ГАНА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГА́НА''' , Г а н а Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Батышынан Кот-д’Ивуар, | '''ГА́НА''' , Г а н а Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Батышынан Кот-д’Ивуар, түндүк-батышынан ж-а түндүгүнөн Буркино-Фасо,

[[File:ГАНА50.png | thumb | none]] | [[File:ГАНА50.png | thumb | none]] | ||
чыгышынан Того м-н чектешет. Түштүгүнөн Гвинея булуӊу чулгап жатат. Аянты 241,9 миӊ ''км''2. Калкы 31,7 млн (2020). | чыгышынан Того м-н чектешет. Түштүгүнөн Гвинея булуӊу чулгап жатат. Аянты 241,9 миӊ ''км''2. Калкы 31,7 млн (2020). Мамлекеттик тили – англис тили. Борбору – Аккра шаары. Административдик-аймактык жактан 10 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги – седи. Гана – БУУнун (1957), Африка союзунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1957) ж. б-дын мүчөсү. | ||

Таблица бар | |||

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006) |
Таблица бар | ||

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006) | ||

Гана – унитардык мамлекет, ''Шериктештиктин'' курамына кирет. Конституциясы 1992-жылы 28-апрелде кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигин президент жетектеген Министрлер кеӊеши жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Жаӊы патриоттуулук партиясы, Улуттук демократиялык конгресс ж-а Элдик улуттук конвент.
Гананын аймагы түздүктүү келип, борбордук бөлүгүн кенен плато (бийиктиги 500 ''м'') ээлеп жатат. Атакора тоосунун (бийиктиги 876 ''м''ге чейин) түштүк

[[File:ГАНА51.png | thumb | Босумтви көлү.]] | [[File:ГАНА51.png | thumb | Босумтви көлү.]] | ||
бөлүгү | бөлүгү Гананын аймагына кирип турат. Кен байлыктарга (боксит, марганец, алтын, алмаз, темир ж. б.) бай. Климаты субэкватордук-муссондук. Эӊ жылуу (март) айынын орточо температурасы түштүгүндө 27°Сден түндүгүндө 33°Сге чейин, эӊ суук (август) айыныкы 23°С – 26°С. Жылдык жаан-чачыны 1800–2200 ''мм'', суу тармактары жыш, эӊ ири дарыясы – Вольта. Аймагынын басымдуу бөлүгүн саванна, 10%ке жакынын токой ээлейт. Жалпы аянты 3,7 млн ''га'' болгон

[[File:ГАНА52.png | thumb | Саванна ландшафты.]] | [[File:ГАНА52.png | thumb | Саванна ландшафты.]] | ||
коргоого алынган 321 табигый аймагы бар; | коргоого алынган 321 табигый аймагы бар; анын ичинен Моле, Дигья, Боди улуттук парктары уюштурулган. Жери кызыл саргыч топурактуу. Калкынын көбү – африкалыктар (98,5%). Шаар калкы 37%. Калктын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 58,1; аялдарыныкы – 59,7 жаш. Орточо жыштыгы 1 ''км''2 жерге 88 киши.

[[File:ГАНА53.png | thumb | Аккра – Гананын борбору.]] | [[File:ГАНА53.png | thumb | Аккра – Гананын борбору.]] | ||
Калктын 60% | Калктын 60% айыл чарбасы м-н алектенет. Элинин көбү жергиликтүү диндерге ишенет, бир азы христиан ж-а мусулман диндерин тутат.
Гананын аймагында адам ''палеолит'' ж-а ''неолит'' доорунда эле жашай баштагандыгы белгилүү. 15-кылымга карата Гананын жергиликтүү элдери чарбалык ж-а маданий өнүгүүнүн жогорку деӊгээлине жетишишкен. Алар алыскы өлкөлөр м-н соода жүргүзүшкөн (алтын, туз, кол өнөрчүлүк буюмдары). Гананын аймагында бир нече майда мамлекеттер өкүм сүрүп, 17–18-кылымдарда алардын ири борбордошкон мамлекеттерге биригүү аракетине европалыктардын келүүсү тоскоол болгон. Ганага португалиялыктар биринчи келип, 1482-жылы Эльмина чебин курган. Алар алтын («Алтын Жээк» деген аты ушундан) ж-а кул алып турушкан. Мындагы байлыкка Дания, Голландия, Англия сыяктуу европалык өлкөлөр да көз арткан. 19-кылымдын башында Англия атаандаштарын сүрүп чыгып, өлкөнүн аймагын басып алат да, алтын, алмаз ж. б. пайдалуу кен байлыктарын иштетет. Өлкөнүн түндүгүндө жашаган ашанти уруулары борбордошкон күчтүү мамлекет түзүшүп, алардын англичандарга каршы күрөшү Англия-Ашанти согуштарына алып келген. 1896-жылы Улуу Британия Ашантини басып алып, калган уруулар м-н протекторат жөнүндөгү келишимдерди түзөт. Колониядагы жогорку бийлик англиялык губернаторго берилген. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийин улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн. 1947-жылы улуттук уюм – Алтын Жээктин Бириккен конвенти түзүлүп, ал өлкөгө кыска мөөнөттө көз каранды эместикти берүүнү талап кылган. 1957-жылы 6-мартта Алтын Жээк көз каранды эмес деп жарыяланып, Гана мамлекети деп аталып, 1957-жылы 8-мартта БУУга кабыл алынган. 1960-жылы 1-июнда Гана республика болуп жарыяланды. Алгачкы президенти болуп К. Нкрума шайланган. 1966-жылы 24-февралда армия офицерлери мамлекеттик төӊкөрүш жасап, генерал Анкра жетектеген Улуттук Боштондук совет (УБС) түзүлгөн. 1969-жылы апрелде генерал Анкра бийликтен четтетилип, ордуна генерал Африфа келди. 1970–80-жылдарда өлкөдө бир нече жолу аскердик төӊкөрүштөр болуп өткөн. 1992-жылы президенттик шайлоо өткөрүлүп, жыйынтыгында бийликке граждандык өкмөт келген. 2000, 2004-жылдардагы президенттик шайлоолордо Ж. Куфуор ийгиликке жетишкен.
Гана экономикасынын негизин айыл чарба ж-а минералдык сырьёлорду өндүрүү, чет элдик туризм түзөт. ИДПде айыл чарбасынын үлүшү 36,6%, өнөр жайыныкы 24,6%, тейлөө кызматыныкы 38,8% (2005). Негизги ж-а экспорттолчу өсүмдүгү – какао. Ички керектөөлөрүнө маниок, батат, ак жүгөрү, май пальмасы, бал камыш өстүрүлөт. Экономикасында негизги орунда тоо-кен тармагы (алтын, алмаз, боксит ж-а марганец кенташтары казып алынат), ошондой эле балык уулоо, жыгаччылык, нефть, цемент иштетүү өнөр жайлары ээлейт. 2003-жылы 5,4 млрд ''кВт.с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 47,8 миӊ ''км,'' темир жолунуку – 953 ''км'', деӊиз соода флотунун тоннажы 131 миӊ т дедвейт (2004). Ири деӊиз порту – Тема, Секонди-Такоради. Вольта, Анкобра, Тано дарыяларында ж-а Вольта кө-

[[File:ГАНА54.png | thumb | Алтынды ачык жол м-н казып алуу.]] | [[File:ГАНА54.png | thumb | Алтынды ачык жол м-н казып алуу.]] | ||
[[File:ГАНА55.png | thumb | none]] | [[File:ГАНА55.png | thumb | none]] | ||
лүндө кеме жүрөт. Негизги дарыя порттору – Акосомбо, Кете-Крачи, Кпанду. Эл аралык аэропорту Аккрада. Негизги соода шериктери: Улуу Британия, Япония, АКШ, Германия, Франция ж. б. | лүндө кеме жүрөт. Негизги дарыя порттору – Акосомбо, Кете-Крачи, Кпанду. Эл аралык аэропорту Аккрада. Негизги соода шериктери: Улуу Британия, Япония, АКШ, Германия, Франция ж. б.
Билим берүү системасында балдар үчүн 6 жаштан 6 жылдык башталгыч, 3 жылдык кенже, 3 жылдык жогорку орто мектеп бар. Кумаси шаарындагы Табият ж-а техникалык илимдер университети, 100дөн ашык илимий институттар бар. Радио уктуруусу 1935-жылдан, телекөрсөтүүсү 1965-жылдан иштейт. Адабияты 20-кылымдан англис тилинде өнүгүүдө. Салттуу турак-жайы – тегерек ж-а тик бурч түрүндөгү каркас үйлөр. Гананын музыкалык маданияты Батыш Африка элдеринин салты м-н байланыштуу. | ||

Билим берүү системасында балдар үчүн 6 жаштан 6 жылдык башталгыч, 3 жылдык кенже, 3 жылдык жогорку орто мектеп бар. Кумаси | |||

Ад.: Гана. Справочник. М., 2001; Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006. |
Ад.: Гана. Справочник. М., 2001; Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:19, 13 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГА́НА , Г а н а Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Батышынан Кот-д’Ивуар, түндүк-батышынан ж-а түндүгүнөн Буркино-Фасо,

чыгышынан Того м-н чектешет. Түштүгүнөн Гвинея булуӊу чулгап жатат. Аянты 241,9 миӊ км2. Калкы 31,7 млн (2020). Мамлекеттик тили – англис тили. Борбору – Аккра шаары. Административдик-аймактык жактан 10 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги – седи. Гана – БУУнун (1957), Африка союзунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1957) ж. б-дын мүчөсү.
Таблица бар
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)
Гана – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1992-жылы 28-апрелде кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигин президент жетектеген Министрлер кеӊеши жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Жаӊы патриоттуулук партиясы, Улуттук демократиялык конгресс ж-а Элдик улуттук конвент.
Гананын аймагы түздүктүү келип, борбордук бөлүгүн кенен плато (бийиктиги 500 м) ээлеп жатат. Атакора тоосунун (бийиктиги 876 мге чейин) түштүк

бөлүгү Гананын аймагына кирип турат. Кен байлыктарга (боксит, марганец, алтын, алмаз, темир ж. б.) бай. Климаты субэкватордук-муссондук. Эӊ жылуу (март) айынын орточо температурасы түштүгүндө 27°Сден түндүгүндө 33°Сге чейин, эӊ суук (август) айыныкы 23°С – 26°С. Жылдык жаан-чачыны 1800–2200 мм, суу тармактары жыш, эӊ ири дарыясы – Вольта. Аймагынын басымдуу бөлүгүн саванна, 10%ке жакынын токой ээлейт. Жалпы аянты 3,7 млн га болгон

коргоого алынган 321 табигый аймагы бар; анын ичинен Моле, Дигья, Боди улуттук парктары уюштурулган. Жери кызыл саргыч топурактуу. Калкынын көбү – африкалыктар (98,5%). Шаар калкы 37%. Калктын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 58,1; аялдарыныкы – 59,7 жаш. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 88 киши.

Калктын 60% айыл чарбасы м-н алектенет. Элинин көбү жергиликтүү диндерге ишенет, бир азы христиан ж-а мусулман диндерин тутат.
Гананын аймагында адам палеолит ж-а неолит доорунда эле жашай баштагандыгы белгилүү. 15-кылымга карата Гананын жергиликтүү элдери чарбалык ж-а маданий өнүгүүнүн жогорку деӊгээлине жетишишкен. Алар алыскы өлкөлөр м-н соода жүргүзүшкөн (алтын, туз, кол өнөрчүлүк буюмдары). Гананын аймагында бир нече майда мамлекеттер өкүм сүрүп, 17–18-кылымдарда алардын ири борбордошкон мамлекеттерге биригүү аракетине европалыктардын келүүсү тоскоол болгон. Ганага португалиялыктар биринчи келип, 1482-жылы Эльмина чебин курган. Алар алтын («Алтын Жээк» деген аты ушундан) ж-а кул алып турушкан. Мындагы байлыкка Дания, Голландия, Англия сыяктуу европалык өлкөлөр да көз арткан. 19-кылымдын башында Англия атаандаштарын сүрүп чыгып, өлкөнүн аймагын басып алат да, алтын, алмаз ж. б. пайдалуу кен байлыктарын иштетет. Өлкөнүн түндүгүндө жашаган ашанти уруулары борбордошкон күчтүү мамлекет түзүшүп, алардын англичандарга каршы күрөшү Англия-Ашанти согуштарына алып келген. 1896-жылы Улуу Британия Ашантини басып алып, калган уруулар м-н протекторат жөнүндөгү келишимдерди түзөт. Колониядагы жогорку бийлик англиялык губернаторго берилген. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийин улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн. 1947-жылы улуттук уюм – Алтын Жээктин Бириккен конвенти түзүлүп, ал өлкөгө кыска мөөнөттө көз каранды эместикти берүүнү талап кылган. 1957-жылы 6-мартта Алтын Жээк көз каранды эмес деп жарыяланып, Гана мамлекети деп аталып, 1957-жылы 8-мартта БУУга кабыл алынган. 1960-жылы 1-июнда Гана республика болуп жарыяланды. Алгачкы президенти болуп К. Нкрума шайланган. 1966-жылы 24-февралда армия офицерлери мамлекеттик төӊкөрүш жасап, генерал Анкра жетектеген Улуттук Боштондук совет (УБС) түзүлгөн. 1969-жылы апрелде генерал Анкра бийликтен четтетилип, ордуна генерал Африфа келди. 1970–80-жылдарда өлкөдө бир нече жолу аскердик төӊкөрүштөр болуп өткөн. 1992-жылы президенттик шайлоо өткөрүлүп, жыйынтыгында бийликке граждандык өкмөт келген. 2000, 2004-жылдардагы президенттик шайлоолордо Ж. Куфуор ийгиликке жетишкен.
Гана экономикасынын негизин айыл чарба ж-а минералдык сырьёлорду өндүрүү, чет элдик туризм түзөт. ИДПде айыл чарбасынын үлүшү 36,6%, өнөр жайыныкы 24,6%, тейлөө кызматыныкы 38,8% (2005). Негизги ж-а экспорттолчу өсүмдүгү – какао. Ички керектөөлөрүнө маниок, батат, ак жүгөрү, май пальмасы, бал камыш өстүрүлөт. Экономикасында негизги орунда тоо-кен тармагы (алтын, алмаз, боксит ж-а марганец кенташтары казып алынат), ошондой эле балык уулоо, жыгаччылык, нефть, цемент иштетүү өнөр жайлары ээлейт. 2003-жылы 5,4 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 47,8 миӊ км, темир жолунуку – 953 км, деӊиз соода флотунун тоннажы 131 миӊ т дедвейт (2004). Ири деӊиз порту – Тема, Секонди-Такоради. Вольта, Анкобра, Тано дарыяларында ж-а Вольта кө-

лүндө кеме жүрөт. Негизги дарыя порттору – Акосомбо, Кете-Крачи, Кпанду. Эл аралык аэропорту Аккрада. Негизги соода шериктери: Улуу Британия, Япония, АКШ, Германия, Франция ж. б.
Билим берүү системасында балдар үчүн 6 жаштан 6 жылдык башталгыч, 3 жылдык кенже, 3 жылдык жогорку орто мектеп бар. Кумаси шаарындагы Табият ж-а техникалык илимдер университети, 100дөн ашык илимий институттар бар. Радио уктуруусу 1935-жылдан, телекөрсөтүүсү 1965-жылдан иштейт. Адабияты 20-кылымдан англис тилинде өнүгүүдө. Салттуу турак-жайы – тегерек ж-а тик бурч түрүндөгү каркас үйлөр. Гананын музыкалык маданияты Батыш Африка элдеринин салты м-н байланыштуу.
Ад.: Гана. Справочник. М., 2001; Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006.