ГАЙДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГАЙДА́Р ''' (Г о л и к о в) Аркадий Петрович [9(22). 1. 1904, Льгов, азыркы Курск обл. – 26. 10. 1941, Черкас обл., Канев р-ну] – балдар жазуучусу, сценарист, журналист, орус балдар ад-тын негиздөөчүлөрдүн бири. 1918-ж. ыктыяры м-н Кызыл Армияга кирип, кийин Киевдеги жөө аскерлер курсун бүтүргөн. 16 жашында полкко командир болгон. Ал согуштан бир нече ирет жараат алгандыктан, 1924-ж. армиядан бошотулган. Анын чыг-лыгы 1925-жылдан башталган. «Мектеп» (1930) аттуу өмүр баяндык повестинде жаш өспүрүмдөрдүн башынан өткөргөн рев-ялык күрөшү чагылдырылган. Ал – «Алыскы өлкөлөр» (1932), «Согуш сыры» (1935), «Барабанчынын тагдыры» (1939) повесттеринин ж-а «Көгүлтүр чыны» (1936) аӊгемесинин автору. Бул чыгармаларында жазуучу жаӊы турмуштун курулушун, адеп-ахлактык ж-а атуулдук тарбиянын татаал проблемаларын чагылдырган. «Чук жана Гек» (1939) повестинде Ата мекенге болгон мээримди даӊазаласа, «Тимур жана анын командасы» (1940) повестинде жаш жеткинчектердин атуулдук демилгесин сүрөттөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда «Комсомольская правда» гезитинде кабарчы болуп иштеген; согушта баатырларча курман болгон. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, а. и. кыргыз тилине да которулган.
[[Файл:Аркадий Гайдар.jpg|left|thumb|А. П. Гайдар]]
[[Файл:Китептери.jpg|thumb|Китептери]]
'''ГАЙДА́Р ''' (Г о л и к о в) '''Аркадий Петрович''' [9(22). 1. 1904, Льгов, азыркы Курск облусу – 26. 10. 1941, Черкас облусу, Канев району] – балдар жазуучусу, сценарист, журналист, орус балдар адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири. 1918-жылы ыктыяры менен Кызыл Армияга кирип, кийин Киевдеги жөө аскерлер курсун бүтүргөн. 16 жашында полкко командир болгон. Ал согуштан бир нече ирет жараат алгандыктан, 1924-жылы армиядан бошотулган. Анын чыгармачылыгы 1925-жылдан башталган. «Мектеп» (1930) аттуу өмүр баяндык повестинде жаш өспүрүмдөрдүн башынан өткөргөн революциялык күрөшү чагылдырылган. Ал – «Алыскы өлкөлөр» (1932), «Согуш сыры» (1935), «Барабанчынын тагдыры» (1939) повесттеринин жана «Көгүлтүр чыны» (1936) аӊгемесинин автору. Бул чыгармаларында жазуучу жаӊы турмуштун курулушун, адеп-ахлактык жана атуулдук тарбиянын татаал проблемаларын чагылдырган. «Чук жана Гек» (1939) повестинде Ата Мекенге болгон мээримди даӊазаласа, «Тимур жана анын командасы» (1940) повестинде жаш жеткинчектердин атуулдук демилгесин сүрөттөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда «Комсомольская правда» гезитинде кабарчы болуп иштеген; согушта баатырларча курман болгон. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.  
 
 
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:37, 15 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

А. П. Гайдар
Китептери

ГАЙДА́Р (Г о л и к о в) Аркадий Петрович [9(22). 1. 1904, Льгов, азыркы Курск облусу – 26. 10. 1941, Черкас облусу, Канев району] – балдар жазуучусу, сценарист, журналист, орус балдар адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири. 1918-жылы ыктыяры менен Кызыл Армияга кирип, кийин Киевдеги жөө аскерлер курсун бүтүргөн. 16 жашында полкко командир болгон. Ал согуштан бир нече ирет жараат алгандыктан, 1924-жылы армиядан бошотулган. Анын чыгармачылыгы 1925-жылдан башталган. «Мектеп» (1930) аттуу өмүр баяндык повестинде жаш өспүрүмдөрдүн башынан өткөргөн революциялык күрөшү чагылдырылган. Ал – «Алыскы өлкөлөр» (1932), «Согуш сыры» (1935), «Барабанчынын тагдыры» (1939) повесттеринин жана «Көгүлтүр чыны» (1936) аӊгемесинин автору. Бул чыгармаларында жазуучу жаӊы турмуштун курулушун, адеп-ахлактык жана атуулдук тарбиянын татаал проблемаларын чагылдырган. «Чук жана Гек» (1939) повестинде Ата Мекенге болгон мээримди даӊазаласа, «Тимур жана анын командасы» (1940) повестинде жаш жеткинчектердин атуулдук демилгесин сүрөттөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда «Комсомольская правда» гезитинде кабарчы болуп иштеген; согушта баатырларча курман болгон. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.