ГАЙДАМАКТАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ГАЙДАМА́КТАР to ГАЙДАМАКТАР) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАЙДАМА́КТАР''' (түркчө «каракчы») – украин дыйкан-козголоңчулары. Гайдамак кыймылы 1710- | '''ГАЙДАМА́КТАР''' (түркчө «каракчы») – украин дыйкан-козголоңчулары. Гайдамак кыймылы 1710-жылы Украинанын оң жээгинде пайда болуп, жергиликтүү ак сөөктөргө (польшалык дворяндар) ж-а католик чиркөөлөрүнө каршы багытталган. Алар еврей калкынын тагдырына терс таасир тийгизген. Гайдамактардын отряды негизинен Днепр аймагынын талааларында өз ээлеринен баш калкалап качкан крепостнойлордон турган. Алардын катарына шаардын кедейлери, украин элинин жакыр мүчөлөрү, төмөнкү православдык диний жетекчилер, Россиядан качып кеткен эски динге ишенгендер ж. б. кирген. Гайдамактар өздөрүн Б. Хмельницкийдин жолун жолдоочулар деп эсептешип, Россия бийликтеринин ж-а православие чиркөөсүнүн колдоосуна ээ болушкан. Гайдамактар өтүп бара жаткан соодагерлерди, чакан калктуу конуштарды (негизинен ал жакта еврей-ижарачылар жашаган) каракташкан ж-а еврей шаарчаларын тоношкон. Гайдамактар көтөрүлүшүндө (1734, 1750, 1768) бир нече шаарларды басып алышып, еврейлерди кырып салган. Украин фольклорунда ж-а адабияттарында Гайдамактар жөнүндө идеялар камтылган (Т. Шевченко, «Хайдамаки», 1841). Украиналык тарыхнамада Гайдамактар улуттук көз карандысыздык үчүн күрөшкөндөр катары каралат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:50, 12 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГАЙДАМА́КТАР (түркчө «каракчы») – украин дыйкан-козголоңчулары. Гайдамак кыймылы 1710-жылы Украинанын оң жээгинде пайда болуп, жергиликтүү ак сөөктөргө (польшалык дворяндар) ж-а католик чиркөөлөрүнө каршы багытталган. Алар еврей калкынын тагдырына терс таасир тийгизген. Гайдамактардын отряды негизинен Днепр аймагынын талааларында өз ээлеринен баш калкалап качкан крепостнойлордон турган. Алардын катарына шаардын кедейлери, украин элинин жакыр мүчөлөрү, төмөнкү православдык диний жетекчилер, Россиядан качып кеткен эски динге ишенгендер ж. б. кирген. Гайдамактар өздөрүн Б. Хмельницкийдин жолун жолдоочулар деп эсептешип, Россия бийликтеринин ж-а православие чиркөөсүнүн колдоосуна ээ болушкан. Гайдамактар өтүп бара жаткан соодагерлерди, чакан калктуу конуштарды (негизинен ал жакта еврей-ижарачылар жашаган) каракташкан ж-а еврей шаарчаларын тоношкон. Гайдамактар көтөрүлүшүндө (1734, 1750, 1768) бир нече шаарларды басып алышып, еврейлерди кырып салган. Украин фольклорунда ж-а адабияттарында Гайдамактар жөнүндө идеялар камтылган (Т. Шевченко, «Хайдамаки», 1841). Украиналык тарыхнамада Гайдамактар улуттук көз карандысыздык үчүн күрөшкөндөр катары каралат.