ГЕЛЬМИНТОСПОРИОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕЛЬМИНТОСПОРИО́З – ''' өсүмдүктүн Helminthosporium уруусундагы мите козу карындар пайда кылуучу илдети. Негизинен дан өсүмдүктөрү ж-а нымдуу райондордо кээ бир | '''ГЕЛЬМИНТОСПОРИО́З – ''' өсүмдүктүн Helminthosporium уруусундагы мите козу карындар пайда кылуучу илдети. Негизинен дан өсүмдүктөрү ж-а нымдуу райондордо кээ бир техникалык өсүмдүктөр жабыркайт. Өсүмдүк жалбырагын ж-а данын темгил так басып, карарып, тамыры м-н сабагы чирийт. Илдет үрөн ж-а өсүмдүк калдыгы м-н тарайт. Арпа (тилке темгил ж-а калбыр темгил), сулу, жүгөрү, шалы, апийим, гозо чанагынын гельминтоспориозу көбүрөөк таралган. Арпанын т и л к е т е м г и л и – өсүмдүктүн эӊ коркунучтуу илдетинин бири, анда жалбырагын так басып, бозоруп, куурап калат. Дүмбүлү карарат. К а л б ы р т е м г и л д е жалбырагына саргыч кырбылуу боз так түшөт. Даны күрөӊ түскө айланат. Сактануу чаралары: тоӊдурма айдоо, фосфор-калийлүү жер семирткич чачуу ж. б., паянын минералданышын тездетүүчү агротехникалык чараларды көрүү, өсүмдүк калдыгын өрттөп жок кылуу; үрөндү себер алдында тазалоо, сорттоо ж-а дарылоо. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:03, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕЛЬМИНТОСПОРИО́З – өсүмдүктүн Helminthosporium уруусундагы мите козу карындар пайда кылуучу илдети. Негизинен дан өсүмдүктөрү ж-а нымдуу райондордо кээ бир техникалык өсүмдүктөр жабыркайт. Өсүмдүк жалбырагын ж-а данын темгил так басып, карарып, тамыры м-н сабагы чирийт. Илдет үрөн ж-а өсүмдүк калдыгы м-н тарайт. Арпа (тилке темгил ж-а калбыр темгил), сулу, жүгөрү, шалы, апийим, гозо чанагынын гельминтоспориозу көбүрөөк таралган. Арпанын т и л к е т е м г и л и – өсүмдүктүн эӊ коркунучтуу илдетинин бири, анда жалбырагын так басып, бозоруп, куурап калат. Дүмбүлү карарат. К а л б ы р т е м г и л д е жалбырагына саргыч кырбылуу боз так түшөт. Даны күрөӊ түскө айланат. Сактануу чаралары: тоӊдурма айдоо, фосфор-калийлүү жер семирткич чачуу ж. б., паянын минералданышын тездетүүчү агротехникалык чараларды көрүү, өсүмдүк калдыгын өрттөп жок кылуу; үрөндү себер алдында тазалоо, сорттоо ж-а дарылоо.