ГАНДИЗМ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
|||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАНДИ́ЗМ – ''' М. К. ''Ганди'' (1869–1948) иштеп чыккан коомдук-саясий ж-а диний- | '''ГАНДИ́ЗМ – ''' М. К. ''Ганди'' (1869–1948) иштеп чыккан коомдук-саясий ж-а диний-философиялык окуу, индия элинин улуттук-боштондук кыймылынын идеологиясы. Гандизмдин негизги саясий принциптери: көз каранды эместикке, Индиянын эгемендүүлүгүнө тынчтык жол м-н күч колдонбой, күрөшкө кеӊири массаны, элдин бардык катмарларын катыштыруу аркылуу, согушсуз жетүү; Индиянын улуттук конгрессинин жетекчилиги астында, кастасына, улутуна, динине карабай, бардык индиялыктарды боштондук үчүн күрөшкө бириктирүү. Гандизмдин дагы бир олуттуу өзгөчөлүгү: патриархалдык мамилелерди идеалдаштыруу, айыл жамаатташтыгын кайрадан калыбына келтирүү чакырыгы, элдин диний сезимдерин жандандырууга колдоо көрсөтүү болгон. Ал тандап алган күрөштүн тактикасы сатьяграха (акыйкаттагы туруктуулук) деп аталып, эки формада – кызматташпоо ж-а жарандык баш ийбестик көрсөтүү аркылуу жүзөгө ашырылган. Кызматташпоо деген англичандар ыйгарымыш эткен мансап даражаларынан баш тартуу, окуу жайларда өкмөт атайын уюштурган тынч демонстрацияларга бойкот жарыялоо, ал эми жарандык баш ийбестик колониячыл бийликтин айрым мыйзамдарын бузуу, саясий иш таштоого чыгуу, кээ бир учурларда салык төлөөдөн баш тартуу сыяктуу иш чаралардан турган. Гандизм тактикасына оторчул бийлик м-н болгон жаӊжалдарды, коомдук келишпестиктерди сүйлөшүү, макулдашуу жолдору м-н чечүүгө умтулуу мүнөздүү. Гандизмдин философиялык системасы – Кудай м-н Акыйкатты т ө п катары эсептөөдөн келип чыгат. Бул окуунун мүнөздүү белгиси – коомдук иштерди адептештирүү, көп нерселерден өзүн ыктыярдуу түрдө чектөө. Ошондуктан Гандизмдин автору саясий максаттарга караганда, ага жетүүнүн моралдык каражаттарын биринчи орунга койгон. Индия эгемендүүлүккө жеткенден (1947) кийинки мезгилде бул агымдын коомду социалдык, экономикалык, саясий жактан өнүктүрүү методдорун колдонуу маселелери боюнча Гандизмдин жолун жолдоочулардын арасында олуттуу пикир келишпегендиктер бар. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:34, 14 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГАНДИ́ЗМ – М. К. Ганди (1869–1948) иштеп чыккан коомдук-саясий ж-а диний-философиялык окуу, индия элинин улуттук-боштондук кыймылынын идеологиясы. Гандизмдин негизги саясий принциптери: көз каранды эместикке, Индиянын эгемендүүлүгүнө тынчтык жол м-н күч колдонбой, күрөшкө кеӊири массаны, элдин бардык катмарларын катыштыруу аркылуу, согушсуз жетүү; Индиянын улуттук конгрессинин жетекчилиги астында, кастасына, улутуна, динине карабай, бардык индиялыктарды боштондук үчүн күрөшкө бириктирүү. Гандизмдин дагы бир олуттуу өзгөчөлүгү: патриархалдык мамилелерди идеалдаштыруу, айыл жамаатташтыгын кайрадан калыбына келтирүү чакырыгы, элдин диний сезимдерин жандандырууга колдоо көрсөтүү болгон. Ал тандап алган күрөштүн тактикасы сатьяграха (акыйкаттагы туруктуулук) деп аталып, эки формада – кызматташпоо ж-а жарандык баш ийбестик көрсөтүү аркылуу жүзөгө ашырылган. Кызматташпоо деген англичандар ыйгарымыш эткен мансап даражаларынан баш тартуу, окуу жайларда өкмөт атайын уюштурган тынч демонстрацияларга бойкот жарыялоо, ал эми жарандык баш ийбестик колониячыл бийликтин айрым мыйзамдарын бузуу, саясий иш таштоого чыгуу, кээ бир учурларда салык төлөөдөн баш тартуу сыяктуу иш чаралардан турган. Гандизм тактикасына оторчул бийлик м-н болгон жаӊжалдарды, коомдук келишпестиктерди сүйлөшүү, макулдашуу жолдору м-н чечүүгө умтулуу мүнөздүү. Гандизмдин философиялык системасы – Кудай м-н Акыйкатты т ө п катары эсептөөдөн келип чыгат. Бул окуунун мүнөздүү белгиси – коомдук иштерди адептештирүү, көп нерселерден өзүн ыктыярдуу түрдө чектөө. Ошондуктан Гандизмдин автору саясий максаттарга караганда, ага жетүүнүн моралдык каражаттарын биринчи орунга койгон. Индия эгемендүүлүккө жеткенден (1947) кийинки мезгилде бул агымдын коомду социалдык, экономикалык, саясий жактан өнүктүрүү методдорун колдонуу маселелери боюнча Гандизмдин жолун жолдоочулардын арасында олуттуу пикир келишпегендиктер бар.