ГАФУРОВ Бобожан Гафурович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary

(2 intermediate revisions by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГАФУРОВ ''' Бобожан Гафурович [18(31). 12. 1908, Тажикстан, Согдия обл., Хожент р-ну, Исписар кыш. – 12. 7. 1977, Душанбе) – коомдук ишмер, чыгыш таануучу, тарыхчы. Тажик ССР ИАнын академиги (1951), СССР ИАнын академиги (1968), корр. мүчөсү (1958). Тажикстандын илимине эмг. сиӊ. ишмери (1967). 1931–35-ж. Москвадагы Бүткүл союздук коммунисттик журналистика ин-тунда окуган. 1936-жылдан Тажикстан КП(б) БКнын аппаратында инструктор, басма бөлүмүнүн, маданий агартуу секторунун башчысы, пропаганда ж-а агитация б-ча секретары, 1944–46-ж. Тажикстан КП БКнын экинчи секретары, 1946-жылдан биринчи секретары болуп шайланат. 1942–48-ж. СССР ИАнын Тажик филиалында Тарых, тил ж-а адабият ин-тунда тарых секторун жетектеп
'''ГАФУРОВ ''' '''Бобожан Гафурович''' [18(31). 12. 1908, Тажикстан, Согдий облусу, Хожент району, Исписар кыштагы – 12. 7. 1977, Душанбе) – коомдук ишмер, чыгыш таануучу, тарыхчы. Тажик ССР ИАнын академиги (1951), СССР ИАнын академиги (1968), корреспондент-мүчөсү (1958). Тажикстандын илимине эмгек сиӊирген ишмери (1967). 1931–35-жылдары Москвадагы Бүткүл союздук коммунисттик журналистика институтунда окуган. 1936-жылдан Тажикстан КП(б) БКнын аппаратында инструктор, басма бөлүмүнүн, маданий агартуу секторунун башчысы, пропаганда ж-а агитация боюнча секретары, 1944–46-жылдары Тажикстан КП БКнын экинчи секретары, 1946-жылдан биринчи секретары болуп шайланат. 1942–48-жылдары СССР ИАнын Тажик филиалында тарых, тил ж-а адабият институтунда тарых секторун жетектеп

[[File:ГАФУРОВ71.png | thumb | none|355x355px]]
[[File:ГАФУРОВ71.png | thumb | none]]
турган. 1956–77-жылдары СССР ИАнын Чыгыш таануу институтунун (Москвада) директору болуп иштеген. Эмгектери негизинен тажик элинин тарыхына арналган. «Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история» (1972) монографиясында Орто Азия аймагында алгачкы адамдар коомунун пайда болушунан 18-кылымдын орто ченине чейинки мезгил изилденип, тажиктердин, башка ортоазиялык элдердин Чыгыштын башка элдери м-н тарыхый байланышы кеӊири каралган. Гафуров Чыгыштын атактуу акындары, ойчулдары, окумуштуулары – Калидаса, Фараби, Фирдоуси, Бируни, Ибн Сина, Дехлеви, Гуру Нанак, Насими, Асири, Иклаба ж. б. жөнүндө китептер жазган. Анын «Александр Македонский жана Чыгыш» деген эмгегинде Чыгыш-Батыш проблемасынын жаӊы аспектилери талкууланып, эллиндик цивилизациянын чыгыштык компоненттери ачылып берилет, антикалык дүйнөнүн маданиятынын өз ара таасири ж-а синтези чагылдырылат. Анын активдүү колдоосу ж-а башкы редакциялык коллегияга төрагалыгы астында эӊ көрүнүктүү чыгыш таануучу академик В. В. ''Бартольддун'' эмгектеринин толук жыйнагынын басылышы ишке ашкан. Гафуров жетектеген институт чыгыш таануунун дүйнөлүк мааниге ээ ири борборуна айланган. СССР Жогорку Советинин (1946–62, 1966–70) депутаты болгон. 6 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар м-н сыйланган.
турган. 1956–77-ж. СССР ИАнын Чыгыш таануу ин-тунун (Москвада) директору болуп иштеген. Эмгектери негизинен тажик элинин тарыхына арналган. «Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история» (1972) монографиясында О. Азия аймагында алгачкы адамдар коомунун пайда болушунан 18-к-дын орто ченине чейинки мезгил изилденип, тажиктердин, башка ортоазиялык элдердин Чыгыштын башка элдери м-н тарыхый байланышы кеӊири каралган. Г. Чыгыштын атактуу акындары, ойчулдары, окумуштуулары – Калидаса, Фараби, Фирдоуси, Бируни, Ибн Сина, Дехлеви, Гуру Нанак, Насими, Асири, Иклаба ж. б. ж-дө китептер жазган. Анын «Александр Македонский жана Чыгыш» деген эмгегинде Чыгыш-Батыш проблемасынын жаӊы аспектилери талкууланып, эллиндик цивилизациянын чыгыштык компоненттери ачылып берилет, антикалык дүйнөнүн мад-тынын өз ара таасири ж-а синтези чагылдырылат. Анын активдүү колдоосу ж-а башкы редакциялык коллегияга төрагалыгы астында эӊ көрүнүктүү чыгыш таануучу акад. В. В. ''Бартольддун'' эмгектеринин толук жыйнагынын басылышы ишке ашкан. Г. жетектеген ин-т чыгыш таануунун дүйнөлүк мааниге ээ ири борборуна айланган. СССР Жогорку Советинин (1946–62, 1966–70) депутаты болгон. 6 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: История таджикского народа. 3 изд. М., 1955; Кушанская эпоха и мировая цивилизация. М., 1968; Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история. М., 1972; Ал-Фараби в истории культуры. М., 1975; Александр Македонский и Восток. М., 1980; Гафуров Б. Г. Избранные труды. М., 1985.

Эмг.: История таджикского народа. 3 изд. М., 1955; Кушанская эпоха и мировая цивилизация. М., 1968; Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история. М., 1972; Ал-Фараби в истории культуры. М., 1975; Александр Македонский и Восток. М., 1980; Гафуров Б. Г. Избранные труды. М., 1985.
Ад.: ''Б. Г. Гафуров.'' Библиография. Душ., 1969. ''Ч. Жумагулов.''

Ад.: ''Б. Г. Гафуров.'' Библиография. Душ., 1969. ''Ч. Жумагулов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:04, 20 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГАФУРОВ Бобожан Гафурович [18(31). 12. 1908, Тажикстан, Согдий облусу, Хожент району, Исписар кыштагы – 12. 7. 1977, Душанбе) – коомдук ишмер, чыгыш таануучу, тарыхчы. Тажик ССР ИАнын академиги (1951), СССР ИАнын академиги (1968), корреспондент-мүчөсү (1958). Тажикстандын илимине эмгек сиӊирген ишмери (1967). 1931–35-жылдары Москвадагы Бүткүл союздук коммунисттик журналистика институтунда окуган. 1936-жылдан Тажикстан КП(б) БКнын аппаратында инструктор, басма бөлүмүнүн, маданий агартуу секторунун башчысы, пропаганда ж-а агитация боюнча секретары, 1944–46-жылдары Тажикстан КП БКнын экинчи секретары, 1946-жылдан биринчи секретары болуп шайланат. 1942–48-жылдары СССР ИАнын Тажик филиалында тарых, тил ж-а адабият институтунда тарых секторун жетектеп

турган. 1956–77-жылдары СССР ИАнын Чыгыш таануу институтунун (Москвада) директору болуп иштеген. Эмгектери негизинен тажик элинин тарыхына арналган. «Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история» (1972) монографиясында Орто Азия аймагында алгачкы адамдар коомунун пайда болушунан 18-кылымдын орто ченине чейинки мезгил изилденип, тажиктердин, башка ортоазиялык элдердин Чыгыштын башка элдери м-н тарыхый байланышы кеӊири каралган. Гафуров Чыгыштын атактуу акындары, ойчулдары, окумуштуулары – Калидаса, Фараби, Фирдоуси, Бируни, Ибн Сина, Дехлеви, Гуру Нанак, Насими, Асири, Иклаба ж. б. жөнүндө китептер жазган. Анын «Александр Македонский жана Чыгыш» деген эмгегинде Чыгыш-Батыш проблемасынын жаӊы аспектилери талкууланып, эллиндик цивилизациянын чыгыштык компоненттери ачылып берилет, антикалык дүйнөнүн маданиятынын өз ара таасири ж-а синтези чагылдырылат. Анын активдүү колдоосу ж-а башкы редакциялык коллегияга төрагалыгы астында эӊ көрүнүктүү чыгыш таануучу академик В. В. Бартольддун эмгектеринин толук жыйнагынын басылышы ишке ашкан. Гафуров жетектеген институт чыгыш таануунун дүйнөлүк мааниге ээ ири борборуна айланган. СССР Жогорку Советинин (1946–62, 1966–70) депутаты болгон. 6 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: История таджикского народа. 3 изд. М., 1955; Кушанская эпоха и мировая цивилизация. М., 1968; Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история. М., 1972; Ал-Фараби в истории культуры. М., 1975; Александр Македонский и Восток. М., 1980; Гафуров Б. Г. Избранные труды. М., 1985.
Ад.: Б. Г. Гафуров. Библиография. Душ., 1969. Ч. Жумагулов.