ГАЛОГЕНДЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАЛОГЕНДЕР ''' (гр. hfls – туз ж-а ...''ген) – элементтердин мезгилдик системасынын'' VII тобунун башкы топчосун түзүүчү | '''ГАЛОГЕНДЕР ''' (гр. hfls – туз ж-а ...''ген) – элементтердин мезгилдик системасынын'' VII тобунун башкы топчосун түзүүчү химиялык элементтер (''фтор'' F, ''хлор'' С1, ''бром'' Вr, иод I, ''астат'' Аt). Металлдар м-н кошулганда туз пайда кылгандыктан, галогендер деп аталат. Галогендердин молекулалары 2 атомдон турат. Сырткы электрондук деӊгээлинде 7 электрон болуп, туруктуу деӊгээл пайда кылууга 1 электрон жетпейт. ''Металлдар'' м-н кошулганда алардын бир электронун өзүнө тартып алып, күчтүү окистендиргич касиетке ээ болот. Алар – реакцияга абдан тез кирүүчү металлоиддер (астаттан башкасы). Көпчүлүк элементтер м-н түздөн-түз кошулуп, галогениддерди пайда кылат. Фтордон иодду көздөй атомдук радиусунун чоӊоюшу м-н химиялык активдүүлүгү төмөндөйт. Кадимки шартта фтор м-н хлор – газ, бром – суюк, иод м-н астат – катуу зат. Астат – радиоактивдүү элемент. Суу м-н кадимки шартта газ абалында сууда жакшы эрүүчү галогендүү суутекти пайда кылат. Алардын суудагы эритмелери – күчтүү кислоталар. Эритмеде ар бир галоген өзүнөн кийинки галогендин атомун металл ж-а суутек бирикмелеринен сүрүп чыгарат. Мүнөздүү окистенүү даражасы –1 (Fдон башкасы); айрым бирикмелеринде окистенүү даражасы +1, +3, +5, +7. | ||
Ад''.: Асанов Ү. А., Кудайбергенов Т. Т., Рысмендеев К. Р.'' Жалпы химия. Б., 1998. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:11, 28 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ГАЛОГЕНДЕР (гр. hfls – туз ж-а ...ген) – элементтердин мезгилдик системасынын VII тобунун башкы топчосун түзүүчү химиялык элементтер (фтор F, хлор С1, бром Вr, иод I, астат Аt). Металлдар м-н кошулганда туз пайда кылгандыктан, галогендер деп аталат. Галогендердин молекулалары 2 атомдон турат. Сырткы электрондук деӊгээлинде 7 электрон болуп, туруктуу деӊгээл пайда кылууга 1 электрон жетпейт. Металлдар м-н кошулганда алардын бир электронун өзүнө тартып алып, күчтүү окистендиргич касиетке ээ болот. Алар – реакцияга абдан тез кирүүчү металлоиддер (астаттан башкасы). Көпчүлүк элементтер м-н түздөн-түз кошулуп, галогениддерди пайда кылат. Фтордон иодду көздөй атомдук радиусунун чоӊоюшу м-н химиялык активдүүлүгү төмөндөйт. Кадимки шартта фтор м-н хлор – газ, бром – суюк, иод м-н астат – катуу зат. Астат – радиоактивдүү элемент. Суу м-н кадимки шартта газ абалында сууда жакшы эрүүчү галогендүү суутекти пайда кылат. Алардын суудагы эритмелери – күчтүү кислоталар. Эритмеде ар бир галоген өзүнөн кийинки галогендин атомун металл ж-а суутек бирикмелеринен сүрүп чыгарат. Мүнөздүү окистенүү даражасы –1 (Fдон башкасы); айрым бирикмелеринде окистенүү даражасы +1, +3, +5, +7.
Ад.: Асанов Ү. А., Кудайбергенов Т. Т., Рысмендеев К. Р. Жалпы химия. Б., 1998.