ГВАТЕМАЛА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГВАТЕМА́ЛА''' , Г в а т е м а л а Р е с п у б л и к а с ы – | '''ГВАТЕМА́ЛА''' , Г в а т е м а л а Р е с п у б л и к а с ы – Борбордук Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн ж-а батышынан Мексика, түндүк-чыгышынан Белиз, түштүк-чыгышынан Сальвадор

[[File:ГВАТЕМАЛА75.png | thumb | none]] | [[File:ГВАТЕМАЛА75.png | thumb | none]] | ||
ж-а Гондурас м-н чектешет. Чыгышын Кариб деӊизи, | ж-а Гондурас м-н чектешет. Чыгышын Кариб деӊизи, түштүк-батышын ж-а түштүгүн Тынч океан чулгайт. Аянты 108,9 миӊ ''км''2. Калкы 17,0 млн (2021); калкынын саны боюнча Борбордук Америкадагы ири өлкө. Мамлекеттик тили – испан тили. Борбору – Гватемала шаары. Акча бирдиги – кетсаль. Административдик-аймактык жактан 22 департаментке бөлүнөт.
Гватемала БУУнун, ЮНЕСКОнун, Эл аралык атом энергиясы агентчилигинин, Эл аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкынын, Эл аралык олимпия комитетинин ж. б. мүчөсү. | ||

Таблица бар |
Таблица бар | ||

Административдик-аймактык бөлүнүшү (2002) | ||
Гватемала – унитардык мамлекет. Конституциясы 1985-жылы 31-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Республикалык конгресс. Аткаруу бийлигин президент жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Улуттук прогресс партиясы, Гватемала Республикалык фронту ж. б.
Гватемаланын рельефи тоолуу. Өлкөнүн түндүгүн акиташ тегинен турган Петен тайпак тоосу ээлесе, түштүгүндө Тынч океанды бойлой кууш ойдуӊдар созулуп жатат. Эӊ ири тоо системасы – Сьерра-Мадре, ал көптөгөн жанар тоолордон (анын ичинде аракеттегилери да бар) турат; эӊ бийик жери Тахумулько жанар тоосу (бийиктиги 4220 ''м''). Жер титирөөлөр тез-тез болуп турат. Климаты тропиктик, пассаттык-муссондук, жумшак. Тоолуу

[[File:ГВАТЕМАЛА76.png | thumb | Атитлан көлү.]] | [[File:ГВАТЕМАЛА76.png | thumb | Атитлан көлү.]] | ||
аймактарында жылдык | аймактарында жылдык орточо температурасы 20°С, бийик тоолорунда 8–13°С. Жылдык жаан-чачыны туюк тоо аралык ойдуӊдарда 500 ''мм'', түштүк- чыгышында 2000 ''мм'', тайпак тоолордо 3500 ''мм''. Негизги дарыялары – Мотагуа, Полочик. Көлдөрү: Исабаль, Атитлан, Амантитлан ж. б. Гватемала Борбордук Америкадагы өлкөлөрдөн бай флорасы м-н өзгөчөлөнүп, көптөгөн эндемиктер кездешет. Кызыл-сары, кызыл ферраллит топурагы басымдуу. Аймагынын жарымынан көбүн дайыма жашыл токой каптап жатат. Түндүгүндө эмен ж-а кызыл карагай, түштүгүндө жалбырагы күбүлмө токой ж-а саванна өсөт. Кен байлыктарынан коргошун, никель, вольфрам, хром, цинк, күмүш казылып алынат, ошондой эле нефтинин да запасы бар. Жалпы аянты 2,5 млн ''га'' болгон коргоого алынган 73 табигый аймагы бар, анын ичинде Сьерра-де-лас-Минас ж-а Майя биосфералык резерваттары [анын аймагында Тикаль ''(Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген), Рио-Дульсе, Атитлан улуттук парктары] уюшулган.

[[File:ГВАТЕМАЛА77.png | thumb | Шаардын жаӊы бөлүгү.]] | [[File:ГВАТЕМАЛА77.png | thumb | Шаардын жаӊы бөлүгү.]] | ||
[[File:ГВАТЕМАЛА78.png | thumb | none]] | [[File:ГВАТЕМАЛА78.png | thumb | none]] | ||
Негизинен аргындар (55%), | Негизинен аргындар (55%), ошондой эле индейлер, европалыктар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Көпчүлүгү католиктер, кийинки мезгилде протестанттар көбөйүүдө. Орточо жыштыгы 1 ''км''2 жерге 117 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 67,6, аялдарыныкы – 71,2 жаш. Шаар калкы 39,9%. Ири шаарлары: Гватемала, Кесальтенанго.
Б. з. ч. 2-миӊ жылдыкта Гватемала аймагында индей уруулары жашап, дыйканчылык (жүгөрү, агава, пахта) ж-а мергенчилик м-н кесип кылган. Аларда курулуш, архитектура, астрономия, жазуу жакшы өнүккөн. Б. з. башында Петен-Ица көлүнүн түндүк-чыгышында жогорку деӊгээлде өнүккөн майя цивилизациясынын борборлорунун бири болгон шаарлар пайда болгон. Гватемаланын аймагында майя жазуусу иштелип чыккан. 15-кылымдын аягында уруулардын өз ара согушунан Гватемаланын экономикасы ж-а маданияты төмөндөгөн. Америкадагы испан колонияларынын көз каранды эместиги үчүн согушунун (1810–26) жүрүшүндө Гватемала 1821-жылы Испаниянын эзүүсүнөн бошотулган. 1823-жылы Борбордук Американын бириккен провинцияларынын федерациясынын курамына кирген. 1839-жылы федерация жөнүндөгү пакт жоюлуп, өз алдынча бир нече республика (Гватемала, Гондурас, Никарагуа, Сальвадор ж-а Коста-Рика) түзүлөт. Плантациялык ири чарбалардын өнүгүшү м-н Гватемалада капиталисттик мамилелер калыптана баштайт. 1898-жылы М. Х. Эстрада Кабрера катаал диктатура режимин орнотот. АКШ 20-кылымда Гватемаланын банандуу мыкты жерлерин, темир жолдорун, портторун ээлеп, «мамлекет ичиндеги мамлекет» курат. Өлкөдө 20-жылдары улуттук-боштондук ж-а демократиялык кыймыл кулач жаят. 1931-жылы генерал Х. Убиконун аскердин диктатурасы орнотулат. Өлкөдө репрессия күч алган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилиндеги улуттук-боштондук кыймыл Х. Убиконун кулашын шарттап, 1944–54-жылдагы революциянын жеӊишине алып келди. Х. Аревало (1945–51) м-н Арбенс Гусмандын (1951–54) өкмөттөрү демократиялык конституция кабыл алып, агрардык реформа жүргүзө баштаган, демократиялык эркиндик ж. б. социалдык институттар калыбына келтирилген. 1954–85-жылдар аралыгында бир нече аскердик төӊкөрүштөр болуп өткөн. Өкмөттүк аскерлер м-н Улуттук революциялык биримдик уюмунун ортосундагы 30 жылга созулган куралдуу кагылыштар 1996-жылы токтогон. Узак убакыт партизандык топтор м-н сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 1996-жылдын 29-декабрында Альваро Арсунун (1995-жылы ноябрда президенттикке шайланган) өкмөтү партизандар м-н тынчтык келишимине кол койгон. 2016-жылдан өлкө президенти Алехандро Мальдонадо Агирре.
Гватемала – агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 62,97 млрд доллар (2005, АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 5200 доллардан туура келет. ИДПде тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,1%, айыл, токой ж-а балык чарбаларыныкы 22,8%, өнөр жайдыкы 19,1%. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: кофе, банан, кардамон, гозо; өз керектөөлөрү үчүн жүгөрү, шалы, буурчак өстүрүлөт. Аймагынын 12,5%ин

Б. з. ч. 2-миӊ жылдыкта | |||

[[File:ГВАТЕМАЛА79.png | thumb | Кофе плантациясы.]] | [[File:ГВАТЕМАЛА79.png | thumb | Кофе плантациясы.]] | ||
айдоо аянты ээлейт. Мал чарбачылыгы өнүккөн. Балык кармалат (негизинен креветка). Баалуу тропик дарактары ж-а чикле чайыры (сагыз өндүрүшү үчүн) даярдалат. Туз казылып алынып, иштетилет. 2003- | айдоо аянты ээлейт. Мал чарбачылыгы өнүккөн. Балык кармалат (негизинен креветка). Баалуу тропик дарактары ж-а чикле чайыры (сагыз өндүрүшү үчүн) даярдалат. Туз казылып алынып, иштетилет. 2003-жылы 6,9 млрд ''кВт . с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Тамак-аш – татымал, булгаары, текстиль, нефть-химия өнөр жай ишканалары, нефть ажыратуу, болот-прокат заводдору иштейт. Деӊиз соода флотунун тоннажы 353 миӊ т ''дедвейт''. Темир жолунун узундугу 1139 ''км'', автомобилдики 14 миӊ ''км'', ички суу жолунуку 260 ''км'' (жыл бою кеме жүрөт). Деӊиз порттору:

[[File:ГВАТЕМАЛА80.png | thumb | Тикаль улуттук паркы.]] | [[File:ГВАТЕМАЛА80.png | thumb | Тикаль улуттук паркы.]] | ||
Пуэрто-Барриос, Сан-Хосе, Чамперико. Нефть куурунун | Пуэрто-Барриос, Сан-Хосе, Чамперико. Нефть куурунун узундугу 480 ''км'' (2004). Негизги соода шериктери: АКШ, Мексика, Борбордук Америка өлкөлөрү, Германия. Туризм өнүгүүдө.
Майя индейлеринин байыркы маданияты Гватемала аймагында 2–9-кылымдарда гүлдөп өнүккөн (борбордук Тикаль, Каминальгую, Киригуа; пирамида же мунара түрүндөгү храмдар, ак сарайлар, алтарлар, жазылган ж-а оймо-чиймеленген карапа идиштер; таш, сөөктөн жасалган буюмдар). Маданияттын бул салттары индейлердин көркөм өнөр кол өнөрчүлүгүндө (кара, кызыл ж-а ак кездемелерге геометриялык оюу-чийүүлөр, жоолук ж-а курларда адамдар м-н айбандардын келбеттери; эркектердин көйнөктөрүндө ж-а аялдардын кофталарында саймалар, карапа идиштердеги жазуулар, агава буласынан ж-а пальма жалбырагынан токулган буюмдар) сакталып калган. Колониялык мезгилде жаӊы шаарлар өсүп чыкты (Антигуа, Чичикастенанго). Барокко стилиндеги жазы дубалдуу, мавритан мотивинде салынган курулуштар пайда болгон (арх. Л. Диес Наварро, Х. М. Рамирес). Күмүштөн, карапа же жыгачтан жасалып, алтын, күмүш, эмал, лак м-н кооздолгон ыйыктардын өзгөчөлөнгөн статуяларын жасашкан. Живопись диндик мүнөздө өнүккөн. 19–20-кылымдарда реалисттик пейзаж ж-а турмуштук жанр өнүккөн. Индейлердин турмушу жөнүндө сүрөтчүлөр – Т. Фонсен, Р. Ласо, Х. Сисай-Сисай ж. б. тартышкан. | ||

Майя индейлеринин байыркы | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:24, 16 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГВАТЕМА́ЛА , Г в а т е м а л а Р е с п у б л и к а с ы – Борбордук Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн ж-а батышынан Мексика, түндүк-чыгышынан Белиз, түштүк-чыгышынан Сальвадор

ж-а Гондурас м-н чектешет. Чыгышын Кариб деӊизи, түштүк-батышын ж-а түштүгүн Тынч океан чулгайт. Аянты 108,9 миӊ км2. Калкы 17,0 млн (2021); калкынын саны боюнча Борбордук Америкадагы ири өлкө. Мамлекеттик тили – испан тили. Борбору – Гватемала шаары. Акча бирдиги – кетсаль. Административдик-аймактык жактан 22 департаментке бөлүнөт.
Гватемала БУУнун, ЮНЕСКОнун, Эл аралык атом энергиясы агентчилигинин, Эл аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкынын, Эл аралык олимпия комитетинин ж. б. мүчөсү.
Административдик-аймактык бөлүнүшү (2002)
Гватемала – унитардык мамлекет. Конституциясы 1985-жылы 31-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Республикалык конгресс. Аткаруу бийлигин президент жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Улуттук прогресс партиясы, Гватемала Республикалык фронту ж. б.
Гватемаланын рельефи тоолуу. Өлкөнүн түндүгүн акиташ тегинен турган Петен тайпак тоосу ээлесе, түштүгүндө Тынч океанды бойлой кууш ойдуӊдар созулуп жатат. Эӊ ири тоо системасы – Сьерра-Мадре, ал көптөгөн жанар тоолордон (анын ичинде аракеттегилери да бар) турат; эӊ бийик жери Тахумулько жанар тоосу (бийиктиги 4220 м). Жер титирөөлөр тез-тез болуп турат. Климаты тропиктик, пассаттык-муссондук, жумшак. Тоолуу

аймактарында жылдык орточо температурасы 20°С, бийик тоолорунда 8–13°С. Жылдык жаан-чачыны туюк тоо аралык ойдуӊдарда 500 мм, түштүк- чыгышында 2000 мм, тайпак тоолордо 3500 мм. Негизги дарыялары – Мотагуа, Полочик. Көлдөрү: Исабаль, Атитлан, Амантитлан ж. б. Гватемала Борбордук Америкадагы өлкөлөрдөн бай флорасы м-н өзгөчөлөнүп, көптөгөн эндемиктер кездешет. Кызыл-сары, кызыл ферраллит топурагы басымдуу. Аймагынын жарымынан көбүн дайыма жашыл токой каптап жатат. Түндүгүндө эмен ж-а кызыл карагай, түштүгүндө жалбырагы күбүлмө токой ж-а саванна өсөт. Кен байлыктарынан коргошун, никель, вольфрам, хром, цинк, күмүш казылып алынат, ошондой эле нефтинин да запасы бар. Жалпы аянты 2,5 млн га болгон коргоого алынган 73 табигый аймагы бар, анын ичинде Сьерра-де-лас-Минас ж-а Майя биосфералык резерваттары [анын аймагында Тикаль (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген), Рио-Дульсе, Атитлан улуттук парктары] уюшулган.

Негизинен аргындар (55%), ошондой эле индейлер, европалыктар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Көпчүлүгү католиктер, кийинки мезгилде протестанттар көбөйүүдө. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 117 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 67,6, аялдарыныкы – 71,2 жаш. Шаар калкы 39,9%. Ири шаарлары: Гватемала, Кесальтенанго.
Б. з. ч. 2-миӊ жылдыкта Гватемала аймагында индей уруулары жашап, дыйканчылык (жүгөрү, агава, пахта) ж-а мергенчилик м-н кесип кылган. Аларда курулуш, архитектура, астрономия, жазуу жакшы өнүккөн. Б. з. башында Петен-Ица көлүнүн түндүк-чыгышында жогорку деӊгээлде өнүккөн майя цивилизациясынын борборлорунун бири болгон шаарлар пайда болгон. Гватемаланын аймагында майя жазуусу иштелип чыккан. 15-кылымдын аягында уруулардын өз ара согушунан Гватемаланын экономикасы ж-а маданияты төмөндөгөн. Америкадагы испан колонияларынын көз каранды эместиги үчүн согушунун (1810–26) жүрүшүндө Гватемала 1821-жылы Испаниянын эзүүсүнөн бошотулган. 1823-жылы Борбордук Американын бириккен провинцияларынын федерациясынын курамына кирген. 1839-жылы федерация жөнүндөгү пакт жоюлуп, өз алдынча бир нече республика (Гватемала, Гондурас, Никарагуа, Сальвадор ж-а Коста-Рика) түзүлөт. Плантациялык ири чарбалардын өнүгүшү м-н Гватемалада капиталисттик мамилелер калыптана баштайт. 1898-жылы М. Х. Эстрада Кабрера катаал диктатура режимин орнотот. АКШ 20-кылымда Гватемаланын банандуу мыкты жерлерин, темир жолдорун, портторун ээлеп, «мамлекет ичиндеги мамлекет» курат. Өлкөдө 20-жылдары улуттук-боштондук ж-а демократиялык кыймыл кулач жаят. 1931-жылы генерал Х. Убиконун аскердин диктатурасы орнотулат. Өлкөдө репрессия күч алган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилиндеги улуттук-боштондук кыймыл Х. Убиконун кулашын шарттап, 1944–54-жылдагы революциянын жеӊишине алып келди. Х. Аревало (1945–51) м-н Арбенс Гусмандын (1951–54) өкмөттөрү демократиялык конституция кабыл алып, агрардык реформа жүргүзө баштаган, демократиялык эркиндик ж. б. социалдык институттар калыбына келтирилген. 1954–85-жылдар аралыгында бир нече аскердик төӊкөрүштөр болуп өткөн. Өкмөттүк аскерлер м-н Улуттук революциялык биримдик уюмунун ортосундагы 30 жылга созулган куралдуу кагылыштар 1996-жылы токтогон. Узак убакыт партизандык топтор м-н сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 1996-жылдын 29-декабрында Альваро Арсунун (1995-жылы ноябрда президенттикке шайланган) өкмөтү партизандар м-н тынчтык келишимине кол койгон. 2016-жылдан өлкө президенти Алехандро Мальдонадо Агирре.
Гватемала – агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 62,97 млрд доллар (2005, АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 5200 доллардан туура келет. ИДПде тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,1%, айыл, токой ж-а балык чарбаларыныкы 22,8%, өнөр жайдыкы 19,1%. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: кофе, банан, кардамон, гозо; өз керектөөлөрү үчүн жүгөрү, шалы, буурчак өстүрүлөт. Аймагынын 12,5%ин

айдоо аянты ээлейт. Мал чарбачылыгы өнүккөн. Балык кармалат (негизинен креветка). Баалуу тропик дарактары ж-а чикле чайыры (сагыз өндүрүшү үчүн) даярдалат. Туз казылып алынып, иштетилет. 2003-жылы 6,9 млрд кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Тамак-аш – татымал, булгаары, текстиль, нефть-химия өнөр жай ишканалары, нефть ажыратуу, болот-прокат заводдору иштейт. Деӊиз соода флотунун тоннажы 353 миӊ т дедвейт. Темир жолунун узундугу 1139 км, автомобилдики 14 миӊ км, ички суу жолунуку 260 км (жыл бою кеме жүрөт). Деӊиз порттору:

Пуэрто-Барриос, Сан-Хосе, Чамперико. Нефть куурунун узундугу 480 км (2004). Негизги соода шериктери: АКШ, Мексика, Борбордук Америка өлкөлөрү, Германия. Туризм өнүгүүдө.
Майя индейлеринин байыркы маданияты Гватемала аймагында 2–9-кылымдарда гүлдөп өнүккөн (борбордук Тикаль, Каминальгую, Киригуа; пирамида же мунара түрүндөгү храмдар, ак сарайлар, алтарлар, жазылган ж-а оймо-чиймеленген карапа идиштер; таш, сөөктөн жасалган буюмдар). Маданияттын бул салттары индейлердин көркөм өнөр кол өнөрчүлүгүндө (кара, кызыл ж-а ак кездемелерге геометриялык оюу-чийүүлөр, жоолук ж-а курларда адамдар м-н айбандардын келбеттери; эркектердин көйнөктөрүндө ж-а аялдардын кофталарында саймалар, карапа идиштердеги жазуулар, агава буласынан ж-а пальма жалбырагынан токулган буюмдар) сакталып калган. Колониялык мезгилде жаӊы шаарлар өсүп чыкты (Антигуа, Чичикастенанго). Барокко стилиндеги жазы дубалдуу, мавритан мотивинде салынган курулуштар пайда болгон (арх. Л. Диес Наварро, Х. М. Рамирес). Күмүштөн, карапа же жыгачтан жасалып, алтын, күмүш, эмал, лак м-н кооздолгон ыйыктардын өзгөчөлөнгөн статуяларын жасашкан. Живопись диндик мүнөздө өнүккөн. 19–20-кылымдарда реалисттик пейзаж ж-а турмуштук жанр өнүккөн. Индейлердин турмушу жөнүндө сүрөтчүлөр – Т. Фонсен, Р. Ласо, Х. Сисай-Сисай ж. б. тартышкан.