ГАЛЛИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГА́ЛЛИЯ ''' (лат. Gallia) – Европадагы тарыхый аймак. Азыркы | '''ГА́ЛЛИЯ ''' (лат. Gallia) – Европадагы тарыхый аймак. Азыркы Түндүк Италияны, Францияны, Люксембургду, Бельгияны ж-а Нидерланд м-н Швейцариянын бир бөлүгүн камтыган. Б. з. ч. 6-кылымдан Галлияны ''кельттер'' мекендеп, римдиктер аларды ''галлдар'' деп аташкан («Галлия» ушундан чыккан). Римдиктер б. з. ч. 220-жыл ченде По дарыясы м-н Альпынын аралыгындагы жерлерди каратып, римдик провинцияга (Цизальпы Галлиясы) айландырган. Б. з. ч. 58–51-жылдары Цезарь Галлиянын калган бөлүгүн басып алып, мында 4 римдик провинция (Нарбонн Галлиясы, Лугдун Галлиясы, Аквитания ж-а Белгика) түзүлгөн. Б. з. 3-кылымынын орто чендеринде Рим империясынын ички ж-а тышкы абалынын оорлошуна байланыштуу анын курамынан 258-жылы Галлия, ошондой эле Британия ж-а Испания бөлүнүп чыгып, Постум жетектеген өз алдынча империя түзүлөт. Галлия империясы 15 жыл өз алдынча мамлекет катары жашап, анын акыркы башкаруучусу Тетриктин (270–273-жылдары башкарган) тушунда өлкөдө башталган аскерлердин көтөрүлүштөрү мамлекеттин кыйроосуна алып келип, ал өзү император Аврелианга багынып берип, Галлия Рим империясына кайра кошулган. ''Варварлардын'' Галлияга басып киришинин натыйжасында Рейнде 406-жылы Бургунддар мамлекети түзүлгөн. Мына ушундан кийин герман уруулары Галлия жерин улам басып ала берген да, франк королу Хлодвиг 486-жылы Галлияны Франк мамлекетинин курамына толук караткан. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
02:43, 13 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГА́ЛЛИЯ (лат. Gallia) – Европадагы тарыхый аймак. Азыркы Түндүк Италияны, Францияны, Люксембургду, Бельгияны ж-а Нидерланд м-н Швейцариянын бир бөлүгүн камтыган. Б. з. ч. 6-кылымдан Галлияны кельттер мекендеп, римдиктер аларды галлдар деп аташкан («Галлия» ушундан чыккан). Римдиктер б. з. ч. 220-жыл ченде По дарыясы м-н Альпынын аралыгындагы жерлерди каратып, римдик провинцияга (Цизальпы Галлиясы) айландырган. Б. з. ч. 58–51-жылдары Цезарь Галлиянын калган бөлүгүн басып алып, мында 4 римдик провинция (Нарбонн Галлиясы, Лугдун Галлиясы, Аквитания ж-а Белгика) түзүлгөн. Б. з. 3-кылымынын орто чендеринде Рим империясынын ички ж-а тышкы абалынын оорлошуна байланыштуу анын курамынан 258-жылы Галлия, ошондой эле Британия ж-а Испания бөлүнүп чыгып, Постум жетектеген өз алдынча империя түзүлөт. Галлия империясы 15 жыл өз алдынча мамлекет катары жашап, анын акыркы башкаруучусу Тетриктин (270–273-жылдары башкарган) тушунда өлкөдө башталган аскерлердин көтөрүлүштөрү мамлекеттин кыйроосуна алып келип, ал өзү император Аврелианга багынып берип, Галлия Рим империясына кайра кошулган. Варварлардын Галлияга басып киришинин натыйжасында Рейнде 406-жылы Бургунддар мамлекети түзүлгөн. Мына ушундан кийин герман уруулары Галлия жерин улам басып ала берген да, франк королу Хлодвиг 486-жылы Галлияны Франк мамлекетинин курамына толук караткан.