ГЕОМЕТРИЯЛЫК ОПТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОМЕТРИЯЛЫК О́ПТИКА – ''' ''оптиканын'' бир бөлүмү. Тунук чөйрөдө жарык геом. түз сызык б-ча таралат деген түшүнүктүн негизинде жарыктын таралуу закондорун изилдейт. Г. о. закондору оптикалык системалардын жөнөкөйлө- түлгөн, бирок көпчүлүк учурда жетишерлик так теориясын түзүүгө мүмкүндүк берет. Оптикалык сүрөттөлүштүн пайда болушун түшүндүрөт, оптикалык системалардын абберациясын эсептөөгө ж-а оптикалык система аркылуу өткөн жарык нурунун энергиялык катышын чыгарууга жардам көрсөтөт. Жарык нурларынын бири бирине көз каранды болбой таралышы ж-дөгү көз караштар байыркы илимде эле пайда болгон. Байыркы грек окумуштуусу ''Евклид'' жарыктын түз таралуу ж-а күзгүлүү чагылуу законун негиздеген. Кээ бир оптикалык куралдар (көрүү түтүгү, ''телескоп, микроскоп'' ж. б.) 17-к-да ойлонуп табылгандан кийин, Г. о. тез өнүккөн. Голл. математик В. Снелл ж-а фр. окумуштуу Р. Декарт тарабынан жарыктын чагылуу ж-а сынуу закондору тажрыйба жүзүндө аныкталган. 18-к-дан баштап оптикалык системаларды эсептөө ыкмалары жакшыртылып, Г. о. колдонмо илим катары өнүккөн. Г. о. закондору Ааламды изилдөөдө, а. ч-нда, медицинада ж. б. ил. изилдөөлөрдө кеӊири колдонулат.
'''ГЕОМЕТРИЯЛЫК ОПТИКА  – ''' ''оптиканын'' бир бөлүмү. Тунук чөйрөдө жарык геометриялык түз сызык боюнча таралат деген түшүнүктүн негизинде жарыктын таралуу закондорун изилдейт. Геометриялык оптика закондору оптикалык системалардын жөнөкөйлөтүлгөн, бирок көпчүлүк учурда жетишерлик так теориясын түзүүгө мүмкүндүк берет. Оптикалык сүрөттөлүштүн пайда болушун түшүндүрөт, оптикалык системалардын абберациясын эсептөөгө ж-а оптикалык система аркылуу өткөн жарык нурунун энергиялык катышын чыгарууга жардам көрсөтөт. Жарык нурларынын бири бирине көз каранды болбой таралышы жөнүндөгү көз караштар байыркы илимде эле пайда болгон. Байыркы грек окумуштуусу ''Евклид'' жарыктын түз таралуу ж-а күзгүлүү чагылуу законун негиздеген. Кээ бир оптикалык куралдар (көрүү түтүгү, ''телескоп, микроскоп'' ж. б.) 17-кылымда ойлонуп табылгандан кийин, геометрия тез өнүккөн. Голландиялык математик В. Снелл ж-а франциялык окумуштуу Р. Декарт тарабынан жарыктын чагылуу ж-а сынуу закондору тажрыйба жүзүндө аныкталган. 18-кылымдан баштап оптикалык системаларды эсептөө ыкмалары жакшыртылып, геометриялык оптика колдонмо илим катары өнүккөн. Геометриялык оптика закондору Ааламды изилдөөдө, айыл чарбасында, медицинада ж. б. илимий изилдөөлөрдө кеӊири колдонулат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:32, 22 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОМЕТРИЯЛЫК ОПТИКА – оптиканын бир бөлүмү. Тунук чөйрөдө жарык геометриялык түз сызык боюнча таралат деген түшүнүктүн негизинде жарыктын таралуу закондорун изилдейт. Геометриялык оптика закондору оптикалык системалардын жөнөкөйлөтүлгөн, бирок көпчүлүк учурда жетишерлик так теориясын түзүүгө мүмкүндүк берет. Оптикалык сүрөттөлүштүн пайда болушун түшүндүрөт, оптикалык системалардын абберациясын эсептөөгө ж-а оптикалык система аркылуу өткөн жарык нурунун энергиялык катышын чыгарууга жардам көрсөтөт. Жарык нурларынын бири бирине көз каранды болбой таралышы жөнүндөгү көз караштар байыркы илимде эле пайда болгон. Байыркы грек окумуштуусу Евклид жарыктын түз таралуу ж-а күзгүлүү чагылуу законун негиздеген. Кээ бир оптикалык куралдар (көрүү түтүгү, телескоп, микроскоп ж. б.) 17-кылымда ойлонуп табылгандан кийин, геометрия тез өнүккөн. Голландиялык математик В. Снелл ж-а франциялык окумуштуу Р. Декарт тарабынан жарыктын чагылуу ж-а сынуу закондору тажрыйба жүзүндө аныкталган. 18-кылымдан баштап оптикалык системаларды эсептөө ыкмалары жакшыртылып, геометриялык оптика колдонмо илим катары өнүккөн. Геометриялык оптика закондору Ааламды изилдөөдө, айыл чарбасында, медицинада ж. б. илимий изилдөөлөрдө кеӊири колдонулат.