ГАСТРОЭНТЕРИТ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАСТРОЭНТЕРИ́Т ''' (''гастро...'' ж-а гр. tnteron – ичеги) – адам ж-а жаныбардын карыны м-н ичке ичегисинин сезгенүүсү. Адам тамактан ууланганда, бактерия жукканда, сапатсыз суу ичкенде, түрдүү ооруларда, оор металлдар, | '''ГАСТРОЭНТЕРИ́Т ''' (''гастро...'' ж-а гр. tnteron – ичеги) – адам ж-а жаныбардын карыны м-н ичке ичегисинин сезгенүүсү. Адам тамактан ууланганда, бактерия жукканда, сапатсыз суу ичкенде, түрдүү ооруларда, оор металлдар, кислота, сымап ж. б. м-н ууланганда болот. Катуу кармаган ж-а өнөкөт түрүндө өтөт. Көп убакта жоон ичегинин жабыркашы м-н коштолот. Катуу кармаган гастроэнтеритте карынды жууп, бутка жылыткыч коюп, карын м-н ичегинин секрет чыгаруу функциясын жөнгө салуучу дарылар берилет. Өнөкөт түрүндө узак убакыт диета кармоо, тамактануу режимин сактоо зарыл ж-а тиешелүү дарылар м-н дарылоо жүргүзүлөт. Жаныбарда бузулган тоюттан, химиялык ж-а өсүмдүк ууларынан, жугуштуу оорулардан кийин пайда болот. Ылаӊдаган мал араӊ басып, үргүлөйт, жалпы абалы начарлайт, жем, чөпкө анча табити тартпайт, кепшебейт, ичи курулдап, чычкактайт, деми кыстыгат. Дарылоодо карынын жууп, ич алдыруучу, куруштургуч, дезинфекциялоочу ж. б. бактерияга каршы дарылар берилет. Алдын алуу үчүн малды азыктандырууда зоогигиеналык талаптарды сактоо зарыл. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:02, 16 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГАСТРОЭНТЕРИ́Т (гастро... ж-а гр. tnteron – ичеги) – адам ж-а жаныбардын карыны м-н ичке ичегисинин сезгенүүсү. Адам тамактан ууланганда, бактерия жукканда, сапатсыз суу ичкенде, түрдүү ооруларда, оор металлдар, кислота, сымап ж. б. м-н ууланганда болот. Катуу кармаган ж-а өнөкөт түрүндө өтөт. Көп убакта жоон ичегинин жабыркашы м-н коштолот. Катуу кармаган гастроэнтеритте карынды жууп, бутка жылыткыч коюп, карын м-н ичегинин секрет чыгаруу функциясын жөнгө салуучу дарылар берилет. Өнөкөт түрүндө узак убакыт диета кармоо, тамактануу режимин сактоо зарыл ж-а тиешелүү дарылар м-н дарылоо жүргүзүлөт. Жаныбарда бузулган тоюттан, химиялык ж-а өсүмдүк ууларынан, жугуштуу оорулардан кийин пайда болот. Ылаӊдаган мал араӊ басып, үргүлөйт, жалпы абалы начарлайт, жем, чөпкө анча табити тартпайт, кепшебейт, ичи курулдап, чычкактайт, деми кыстыгат. Дарылоодо карынын жууп, ич алдыруучу, куруштургуч, дезинфекциялоочу ж. б. бактерияга каршы дарылар берилет. Алдын алуу үчүн малды азыктандырууда зоогигиеналык талаптарды сактоо зарыл.