ГЕЙ-ЛЮССАК ЗАКОНДОРУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕЙ-ЛЮССА́К ЗАКОНДОРУ – | '''ГЕЙ-ЛЮССА́К ЗАКОНДОРУ –''' газдардын негизги закондору. 19-кылымдын башында ''Гей-Люссак'' ачкан. 1) Газдардын жылуулуктан кеӊейүү закону: идеалдуу газдардын берилген массасынын көлөмү туруктуу басымда температуранын жогорулашына түз пропорциялуу кеӊейет. Ал ''изобара процесси'' деп аталат. Мында V<sub>1</sub>/V<sub>2</sub>=T<sub>1</sub>/T<sub>2</sub> барабардыгы аткарылат. Эгерде Т<sub>2</sub>=273K(t=0°С) байланыштарын эске алсак: Т=t+273,15Ξt+ 273, анда закон төмөнкүдөй жазылат: V<sub>1</sub>= V<sub>0</sub>( 1+''а''<sub>v</sub>t), мында V<sub>0</sub>, V<sub>1 </sub>– газдын баштапкы ж-а акыркы температурадагы көлөмдөрү, ''a''<sub>v</sub> – туруктуу басымда газдын көлөмүнүн жылуулуктан кеӊейүү коэффициенти. Ал бардык газдар үчүн бирдей. Закон идеалдуу газ үчүн так аткарылат. 2) Көлөмдүк катыш закону: туруктуу басымда ж-а температурада реакцияга кирүүчү газдардын көлөмү өз ара ж-а реакциядан кийин пайда болгон газдын көлөмүнө катышы бир бүтүн сан болот. Мисалы, 1 көлөм Н<sub>2</sub> 1 көлөм Сl<sub>2</sub> м-н кошулганда 2 көлөм HCl пайда болот: H<sub>2</sub> + Cl<sub>2</sub> = 2HCl, б. а. көлөмдөрдүн катышы 1:1:2ге барабар. Бул закон атом-молекулалык теориянын түзүлүшү үчүн чоӊ роль ойногон ж-а ''Авогадро законунун'' ачылышына түрткү берген. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:25, 16 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕЙ-ЛЮССА́К ЗАКОНДОРУ – газдардын негизги закондору. 19-кылымдын башында Гей-Люссак ачкан. 1) Газдардын жылуулуктан кеӊейүү закону: идеалдуу газдардын берилген массасынын көлөмү туруктуу басымда температуранын жогорулашына түз пропорциялуу кеӊейет. Ал изобара процесси деп аталат. Мында V1/V2=T1/T2 барабардыгы аткарылат. Эгерде Т2=273K(t=0°С) байланыштарын эске алсак: Т=t+273,15Ξt+ 273, анда закон төмөнкүдөй жазылат: V1= V0( 1+аvt), мында V0, V1 – газдын баштапкы ж-а акыркы температурадагы көлөмдөрү, av – туруктуу басымда газдын көлөмүнүн жылуулуктан кеӊейүү коэффициенти. Ал бардык газдар үчүн бирдей. Закон идеалдуу газ үчүн так аткарылат. 2) Көлөмдүк катыш закону: туруктуу басымда ж-а температурада реакцияга кирүүчү газдардын көлөмү өз ара ж-а реакциядан кийин пайда болгон газдын көлөмүнө катышы бир бүтүн сан болот. Мисалы, 1 көлөм Н2 1 көлөм Сl2 м-н кошулганда 2 көлөм HCl пайда болот: H2 + Cl2 = 2HCl, б. а. көлөмдөрдүн катышы 1:1:2ге барабар. Бул закон атом-молекулалык теориянын түзүлүшү үчүн чоӊ роль ойногон ж-а Авогадро законунун ачылышына түрткү берген.