ГДЫНЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГДЫНЯ ''' – Польшанын түндүгүндөгү шаар. Поморье воеводдугунда. Калкы 244,4 миӊ (2016). Балтика деӊизинин Гдань бухтасында жайгашкан. Гданьск, Сопот | '''ГДЫНЯ ''' – Польшанын түндүгүндөгү шаар. Поморье воеводдугунда. Калкы 244,4 миӊ (2016). Балтика деӊизинин Гдань бухтасында жайгашкан. Гданьск, Сопот шаарлары менен Труймясто шаар агломерациясын түзөт (калкы 867,0 миӊ). Ири деӊиз порту (2005-жылы 12,1 млн. тонна жүк ташылган, анын 63% контейнер жүгү). Карлскруна шаары (Швеция) менен паром аркылуу үзгүлтүксүз байланышып турат. Алгач 1253-жылдан эскерилет. 1926-жылдан шаарда Архангел Михаил чиркөөсү (13-кылым), неоготика стилиндеги чарбак-үй (18-кылым), функционализм стилиндеги курулуштар сакталган. Илим-изилдөө институттары, Деӊиз, Аскер-деӊиз академиялары, бир нече менчик жогорку окуу жайлары, музейлер, театрлар бар. Жыл сайын поляк көркөм тасмалардын фестивалы, хореография искусствосунун эл аралык конкурсу, парустуу кайыктардын эл аралык жарышы өткөрүлөт. Гдыня – кеме куруу жана ремонттоо өнөр жайынын ири борбору. «Гдыня» кеме верфи (Европадагы эӊ ири ), кеме муздаткычтарына жана кабель телекөрсөтүүсүнө жабдуу чыгаруучу ишканалары, 2 ЖЭС, Поморье илимий-техникалык паркы (анын базасында электроника өнөр жайы НАТОнун аскерлери үчүн байланыш каражаттарын чыгарат) иштейт. Балык кармалып, беленделет. | ||
[[Файл:Гдыня.jpg|left|thumb|375x375px]] | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:48, 21 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГДЫНЯ – Польшанын түндүгүндөгү шаар. Поморье воеводдугунда. Калкы 244,4 миӊ (2016). Балтика деӊизинин Гдань бухтасында жайгашкан. Гданьск, Сопот шаарлары менен Труймясто шаар агломерациясын түзөт (калкы 867,0 миӊ). Ири деӊиз порту (2005-жылы 12,1 млн. тонна жүк ташылган, анын 63% контейнер жүгү). Карлскруна шаары (Швеция) менен паром аркылуу үзгүлтүксүз байланышып турат. Алгач 1253-жылдан эскерилет. 1926-жылдан шаарда Архангел Михаил чиркөөсү (13-кылым), неоготика стилиндеги чарбак-үй (18-кылым), функционализм стилиндеги курулуштар сакталган. Илим-изилдөө институттары, Деӊиз, Аскер-деӊиз академиялары, бир нече менчик жогорку окуу жайлары, музейлер, театрлар бар. Жыл сайын поляк көркөм тасмалардын фестивалы, хореография искусствосунун эл аралык конкурсу, парустуу кайыктардын эл аралык жарышы өткөрүлөт. Гдыня – кеме куруу жана ремонттоо өнөр жайынын ири борбору. «Гдыня» кеме верфи (Европадагы эӊ ири ), кеме муздаткычтарына жана кабель телекөрсөтүүсүнө жабдуу чыгаруучу ишканалары, 2 ЖЭС, Поморье илимий-техникалык паркы (анын базасында электроника өнөр жайы НАТОнун аскерлери үчүн байланыш каражаттарын чыгарат) иштейт. Балык кармалып, беленделет.
