ГЕЛИФАКС: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕ́ЛИФАКС''' , Х а л и ф а к с – Канаданын | '''ГЕ́ЛИФАКС''' , Х а л и ф а к с – Канаданын түштүк-чыгышындагы шаар. Жаӊы Шотландия провинциясынын административдик борбору. Калкы 431,1 миӊ (2017). Жолдор тоому. Атлантика океанындагы тоӊбогон бухтадагы ири деӊиз порту (14 млн т жүк ташылат; негизинен нефть импорттолот). Эл аралык аэропорту бар. 1749-жылы негизделген. 1842-жылдан шаар. Чеп (1828–56, саат мунарасы м-н, учурда Аскер музейи), мунара (1796 –97), өкмөт үйү, университеттер (анын ичинде король коллежи, техникалык, искусство ж. б.), океан изилдөө борбору, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар бар. Өнөр жайынын башкы тармагы – кеме куруу ж-а нефть ажыратуу. Ошондой эле автомобиль куруу, электроника, эмерек, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:38, 21 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕ́ЛИФАКС , Х а л и ф а к с – Канаданын түштүк-чыгышындагы шаар. Жаӊы Шотландия провинциясынын административдик борбору. Калкы 431,1 миӊ (2017). Жолдор тоому. Атлантика океанындагы тоӊбогон бухтадагы ири деӊиз порту (14 млн т жүк ташылат; негизинен нефть импорттолот). Эл аралык аэропорту бар. 1749-жылы негизделген. 1842-жылдан шаар. Чеп (1828–56, саат мунарасы м-н, учурда Аскер музейи), мунара (1796 –97), өкмөт үйү, университеттер (анын ичинде король коллежи, техникалык, искусство ж. б.), океан изилдөө борбору, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар бар. Өнөр жайынын башкы тармагы – кеме куруу ж-а нефть ажыратуу. Ошондой эле автомобиль куруу, электроника, эмерек, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет.