ГАДАМЕР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГА́ДАМЕР ''' (Gadamer) Ханс-Георг (11.2.1900, Марбург – 13.3.2002, Гейдельберг) – немец философу, 20- | '''ГА́ДАМЕР ''' (Gadamer) '''Ханс-Георг''' (11.2.1900, Марбург – 13.3.2002, Гейдельберг) – немец философу, 20-кылымдын орто ченинде пайда болгон философиялык ''герменевтика'' (классикалык тексттерди ж-а андагы маӊыздык жагдайларды чечмелөө) теориясынын негиздөөчүсү. Тексттерди түшүнүүнүн методологиясын иштеп чыгуу м-н гана чектелген мурдагы герменевтикадан айырмаланып, философиялык герменевтикалык түшүнүү ж-а түшүндүрүү илиминин теориясы болуп саналат. Гадамердин негизги эмгеги «Акыйкат жана метод» (1960) Дильтейдин түшүнүүчү психология идеясына, Гуссерлдин «горизонт», «өмүр дүйнөсү» теориясына ж-а Хайдеггердин тил жөнүндөгү окуусуна таянуу м-н философиялык герменевтика концепциясын гуманитардык илимдердин методу катары гана эмес, кайсы бир даражада өзүнчө онтология катары да өнүктүргөн. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:27, 8 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГА́ДАМЕР (Gadamer) Ханс-Георг (11.2.1900, Марбург – 13.3.2002, Гейдельберг) – немец философу, 20-кылымдын орто ченинде пайда болгон философиялык герменевтика (классикалык тексттерди ж-а андагы маӊыздык жагдайларды чечмелөө) теориясынын негиздөөчүсү. Тексттерди түшүнүүнүн методологиясын иштеп чыгуу м-н гана чектелген мурдагы герменевтикадан айырмаланып, философиялык герменевтикалык түшүнүү ж-а түшүндүрүү илиминин теориясы болуп саналат. Гадамердин негизги эмгеги «Акыйкат жана метод» (1960) Дильтейдин түшүнүүчү психология идеясына, Гуссерлдин «горизонт», «өмүр дүйнөсү» теориясына ж-а Хайдеггердин тил жөнүндөгү окуусуна таянуу м-н философиялык герменевтика концепциясын гуманитардык илимдердин методу катары гана эмес, кайсы бир даражада өзүнчө онтология катары да өнүктүргөн.