ВЕСЕЛОВСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕСЕЛ́ОВСКИЙ''' Николай Иванович (12.11.1848, Москва – 12.4.1918, Санкт-Петербург) – орус чыгыш таануучусу, тарыхчы, этнограф, археолог. 1873-ж. Санкт-Петербург ун-тинин чыгыш тилдери ф-тин бүтүргөн. 1890-жылдан Санкт-Петербург ун-тинин проф. Санкт-Петербург ИАнын (1917) ж-а Россия ИАнын корр. мүчөсү (1917), Орус археол. коомунун мүчөсү болуп шайланган. В. В. ''Григорьевдин'' окуучусу ж-а анын ишин улантуучусу болгон. О. Азиянын тарыхын, археологиясын, этнографиясын изилдеген. В. СССРдин Европа бөлүгүндө ж-а Сибирь, Монголия талааларында кездешкен балбал таштар түрк урууларынын мад-тына таандык экендигин далилдеген. Ал алгачкылардан болуп О. Азиядагы байыркы шаарларда, а. и. ''Афрасиабда'' казуу, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын эмгектеринде О. Азия, Алтын Ордо тарыхы, Кара деӊиз жээгиндеги хунндар, сактар тууралуу маанилүү даректер камтылган. Ал казак элинин тунгуч окумуштуусу Ч. ''Валихановдун'' бир томдук чыгармалар жыйнагынын редактору ж-а анын жарыкка чыгышына (1904) түздөн-түз салымын кошкон.  
'''ВЕСЕЛО́ВСКИЙ ''' '''Николай Иванович''' (12.11.1848, Москва – 12.4.1918, Санкт-Петербург) – орус чыгыш таануучусу, тарыхчы, этнограф, археолог. 1873-жылы Санкт-Петербург университетинин чыгыш тилдери факультетин бүтүргөн. 1890-жылдан Санкт-Петербург университетинин профессору, Санкт-Петербург ИАнын (1917) ж-а Россия ИАнын корреспондент-мүчөсү (1917), Орус археологиялык коомунун мүчөсү болуп шайланган. В. В. ''Григорьевдин'' окуучусу ж-а анын ишин улантуучусу болгон. Орто Азиянын тарыхын, археологиясын, этнографиясын изилдеген. Веселовский СССРдин Европа бөлүгүндө ж-а Сибирь, Монголия талааларында кездешкен балбал таштар түрк урууларынын маданиятына таандык экендигин далилдеген. Ал алгачкылардан болуп Орто Азиядагы байыркы шаарларда, анын ичинде ''Афрасиабда'' казуу, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын эмгектеринде Орто Азия, Алтын Ордо тарыхы, Кара деӊиз жээгиндеги хунндар, сактар тууралуу маанилүү даректер камтылган. Ал казак элинин тунгуч окумуштуусу Ч. ''Валихановдун'' бир томдук чыгармалар жыйнагынын редактору ж-а анын жарыкка чыгышына (1904) түздөн-түз салымын кошкон.  
Чыг.: Очерк историко-географических сведений о Хивинском ханстве от древнейших времён до настоящего. СПб., 1877; Мангытские династии ныне царствующие в Бухаре. СПб., 1878; Мечети Самарканда. Вып. 1. СПб., 1905; Хан из темников Золотой Орды Ногай и его время. Петербург, 1922.  
 
<br />Чыг.: Очерк историко-географических сведений о Хивинском ханстве от древнейших времён до настоящего. СПб., 1877; Мангытские династии ныне царствующие в Бухаре. СПб., 1878; Мечети Самарканда. Вып. 1. СПб., 1905; Хан из темников Золотой Орды Ногай и его время. Петербург, 1922.
 
 
 
 
'''ВЕСПУЧЧИ Америго''' [9.3.1454 (1451), Флоренция – 22.2.1512, Севилья] – деӊиз саякатчысы. 1491-жылы Испанияга көчүп келген. Алгач Медичи банкында кенже кызматкер, кийинчерээк ошол фирманын Севильядагы агенти болуп кызмат өтөгөн. Х. Колумбдун 2- ж-а 3-экспедициясын даярдоого катышкан. 1497–98-жылдарда Канар аралына саякат жасаган. 1499–1500-жылдарда Испаниянын, 1501–04-жылдарда Португалиянын деӊиз кызматында, 1508–12-жылдарда Кастилиянын башкы кеме башкаруучусу (кормчий) болгон. 1499–1504-жылдарда Жаӊы Дүйнөнүн жээктерине болгон экспедицияларга катышкан. Бул саякаты тууралуу Лоренцо<br />
[[File:ВЕСЕЛОВСКИЙ119.png | thumb | none]]
Медичи м-н Пьеро Содериниге жазган каттары дүйнөгө белгилүү болуп, басма беттерине бир нече тилде (1505–10) басылган. Лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер Колумб ачкан «дүйнөнүн төртүнчү бөлүгүн» Веспуччи тапты деп жарыялап, анын урматына Америка деп (1507) аталып, 1538-жылы картограф Меркатордун картасына «Америка» деген ат м-н түшүрүлгөн.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:56, 6 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВЕСЕЛО́ВСКИЙ Николай Иванович (12.11.1848, Москва – 12.4.1918, Санкт-Петербург) – орус чыгыш таануучусу, тарыхчы, этнограф, археолог. 1873-жылы Санкт-Петербург университетинин чыгыш тилдери факультетин бүтүргөн. 1890-жылдан Санкт-Петербург университетинин профессору, Санкт-Петербург ИАнын (1917) ж-а Россия ИАнын корреспондент-мүчөсү (1917), Орус археологиялык коомунун мүчөсү болуп шайланган. В. В. Григорьевдин окуучусу ж-а анын ишин улантуучусу болгон. Орто Азиянын тарыхын, археологиясын, этнографиясын изилдеген. Веселовский СССРдин Европа бөлүгүндө ж-а Сибирь, Монголия талааларында кездешкен балбал таштар түрк урууларынын маданиятына таандык экендигин далилдеген. Ал алгачкылардан болуп Орто Азиядагы байыркы шаарларда, анын ичинде Афрасиабда казуу, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын эмгектеринде Орто Азия, Алтын Ордо тарыхы, Кара деӊиз жээгиндеги хунндар, сактар тууралуу маанилүү даректер камтылган. Ал казак элинин тунгуч окумуштуусу Ч. Валихановдун бир томдук чыгармалар жыйнагынын редактору ж-а анын жарыкка чыгышына (1904) түздөн-түз салымын кошкон.


Чыг.: Очерк историко-географических сведений о Хивинском ханстве от древнейших времён до настоящего. СПб., 1877; Мангытские династии ныне царствующие в Бухаре. СПб., 1878; Мечети Самарканда. Вып. 1. СПб., 1905; Хан из темников Золотой Орды Ногай и его время. Петербург, 1922.



ВЕСПУЧЧИ Америго [9.3.1454 (1451), Флоренция – 22.2.1512, Севилья] – деӊиз саякатчысы. 1491-жылы Испанияга көчүп келген. Алгач Медичи банкында кенже кызматкер, кийинчерээк ошол фирманын Севильядагы агенти болуп кызмат өтөгөн. Х. Колумбдун 2- ж-а 3-экспедициясын даярдоого катышкан. 1497–98-жылдарда Канар аралына саякат жасаган. 1499–1500-жылдарда Испаниянын, 1501–04-жылдарда Португалиянын деӊиз кызматында, 1508–12-жылдарда Кастилиянын башкы кеме башкаруучусу (кормчий) болгон. 1499–1504-жылдарда Жаӊы Дүйнөнүн жээктерине болгон экспедицияларга катышкан. Бул саякаты тууралуу Лоренцо

Медичи м-н Пьеро Содериниге жазган каттары дүйнөгө белгилүү болуп, басма беттерине бир нече тилде (1505–10) басылган. Лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер Колумб ачкан «дүйнөнүн төртүнчү бөлүгүн» Веспуччи тапты деп жарыялап, анын урматына Америка деп (1507) аталып, 1538-жылы картограф Меркатордун картасына «Америка» деген ат м-н түшүрүлгөн.