ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР ''' – жер бетиндеги чекиттердин ордун аныктоочу чоӊдуктар. Алар берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы (кеӊдик), о. эле чекит аркылуу өткөн меридиан тегиздиги м-н баштапкы меридиан тегиздигинин аралыгындагы (узундук) бурч м-н өлчөнөт. Кеӊдик м-н узундук бурчтарды өлчөөчү аспаптар (универсалдык аспап, секстант ж. б.) м-н асман телолорун (Күн, жылдыз, Ай ж. б.)
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР ''' – жер бетиндеги чекиттердин ордун аныктоочу чоӊдуктар. Алар берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы (кеӊдик), ошондой эле чекит аркылуу өткөн меридиан тегиздиги м-н баштапкы меридиан тегиздигинин аралыгындагы (узундук) бурч м-н өлчөнөт. Кеӊдик м-н узундук бурчтарды өлчөөчү аспаптар (универсалдык аспап, секстант ж. б.) м-н асман телолорун (Күн, жылдыз, Ай ж. б.)<br/>
<br/>
[[File:ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР108.png | thumb | М чекитинин географиялык координаталары: кеӊдик  (MCN бурчу); узундук λ (ОCN бурчу). Р ж-а P^ – Жердин айлануу огу м-н жер бетинин кесилишкен чекиттери (географиялык уюлдар).]]
[[File:ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР108.png | thumb | М чекитинин географиялык координаталары: кеӊдик  (MCN бурчу); узундук λ (ОCN бурчу). Р ж-а P^ – Жердин айлануу огу м-н жер бетинин кесилишкен чекиттери (географиялык уюлдар).]]
байкоо ж-а астр. байкоодон алынган жерг. убакытты дүйнөлүк убакыт м-н салыштыруу аркылуу аныкталат. Аныкталган Г. к. жер бетинин чекитинин астр. координаталары деп аталат. Кеӊдик экватордун эки жагына 0°тан 90°ка чейин Түн. жарым шарда оӊ, Түш. жарым шарда терс деп эсептелинет. Узундук меридиан башталышынан 0°тан 360°ка чейин чыгышка (чыгыш узундук) же батышка (батыш узундук) карай саналат. О. эле, баштапкы меридиандан 0°тан 180°ка чейин чыгышка ж-а батышка карай эсептөө системасы да колдонулат. Эл аралык келишим б-ча («биринчи», «нөлдүк») меридиан башталышы катары Гринвич (Лондон) обсерваториясы аркылуу өткөн меридиан (Хёрстмонсо сепилине которулгуча) кабыл алынган. Мурда меридиан башталышы катары Иерро (Канар а-ндагы), Париж, Берлин ж-а Пулков обсерваторияларынын меридиандары колдонулуп келген. Кырг-ндын Г. к. болжол м-н 39–43° түн. кеӊдикте ж-а 70–80° чыгыш узундукта орун алган.
байкоо ж-а астрономиялык байкоодон алынган жергиликтүү убакытты дүйнөлүк убакыт м-н салыштыруу аркылуу аныкталат. Аныкталган Географиялык координаталар жер бетинин чекитинин астрономиялык координаталары деп аталат. Кеӊдик экватордун эки жагына 0°тан 90°ка чейин Түндүк жарым шарда оӊ, Түштүк жарым шарда терс деп эсептелинет. Узундук меридиан башталышынан 0°тан 360°ка чейин чыгышка (чыгыш узундук) же батышка (батыш узундук) карай саналат. Ошондой эле, баштапкы меридиандан 0°тан 180°ка чейин чыгышка ж-а батышка карай эсептөө системасы да колдонулат. Эл аралык келишим боюнча («биринчи», «нөлдүк») меридиан башталышы катары Гринвич (Лондон) обсерваториясы аркылуу өткөн меридиан (Хёрстмонсо сепилине которулгуча) кабыл алынган. Мурда меридиан башталышы катары Иерро (Канар аралындагы), Париж, Берлин ж-а Пулков обсерваторияларынын меридиандары колдонулуп келген. Кыргызстандын Географиялык координаталары болжол м-н 39–43° түндүк кеӊдикте ж-а 70–80° чыгыш узундукта орун алган.<br/>''У. Мукамбетов''
<br/>''У. Мукамбетов''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:38, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР – жер бетиндеги чекиттердин ордун аныктоочу чоӊдуктар. Алар берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы (кеӊдик), ошондой эле чекит аркылуу өткөн меридиан тегиздиги м-н баштапкы меридиан тегиздигинин аралыгындагы (узундук) бурч м-н өлчөнөт. Кеӊдик м-н узундук бурчтарды өлчөөчү аспаптар (универсалдык аспап, секстант ж. б.) м-н асман телолорун (Күн, жылдыз, Ай ж. б.)

М чекитинин географиялык координаталары: кеӊдик  (MCN бурчу); узундук λ (ОCN бурчу). Р ж-а P^ – Жердин айлануу огу м-н жер бетинин кесилишкен чекиттери (географиялык уюлдар).

байкоо ж-а астрономиялык байкоодон алынган жергиликтүү убакытты дүйнөлүк убакыт м-н салыштыруу аркылуу аныкталат. Аныкталган Географиялык координаталар жер бетинин чекитинин астрономиялык координаталары деп аталат. Кеӊдик экватордун эки жагына 0°тан 90°ка чейин Түндүк жарым шарда оӊ, Түштүк жарым шарда терс деп эсептелинет. Узундук меридиан башталышынан 0°тан 360°ка чейин чыгышка (чыгыш узундук) же батышка (батыш узундук) карай саналат. Ошондой эле, баштапкы меридиандан 0°тан 180°ка чейин чыгышка ж-а батышка карай эсептөө системасы да колдонулат. Эл аралык келишим боюнча («биринчи», «нөлдүк») меридиан башталышы катары Гринвич (Лондон) обсерваториясы аркылуу өткөн меридиан (Хёрстмонсо сепилине которулгуча) кабыл алынган. Мурда меридиан башталышы катары Иерро (Канар аралындагы), Париж, Берлин ж-а Пулков обсерваторияларынын меридиандары колдонулуп келген. Кыргызстандын Географиялык координаталары болжол м-н 39–43° түндүк кеӊдикте ж-а 70–80° чыгыш узундукта орун алган.
У. Мукамбетов