ГАОЧАН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
|||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАОЧА́Н – ''' Чыгыш Түркстандагы байыркы шаар. | '''ГАОЧА́Н – ''' Чыгыш Түркстандагы байыркы шаар. Гаочандын тарыхы хунндардын доорунан башталат. Б. з. 1-кылымында түндүк хунндар Чыгыш Түркстанда өзүлөрүнүн саясий таасирин бекемдеген. Хан империясы 2-кылымда хунндардан жеӊилгенден кийин батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-кылымдарда Гаочан аймагы бирде Кытайдын, бирде көчмөн хунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-жылдары Хэси ж-а Гаочан аймагында хунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түндүк Лян династиясын негиздеген. 460-жылы бул династия жуан-жуандар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда хунндар м-н көчүп келген ашина түрктөрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-кылым 460-жылы) өткөн. Кийин Гаочан Чыгыш Түркстандын башка шаарларындай эле Батыш Түрк кагандыгынын карамагында болгон. 9-кылымдын 2-жарымында шаар Уйгур кагандыгынын борборлорунун бирине айланган. Гаочан шаарынын орду азыркы Турпан шаарынан 35 ''км'' түштүк-чыгышта. | ||
<br/>Ад.: ''Кляшторный С. Г., Колесников А. А''. Восточный Туркестан глазами русских путешественников. А.-А., 1988; История Киргизской ССР. Ф., 1984. | |||
<br/>''Т. Асанов''. | <br />Ад.: ''Кляшторный С. Г., Колесников А. А''. Восточный Туркестан глазами русских путешественников. А.-А., 1988; История Киргизской ССР. Ф., 1984.<br />''Т. Асанов''. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:20, 14 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГАОЧА́Н – Чыгыш Түркстандагы байыркы шаар. Гаочандын тарыхы хунндардын доорунан башталат. Б. з. 1-кылымында түндүк хунндар Чыгыш Түркстанда өзүлөрүнүн саясий таасирин бекемдеген. Хан империясы 2-кылымда хунндардан жеӊилгенден кийин батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-кылымдарда Гаочан аймагы бирде Кытайдын, бирде көчмөн хунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-жылдары Хэси ж-а Гаочан аймагында хунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түндүк Лян династиясын негиздеген. 460-жылы бул династия жуан-жуандар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда хунндар м-н көчүп келген ашина түрктөрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-кылым 460-жылы) өткөн. Кийин Гаочан Чыгыш Түркстандын башка шаарларындай эле Батыш Түрк кагандыгынын карамагында болгон. 9-кылымдын 2-жарымында шаар Уйгур кагандыгынын борборлорунун бирине айланган. Гаочан шаарынын орду азыркы Турпан шаарынан 35 км түштүк-чыгышта.
Ад.: Кляшторный С. Г., Колесников А. А. Восточный Туркестан глазами русских путешественников. А.-А., 1988; История Киргизской ССР. Ф., 1984.
Т. Асанов.