ВЕНЕРОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕНЕРОЛ́ОГИЯ (''' лат. venus – сүйүү кудайы ж-а ...''логия'') – медицинанын ''венера ооруларынын'' пайда болуу себептерин, таралуусун, диагностикасын ж-а клиникалык өөрчүшүн изилдөөчү, о. эле аларды дарылоо ж-а алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. В. ''дерматология'' ж. б. мед. илимдер м-н тыгыз байланыштуу. Көп убакыт ''котон жара'' м-н ''сүзөктү'' бир оору деп эсептешкен. 1879-ж. немец венерологу А. Нейссер сүзөк козгогучун – гонококкту таап, анын өзүнчө оору экенин аныктаган. 1905-ж. немис илимпоздору Ф. Шаудин ж-а Э. Гофман котон жара козгогучу – спирохетаны табышкан. Венера ооруларынын козгогучтарынын биологиясын изилдөөгө орус окумуштуу А. Я. Виленчук, амер. окумуштуулар Х. Э. Мортон, Т. Ф. Андерсон, Р. А. Нельсон, фр. окумуштуу Ф. Жанель, англ. окумуштуу А. Уилсон ж. б. өз эмгектерин арнаган. Сов. окумуштуу Н. М. Овчиников электрондук микроскоптун жардамы м-н спирохетталар, лептоспирлер ж. б-дын өсүшү м-н түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн ачкан. Котон жарадан ички органдардын, нерв системасынын жабыркоосун диагноздоо ж-а дарылоо өзгөчөлүгү, котон жараны диагноздоо үчүн жаӊы иммундук флюоресценция реакциясы иштелип чыккан ж-а практикага киргизилген.  
'''ВЕНЕРОЛО́ГИЯ''' ( лат. venus – сүйүү кудайы ж-а ...''логия'') – медицинанын ''венера ооруларынын'' пайда болуу себептерин, таралуусун, диагностикасын жана клиникалык өөрчүшүн изилдөөчү, ошондой эле аларды дарылоо жана алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Венерология ''дерматология'' жана башка медициналык илимдер менен тыгыз байланыштуу. Көп убакыт ''котон жара'' менен ''сүзөктү'' бир оору деп эсептешкен. 1879-жылы немец венерологу А. Нейссер сүзөк козгогучун – гонококкту таап, анын өзүнчө оору экенин аныктаган. 1905-жылы немис илимпоздору Ф. Шаудин жана Э. Гофман котон жара козгогучу – спирохетаны табышкан. Венера ооруларынын козгогучтарынын биологиясын изилдөөгө орус окумуштуусу А. Я. Виленчук, америкалык окумуштуулар Х. Э. Мортон, Т. Ф. Андерсон, Р. А. Нельсон, француздук окумуштуу Ф. Жанель, англиялык окумуштуу А. Уилсон ж. б. өз эмгектерин арнаган. Советтик окумуштуу Н. М. Овчиников электрондук микроскоптун жардамы менен спирохеталар, лептоспиралар ж. б-дын өсүшү менен түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн ачкан. Котон жарадан ички органдардын, нерв системасынын жабыркоосун диагноздоо жана дарылоо өзгөчөлүгү, котон жараны диагноздоо үчүн жаӊы иммундук флюоресценция реакциясы иштелип чыккан жана практикага киргизилген.  
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:13, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ВЕНЕРОЛО́ГИЯ ( лат. venus – сүйүү кудайы ж-а ...логия) – медицинанын венера ооруларынын пайда болуу себептерин, таралуусун, диагностикасын жана клиникалык өөрчүшүн изилдөөчү, ошондой эле аларды дарылоо жана алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Венерология дерматология жана башка медициналык илимдер менен тыгыз байланыштуу. Көп убакыт котон жара менен сүзөктү бир оору деп эсептешкен. 1879-жылы немец венерологу А. Нейссер сүзөк козгогучун – гонококкту таап, анын өзүнчө оору экенин аныктаган. 1905-жылы немис илимпоздору Ф. Шаудин жана Э. Гофман котон жара козгогучу – спирохетаны табышкан. Венера ооруларынын козгогучтарынын биологиясын изилдөөгө орус окумуштуусу А. Я. Виленчук, америкалык окумуштуулар Х. Э. Мортон, Т. Ф. Андерсон, Р. А. Нельсон, француздук окумуштуу Ф. Жанель, англиялык окумуштуу А. Уилсон ж. б. өз эмгектерин арнаган. Советтик окумуштуу Н. М. Овчиников электрондук микроскоптун жардамы менен спирохеталар, лептоспиралар ж. б-дын өсүшү менен түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн ачкан. Котон жарадан ички органдардын, нерв системасынын жабыркоосун диагноздоо жана дарылоо өзгөчөлүгү, котон жараны диагноздоо үчүн жаӊы иммундук флюоресценция реакциясы иштелип чыккан жана практикага киргизилген.