ГЕМОГЛОБИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕМОГЛОБИ́Н ''' (''гемо''… ж-а лат. globus – тоголок) – адамдын, омурткалуу ж-а айрым омурткасыз жаныбарлардын канындагы темирлүү кызгылт пигмент. Ал кычкылтекти өпкөдөн организмдин ткандарына, көмүр кычкыл газды ткандардан өпкөгө жеткирет. | '''ГЕМОГЛОБИ́Н ''' (''гемо''… ж-а лат. globus – тоголок) – адамдын, омурткалуу ж-а айрым омурткасыз жаныбарлардын канындагы темирлүү кызгылт пигмент. Ал кычкылтекти өпкөдөн организмдин ткандарына, көмүр кычкыл газды ткандардан өпкөгө жеткирет. Гемоглобин кызыл кан клеткаларынын (эритроциттердин) кургак калдыгынын 94%ин түзөт. Ал өпкөдө кычкылтек м-н биригип, оксигемоглобинди пайда кылат. Кычкылтек м-н каныккан кан ачык кызыл түстө болот (артерия каны). Оксигемоглобин капиллярлар (майда кан тамырлар) аркылуу өткөндө гемоглобинге ж-а кычкылтекке ажырап, кычкылтек тканга сиӊет. Бул учурда кан кочкул кызыл түскө өтөт (вена каны). Адамдын канында гемоглобиндин саны туруктуу болот, орто эсеп м-н 13–16%; салмагы боюнча 78–96%; бирок кээ бир ооруларда өзгөрүшү мүмкүн. Канда анын азайышы, тамак-ашта витаминдер, минерал туздар жетишпегенде, кан ж-а рак ооруларында, кан көп кеткенде байкалат. Диагноз коюуда гемоглобиндин санын аныктоо медициналык практикада кеӊири колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:55, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕМОГЛОБИ́Н (гемо… ж-а лат. globus – тоголок) – адамдын, омурткалуу ж-а айрым омурткасыз жаныбарлардын канындагы темирлүү кызгылт пигмент. Ал кычкылтекти өпкөдөн организмдин ткандарына, көмүр кычкыл газды ткандардан өпкөгө жеткирет. Гемоглобин кызыл кан клеткаларынын (эритроциттердин) кургак калдыгынын 94%ин түзөт. Ал өпкөдө кычкылтек м-н биригип, оксигемоглобинди пайда кылат. Кычкылтек м-н каныккан кан ачык кызыл түстө болот (артерия каны). Оксигемоглобин капиллярлар (майда кан тамырлар) аркылуу өткөндө гемоглобинге ж-а кычкылтекке ажырап, кычкылтек тканга сиӊет. Бул учурда кан кочкул кызыл түскө өтөт (вена каны). Адамдын канында гемоглобиндин саны туруктуу болот, орто эсеп м-н 13–16%; салмагы боюнча 78–96%; бирок кээ бир ооруларда өзгөрүшү мүмкүн. Канда анын азайышы, тамак-ашта витаминдер, минерал туздар жетишпегенде, кан ж-а рак ооруларында, кан көп кеткенде байкалат. Диагноз коюуда гемоглобиндин санын аныктоо медициналык практикада кеӊири колдонулат.