ГЕНОФОНД: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕНОФО́НД ''' (''ген...'' ж-а фр. fond, лат. fundus – негиздегенден) – кандайдыр бир жыштыкта кездешкени м-н мүнөздөлгөн бир топтогу (популяциядагы, популяция ж-а түр тобундагы) гендердин жыйындысы. Терминди орус биологу А. С. Серебровский 1928-ж. киргизген. Планетанын эӊ бай | '''ГЕНОФО́НД ''' (''ген...'' ж-а фр. fond, лат. fundus – негиздегенден) – кандайдыр бир жыштыкта кездешкени м-н мүнөздөлгөн бир топтогу (популяциядагы, популяция ж-а түр тобундагы) гендердин жыйындысы. Терминди орус биологу А. С. Серебровский 1928-ж. киргизген. Планетанын эӊ бай генофонду нымдуу тропик токойлорунда (Амазонка дарыясынын алабы ж. б.) орун алган. Анда болжол м-н 50000ден ашык өсүмдүк түрү, ошондой эле бизге белгилүү болгон жаныбарлардын жарымынан көбү (курт кумурскалардын 80%; приматтардын 90%) катталган. Бирок бул аймактар акыркы жылдары адамзаттын иш-аракетинин натыйжасында кескин кыскарууга дуушар болууда (к. ''Табиятты коргоо''). Өсүмдүктөр м-н жаныбарлар популяцияларынын генофондун сактоо – жандуу жаратылышты коргоонун негизги маселелеринин бири. Алардын генофондун коргоодо ж-а көбөйтүүдө улуттук парктар, биосфералык коруктар, зоопарктар, ботаникалык бактар, генбанктары ж. б. мааниси чоӊ. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:48, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕНОФО́НД (ген... ж-а фр. fond, лат. fundus – негиздегенден) – кандайдыр бир жыштыкта кездешкени м-н мүнөздөлгөн бир топтогу (популяциядагы, популяция ж-а түр тобундагы) гендердин жыйындысы. Терминди орус биологу А. С. Серебровский 1928-ж. киргизген. Планетанын эӊ бай генофонду нымдуу тропик токойлорунда (Амазонка дарыясынын алабы ж. б.) орун алган. Анда болжол м-н 50000ден ашык өсүмдүк түрү, ошондой эле бизге белгилүү болгон жаныбарлардын жарымынан көбү (курт кумурскалардын 80%; приматтардын 90%) катталган. Бирок бул аймактар акыркы жылдары адамзаттын иш-аракетинин натыйжасында кескин кыскарууга дуушар болууда (к. Табиятты коргоо). Өсүмдүктөр м-н жаныбарлар популяцияларынын генофондун сактоо – жандуу жаратылышты коргоонун негизги маселелеринин бири. Алардын генофондун коргоодо ж-а көбөйтүүдө улуттук парктар, биосфералык коруктар, зоопарктар, ботаникалык бактар, генбанктары ж. б. мааниси чоӊ.