ГЕМОЛИЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕМО́ЛИЗ ''' (''гемо''… ж-а гр. lуsis – ажыроо, эрүү), э р и т р о ц и т о л и з – тышкы чөйрөгө ''гемоглобинди'' бөлүп чыгаруу м-н кандагы эритроциттердин бузулушу. Физиол. Г. эритроциттин жашоо циклинин бүтүшү (12 күндөй) адамдын ж-а жаныбарлардын организминде тынымсыз жүрүп турат. Анда күнүнө эритроциттин бүт массасынын 0,8% Г-ге учурайт. Ал көбүнчө көк боордо жүрөт. Эритроциттер ажыраганда андан бөлүнгөн (бошонгон) гемоглобинден өт пигменттеринин бири – билирубин пайда болот. Патол. Г. ''аз кандуулукта'' (Г-дик), гемоглобинопатияда байкалат. Анда эритроциттердин бузулушу боор, кемик, лимфа түйүндөрүнүн ж. б. клеткаларында, о. эле кан тамырларда жүрөт. Г-дин тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса Г-ге клеткадагы ж-а кан тамырдын ичиндеги Г-дик аз кандуулук мүнөздүү. Анда сарык, көк боордун чоӊоюшу, ретикулоцитоз ж. б. байкалат. Кийин пайда болгон Г-дин табияты аутоиммундук болуп, анда эритроциттердин ажырашы антителолордун пайда болуусунун эсебинен жүрөт. Эритроциттердин көп массасынын бузулушу (мис., Г-дик аз кандуулукта) организмдин оор абалга (Г-дик шок) ж-а өлүмгө учуратышы мүмкүн. Консерваланган кан көпкө сакталганда Г. жүрүп, куюуга жараксыз болуп калышы ыктымал.
'''ГЕМО́ЛИЗ ''' (''гемо''… ж-а гр. lуsis – ажыроо, эрүү), э р и т р о ц и т о л и з – тышкы чөйрөгө ''гемоглобинди'' бөлүп чыгаруу м-н кандагы эритроциттердин бузулушу. Физиологиялык гемолиз эритроциттин жашоо циклинин бүтүшү (12 күндөй) адамдын ж-а жаныбарлардын организминде тынымсыз жүрүп турат. Анда күнүнө эритроциттин бүт массасынын 0,8% гемолизге учурайт. Ал көбүнчө көк боордо жүрөт. Эритроциттер ажыраганда андан бөлүнгөн (бошонгон) гемоглобинден өт пигменттеринин бири – билирубин пайда болот. Патологиялык гемолиз ''аз кандуулукта'' (гемолиздик), гемоглобинопатияда байкалат. Анда эритроциттердин бузулушу боор, кемик, лимфа түйүндөрүнүн ж. б. клеткаларында, ошондой эле кан тамырларда жүрөт. Гемолиздин тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса гемолизге клеткадагы ж-а кан тамырдын ичиндеги гемолиздик аз кандуулук мүнөздүү. Анда сарык, көк боордун чоӊоюшу, ретикулоцитоз ж. б. байкалат. Кийин пайда болгон гемолиздин табияты аутоиммундук болуп, анда эритроциттердин ажырашы антителолордун пайда болуусунун эсебинен жүрөт. Эритроциттердин көп массасынын бузулушу (мисалы, гемолиздик аз кандуулукта) организмдин оор абалга (гемолиздик шок) ж-а өлүмгө учуратышы мүмкүн. Консерваланган кан көпкө сакталганда гемолиз жүрүп, куюуга жараксыз болуп калышы ыктымал.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:07, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕМО́ЛИЗ (гемо… ж-а гр. lуsis – ажыроо, эрүү), э р и т р о ц и т о л и з – тышкы чөйрөгө гемоглобинди бөлүп чыгаруу м-н кандагы эритроциттердин бузулушу. Физиологиялык гемолиз эритроциттин жашоо циклинин бүтүшү (12 күндөй) адамдын ж-а жаныбарлардын организминде тынымсыз жүрүп турат. Анда күнүнө эритроциттин бүт массасынын 0,8% гемолизге учурайт. Ал көбүнчө көк боордо жүрөт. Эритроциттер ажыраганда андан бөлүнгөн (бошонгон) гемоглобинден өт пигменттеринин бири – билирубин пайда болот. Патологиялык гемолиз аз кандуулукта (гемолиздик), гемоглобинопатияда байкалат. Анда эритроциттердин бузулушу боор, кемик, лимфа түйүндөрүнүн ж. б. клеткаларында, ошондой эле кан тамырларда жүрөт. Гемолиздин тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса гемолизге клеткадагы ж-а кан тамырдын ичиндеги гемолиздик аз кандуулук мүнөздүү. Анда сарык, көк боордун чоӊоюшу, ретикулоцитоз ж. б. байкалат. Кийин пайда болгон гемолиздин табияты аутоиммундук болуп, анда эритроциттердин ажырашы антителолордун пайда болуусунун эсебинен жүрөт. Эритроциттердин көп массасынын бузулушу (мисалы, гемолиздик аз кандуулукта) организмдин оор абалга (гемолиздик шок) ж-а өлүмгө учуратышы мүмкүн. Консерваланган кан көпкө сакталганда гемолиз жүрүп, куюуга жараксыз болуп калышы ыктымал.