңы ыкмалары Кыргызстандын шартына ылайык иштелип чыккан. Кээ бир окумуштуулардын эмгеги жогору бааланып, СССР жана КРдин макмлекеттик  сыйлыктарынаа татыктуу болушкан ( А.А. Волкова,  Р.С. Полковникова, Ц.Ц. Хандуев, Э.Д. Иманов, Н.Е. Шкодин, В.М. Серов ж.б.)   
 
Ад.: Алдашев А.А., Этапы развития ветеринарии в Киргизии. Ф., 1989. Раимбеков Д.Р., Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарлдарынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2000.  Жунушов А.т., Ветеринария иштерин уюштуруу жана  анын экономикасы. Б., 1998.     
 
Д.Раимбенков.   
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:04, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ВЕТЕРИНА́РИЯ , в е т е р и н а р и я м е д и ц и н а с ы (лат. veterinarius – мал дарылоочу) – жаныбар ылаӊдарын изилдөөчү, ага каршы күрөшүү чараларын, адамды зооноздордон сактоо ыкмаларын иштеп чыгуучу, малдан ветеринариялык-санитариялык талаптарга жооп берген сапаттуу продукт алууга багытталган илимдер системасы. Ветеринария биологиялык илимдер циклине кирип, медицина, физика, химия ж. б. илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат. Ветеринария шарттуу түрдө үч топко бөлүнөт: 1) ветеринариялык-биологиялык дисциплиналар (анатомия, гистология, патологиялык физиология, фармакология, ветеринариялык микробиология, ветеринариялык вирусология ж. б.); соо ж-а ылаӊдаган жаныбарлардын дене түзүлүшүн, физиологиясын, дары-дармектердин таасирин ж. б. изилдейт; 2) клиникалык дисциплиналар (эпизоотология ж-а жугуштуу ылаӊдар, паразитология ж-а инвазиялык ылаӊдар, ички жугушсуз ылаӊдар, ветеринариялык хирургия, акушерлик, гинекология ж. б.), ал жаныбарлардын ар түрдүү ылаӊдарын изилдейт, аларга диагноз коюунун жолдорун тактайт, алдын алуу ж-а жок кылуу ыкмаларын табат; 3) ветеринариялык-санитариялык топ (ветеринариялык-санитария, зоогигиена, ветеринариялык-экспертиза ж. б.) айлана-чөйрөнүн жаныбарларга тийгизген таасирин, малдын кунардуулугун жогорулатуу ж-а алардан алынган продуктулардын сапатын көтөрүүнүн жолдорун изилдейт. Мал ылаӊдарын дарылоо жөнүндөгү маалыматтар б. з. ч. 4-кылымга таандык (Египет, Индия), кийин Грекияга, Римге, Араб мамлекеттерине таралган. Ветеринария медицина м-н тыгыз байланышта болуп, тез өнүккөн, 18-кылымдын экинчи жарымында ветеринария мектептери Францияда, Германияда, Австрияда ачылган. 19-кылымдын башында ветеринария жөнүндө алгачкы гезит-журналдар жарык көрө баштаган. Ветеринариянын өнүгүшүнө Л. Пастер, Р. Кох, П. Эрлих, И. И. Мечников ж-а алардын окуучуларынын кошкон салымы чоӊ. Кыргыз эли байыртадан эле мал ылаӊдары м-н күрөшүп келишкен. Мисалы, сакоо м-н ылаӊдаган жылкынын ириӊ тепкен лимфа бездерин учтуу, курч бычак м-н жарып, ириӊин соо кулундун эринине сүйкөп, эмдөө жүргүзгөн.. Алар жеӊилирээк ооруп, сакоого каршы туруктуулук (иммунитет) пайда болгон. Койдун кара аксагын көк ташты күйгүзүп дарылаган же куйрук майды ысытып жара болгон жерге басышкан. Шарпка чалдыккан уйдун оозун кайнатма туздун эритмеси м-н чайкашкан. Желе куртка дуушар болгон жылкыны бекем таӊып, ириӊдеген жерин жарып, үстүн кызарта ысытылган жалпак темир калакча м-н кайрып дарылашкан. Бирок жугуштуу ылаӊдар м-н күрөшүү кыйындыкка турган, жугуштуу кара өпкө м-н ылаӊдаган эчкилерди отору м-н союп жок кылып, башка алыскы жайыттарга көчө качышкан. Малчылар итти кутурмадан сактоо үчүн каӊылжаарынын үстүн туурасынан кызарта ысытылган темир м-н кайрышкан. 1891-жылы падышалык Россияга караган Түркстанда бодонун көк көйнөк (чума) ылаӊынын эпизоотиясы болуп, орус өкмөтү ветеринариялык адистерди (анын ичинде ветеринариялык врач С. Н. Осокин) Кыргызстанга да жөнөткөн. Ошол эле жылы Чүй өрөөнүндөгү Чалдовар айылында биринчи ветеринариялык пункт ачылып, ага Россиядан келген ветеринариялык врач В. И. Захаров жетекчилик кылган. Кыргызстанда ветеринариялык кызмат негизинен Октябрь революциясынан кийин калыптанган. 1917-жылдан 1970–80-жылдарга чейин мамлекеттик ветеринарлык мекемелердин саны кескин көбөйгөн (1917–14; 1970–588; 1980–531) ж-а аларда эмгектенген ветеринариялык врачтардын саны да бир кыйла өскөн (1917–5; 1970–877; 1980–872). Кыргызстанда ветеринариянын өнүгүшүнө 1933-жылы түзүлгөн зооветеринарлык институтта ветеринариялык факультеттин ачылышы чоӊ түрткү болгон. 1950-жылдарда айыл чарба малынын эпизоотиялык ылаӊдары күч алгандыктан, Кыргыз өкмөтү 1956-жылы эпизоотияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн өзгөчө ветеринариялык отрядды түзгөн. Ошол эле жылы өтө жугуштуу, улуттук экономикага чоӊ зыян алып келүүчү ылаӊдар м-н күрөшүү максатында ички иштер министрлиги атайын карантиндик милиция бөлүмүн уюштурган. Кыргызстанда ветеринариянын өз алдынча өнүгүшү эгемендүүлүккө жеткенден кийин башталып, 1992-жылы эл аралык эпизоотиялык бюрого мүчө болуп катталды. 1992-жылы 6-мартта КРде биринчи «Ветеринария боюнча мыйзам» кабыл алынып, ал толукталып, кайрадан иштелип чыгып, КР Жогорку Кеңешии тарабынан 2005-жылы 12-апрелде кабыл алынган. Республикада мамлекеттик ветеринариялык башкармалык түзүлүп, ага республикалык ветеринариялык башкармалык түзүлүп, ага республикалык ветеринариялык лаборатория, Агрардык илим жана консультациялык кызмат борборунун Ветеринария илим-изилдөө контролдук иниституту (ветеринария дары-дармектерди сертификаттоо жана стандарттоо боюнча коптролдук лаборатория) , эпизоотияга каршы республикалык экспедиция, ветеринариялык чек аралык көзөмөл пункттары, чек ара жана карантиндик кызматтын башкы башкармалыгы баш иет. Ылаңдардын алдын алуу жана дарылоо үчүн ар түрдүү дары-дармектер, ылаңга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмалары Кыргызстандын шартына ылайык иштелип чыккан. Кээ бир окумуштуулардын эмгеги жогору бааланып, СССР жана КРдин макмлекеттик сыйлыктарынаа татыктуу болушкан ( А.А. Волкова, Р.С. Полковникова, Ц.Ц. Хандуев, Э.Д. Иманов, Н.Е. Шкодин, В.М. Серов ж.б.)

Ад.: Алдашев А.А., Этапы развития ветеринарии в Киргизии. Ф., 1989. Раимбеков Д.Р., Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарлдарынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2000. Жунушов А.т., Ветеринария иштерин уюштуруу жана анын экономикасы. Б., 1998.

Д.Раимбенков.