БРУЦЕЛЛЁЗ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БРУЦЕЛЛЁЗ ''' – адам | '''БРУЦЕЛЛЁЗ ''' – адам жана жаныбарлардын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк, муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. Оору көбүнчө өнөкөт түрдө өтөт. Аны бруцелла уруусундагы бактериялар козгойт. Алар суукка, нымдуу чөйрөгө абдан туруктуу. Көбүнчө чийки сүттө жана сүт азыктарында, мал кыгында, жүнүндө, терисинде 3–4 айга чейин жашайт. Бруцеллёз менен кой, эчки, бодо мал, айрым учурда жылкы, үй канаттуулары, кээ бир кемирүүчүлөр, ит жабыркайт. Оору козгогучтар айрыкча туут мезгилинде малдын жатын суюктугу, чарайнасы, сүтү, сийдиги, заӊы, шилекейи ж. б. менен сыртка бөлүнүп, айланасындагы жер, сууну, чөптү ж. б. булгайт. Козгогучту адам негизинен, булганган чийки сүт жана сүт азыктарын ичкен, чала бышкан этти жеген, ылаӊдаган малды баккан, төлдөткөн кишилер жугузуп алат. Бруцеллёз кесиптик дарт болгондуктан, мал чарбасында иштегендер (зооветеринария адистери), мал азык-түлүктөрүн даярдоочу жана тери, жүн өнөр жайында иштегендер оорушат. Оорунун алгачкы белгилери анын жашыруун (инкубациялык) мезгили (2–3 жума) өткөндөн кийин байкалат. Катуу кармаган түрүндө дене ысып, температурасы 39–40°ка чейин жетет, баш катуу ооруйт, чыйрыгат, тердейт, алсызданат, сөөк, муундар, булчуӊдар катуу ооруйт. Өнөкөт түрүнө айланганда оорулуунун ишке жөндөмдүүлүгү начарлайт. Боордун жана көк боордун чоӊоюшу байкалат, бездердин сезгенүүсү бүт организмге тарап, кыймыл аппараттарын, нерв жана жыныс системаларын жабыркатат. Сөөк-муундун сезгенүүсү ''полиартритти'' пайда кылат. Нерв системасынын жабыркоосунда айрыкча неврит, полиневрит, радикулит, кээде ''миелит, энцефалит, менингит'' оорулары байкалат. Жыныс органдары жабыркаганда эркектер орхит оорусуна чалдыгат, аялдын боюнан түшүшү мүмкүн. Оорулуу ооруканада дарылануусу керек. Бруцеллёз м а л д а – жугуштуу ылаӊ. Адам үчүн кой, эчкинин бруцеллёзу коркунучтуу. Ылаӊдын катуу кармаган жана өнөкөт түрү болот. 1861-жылы «Мальта калтыратмасы» деп, өзүнчө ылаӊ катары аныкталган. Кийин ылаӊ козгогучун тапкан адамдын ысмынан (англиялык бактериолог Брюс Д., 1887-жыл) аталган. Ылаӊ козгогуч бруцеллалар айлана-чөйрөдө көпкө, мисалы, топуракта 100, кыкта 90, сууда 114, сүттө 75 күн сакталат. Күн нуру 4–5 саатта өлтүрөт. Ылаӊдын негизги белгилери: мал бала салат, чөбү түшпөйт, жатыны сезгенет. Боору, көк боору чоӊоюп, мууну, желини сезгенет. Козгогуч малга жуккандан кийин, без түйүндөрүндө, желинде, жүлүндө, көк боордо көбөйүп, органдарга тарайт. Көп учурда бруцеллёз диагнозу эпидемиялык лабораториялык анализдин негизинде аныкталат, ошондой эле клиникалык жана эпизоотологиялык маалыматтардын негизинде коюлат. Ылаӊды алдын алуу максатында көптөгөн вакциналар колдонулат. Алардын ичинен Шт-19, Рев-1, Шт-82 вакциналары жакшы натыйжа берет. Алдын алууда ылаӊдаган малды эртерээк таап, бөлүп же союп жок кылуу, Бруцеллёз чыккан чарбада санитардык, зооветеринардык эрежелерди туура сактоо, дайыма дезинфекция жүргүзүү, мал төлдөгөн жайларды, малдын чарайнасы, чөбү менен булганган чөп, төшөлмөлөрдү дароо өрттөө керек. Мал чарбасында жана мал азыктарын даярдоочу ишканаларда иштегендерди атайын кийимдер, дезинфекциялоочу заттар менен толук камсыздандыруу зарыл. Ылаӊдуу мал өзүнчө бөлүнүп, этке төгүлөт. Калган мал ар 20–30 күндө ылаӊ чыкпай калганча изилденет. Ылаӊдуу малдын эти, сүтү кайнатылгандан кийин гана пайдаланылат. | ||
<br/>Ад.: ''Сукеев'' Ш. Малдын жугуштуу ылаӊдары менен күрөшүү чаралары. Ф., 1982. | |||
<br />Ад.: ''Сукеев'' Ш. Малдын жугуштуу ылаӊдары менен күрөшүү чаралары. Ф., 1982. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:29, 23 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БРУЦЕЛЛЁЗ – адам жана жаныбарлардын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк, муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. Оору көбүнчө өнөкөт түрдө өтөт. Аны бруцелла уруусундагы бактериялар козгойт. Алар суукка, нымдуу чөйрөгө абдан туруктуу. Көбүнчө чийки сүттө жана сүт азыктарында, мал кыгында, жүнүндө, терисинде 3–4 айга чейин жашайт. Бруцеллёз менен кой, эчки, бодо мал, айрым учурда жылкы, үй канаттуулары, кээ бир кемирүүчүлөр, ит жабыркайт. Оору козгогучтар айрыкча туут мезгилинде малдын жатын суюктугу, чарайнасы, сүтү, сийдиги, заӊы, шилекейи ж. б. менен сыртка бөлүнүп, айланасындагы жер, сууну, чөптү ж. б. булгайт. Козгогучту адам негизинен, булганган чийки сүт жана сүт азыктарын ичкен, чала бышкан этти жеген, ылаӊдаган малды баккан, төлдөткөн кишилер жугузуп алат. Бруцеллёз кесиптик дарт болгондуктан, мал чарбасында иштегендер (зооветеринария адистери), мал азык-түлүктөрүн даярдоочу жана тери, жүн өнөр жайында иштегендер оорушат. Оорунун алгачкы белгилери анын жашыруун (инкубациялык) мезгили (2–3 жума) өткөндөн кийин байкалат. Катуу кармаган түрүндө дене ысып, температурасы 39–40°ка чейин жетет, баш катуу ооруйт, чыйрыгат, тердейт, алсызданат, сөөк, муундар, булчуӊдар катуу ооруйт. Өнөкөт түрүнө айланганда оорулуунун ишке жөндөмдүүлүгү начарлайт. Боордун жана көк боордун чоӊоюшу байкалат, бездердин сезгенүүсү бүт организмге тарап, кыймыл аппараттарын, нерв жана жыныс системаларын жабыркатат. Сөөк-муундун сезгенүүсү полиартритти пайда кылат. Нерв системасынын жабыркоосунда айрыкча неврит, полиневрит, радикулит, кээде миелит, энцефалит, менингит оорулары байкалат. Жыныс органдары жабыркаганда эркектер орхит оорусуна чалдыгат, аялдын боюнан түшүшү мүмкүн. Оорулуу ооруканада дарылануусу керек. Бруцеллёз м а л д а – жугуштуу ылаӊ. Адам үчүн кой, эчкинин бруцеллёзу коркунучтуу. Ылаӊдын катуу кармаган жана өнөкөт түрү болот. 1861-жылы «Мальта калтыратмасы» деп, өзүнчө ылаӊ катары аныкталган. Кийин ылаӊ козгогучун тапкан адамдын ысмынан (англиялык бактериолог Брюс Д., 1887-жыл) аталган. Ылаӊ козгогуч бруцеллалар айлана-чөйрөдө көпкө, мисалы, топуракта 100, кыкта 90, сууда 114, сүттө 75 күн сакталат. Күн нуру 4–5 саатта өлтүрөт. Ылаӊдын негизги белгилери: мал бала салат, чөбү түшпөйт, жатыны сезгенет. Боору, көк боору чоӊоюп, мууну, желини сезгенет. Козгогуч малга жуккандан кийин, без түйүндөрүндө, желинде, жүлүндө, көк боордо көбөйүп, органдарга тарайт. Көп учурда бруцеллёз диагнозу эпидемиялык лабораториялык анализдин негизинде аныкталат, ошондой эле клиникалык жана эпизоотологиялык маалыматтардын негизинде коюлат. Ылаӊды алдын алуу максатында көптөгөн вакциналар колдонулат. Алардын ичинен Шт-19, Рев-1, Шт-82 вакциналары жакшы натыйжа берет. Алдын алууда ылаӊдаган малды эртерээк таап, бөлүп же союп жок кылуу, Бруцеллёз чыккан чарбада санитардык, зооветеринардык эрежелерди туура сактоо, дайыма дезинфекция жүргүзүү, мал төлдөгөн жайларды, малдын чарайнасы, чөбү менен булганган чөп, төшөлмөлөрдү дароо өрттөө керек. Мал чарбасында жана мал азыктарын даярдоочу ишканаларда иштегендерди атайын кийимдер, дезинфекциялоочу заттар менен толук камсыздандыруу зарыл. Ылаӊдуу мал өзүнчө бөлүнүп, этке төгүлөт. Калган мал ар 20–30 күндө ылаӊ чыкпай калганча изилденет. Ылаӊдуу малдын эти, сүтү кайнатылгандан кийин гана пайдаланылат.
Ад.: Сукеев Ш. Малдын жугуштуу ылаӊдары менен күрөшүү чаралары. Ф., 1982.