ВЕРТОЛЁТ: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
|
11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -га соңку нускасы
т и к у ч а к, г е л и к о п т е р – горизонталдык тегиздикте айлануучу бир же бир нече винттин жардамы м-н тик көтөрүлүп, кайра коно турган учуучу аппарат. В. күүлөнбөстөн эле тик өйдө көтөрүлөт ж-а конот, абада калкып тура алат, ар тарапты көздөй ар кандай ылдамдыкта учат. В-тун винттери кыймылдаткычтан айланат. В-ко негизинен поршендүү ж-а аба-реактивдүү кыймылдаткыч орнотулат, ал
Ми-26 вертолёту.
Жүк ташуучу Chinook-46 вертолёту (АКШ). эми кубаттуулугун жогорулатуу үчүн ракета кыймылдаткычы да пайдаланылат. Айрым В-тордо самолёттун бир валдуу турбовинттүү кыймылдаткычы колдонулуп келген, бирок кийинчерээк эки валдуу турбовинттүү кыймылдатычтар (өзгөчө көп кыймылдаткычтуу В-то) пайдаланылып жатат. Учуп жүргөндө кокустан кыймылдаткыч иштебей калса, алып жүрүүчү винттер өзүнөн-өзү айлангандыктан, В-ту улам ылдыйлатып барып кондурууга болот. Алып жүрүүчү винттин реактивдик моментин теӊ салмакта сактоонун ыкмасына карата В. бир, эки ж-а көп винттүү болуп айырмаланат. Ар кандай В. самолёттукундай эле планёрдон (фюзеляж, шасси, башкаруу органы, электр, радио ж-а навигациялык жабдуулар), алып жүрүүчү винттерден, күч берүүчү (кыймылдаткыч) орнотмодон ж-а трансмиссиядан турат. 15-к-да Леонардо да Винчи В. сымал аппараттын сүрөттөлүшүн жазып чыккан. 1907-ж. Пол Корню (Франция) биринчи жолу алгачкы В-то 30 см бийиктикте эркин учуп, абада 20 сек кармалган, бирок бул аппарат практикада колдонууга даяр эмес болгон. Биринчи жолу асманга эки роторлуу «Фокке-Вульф FW61» В-у көтөрүлгөн. Колдонууга жарактуу алгачкы Сикорск системасындагы VS-300 бир моторлуу В. 1940-ж. жасалган. СССРде сериялуу чыгарылган алгачкы (1948) В. МИ-1 (конструктору М. Л. Миль) болгон. В-тун ылдамдыгы 350–370 км/саат, жүк көтөрүмдүүлүгү 40 тга, ал эми учуу аралыгы 2000 кмге чейин жетет. В-тор жүргүнчү (МИ-8) ж-а жүк (Ми-4, Ми-6) ташууда; атайын жумушта – а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери м-н күрөшүүдө, өрт өчүрүүдө ж. б. (Ка-15, Ка-26, Ми-1, Ми-2); геол. чалгындоо иштеринде (Ка-26); гравиметриялык сүрөткө тартууда (Ка-18); жогорку чыӊалуудагы газ ж-а нефть өткөргүчтөрүн текшерүүдө (Ка-18, К-26); ири өлчөмдүү жабдууларды ж-а орнотмолорду орнотуу ишинде (Ми-10); санит. ж-а куткаруу жумуштарында (Ка-18), о. эле аскердик тапшырмаларды аткаруу үчүн куралдуу күчтөрдө колдонулат.