БУГУ (уруу): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (Temirkan moved page БУГУ to БУГУ (уруу))
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУГУ ''' – кыргыздын чоӊ урууларынын бири. Оӊ канат урууларынын тагай уруулук бирикмесине кирет. Уруунун келип чыгышы ж-дө санжырада бир катар уламыштар сакталып калган. Уруунун түпкү теги оӊ канат урууларынын негиздөөчүлөрүнүн бири Тагай бийден таратылат. Тагайдын Кылжыр же Сарыбагыш деген уулунун Орозбакты ж-а Дөөлөс деген эки уулу болот. Дөөлөстүн тукумдары – сарыбагыш, Орозбактынын тукумдары – бугу уруусун түзгөн. Уруунун «бугу» деп аталып калышы ж-дө бир катар уламыштар айтылып калган. Уламыштын бир варианты б-ча Орозбактынын балдары Асанмырза, Карамырза кийик уулап жүрүшүп, Нарындын Ала-Мышык тоосунан бугу көрүшөт. Карамырза бугуну атып өлтүрүп, жанына барса өлгөн бугунун жанында бир кыз ыйлап отурганын көрөт. Мергенчилер кыздын ким экендигин сурашса, ал өлгөн бугунун кызымын дейт. Ал кызды Орозбактынын балдары «кайберендин кызы» деп багып алышат да, чоӊойгондо бир тууганы Мырзакулдун баласы Алсейитке алып беришет. Кайберен кыз бара-бара эл ичинде кадыр-баркка ээ болуп, Бугу-эне аталып кетет. Кийин Орозбактынын тукумдарын касиеттүү Бугу-энеден деп жүрүшүп, Б. уруусу аталып калат. Албетте, бул мифологиялык мааниге ээ болгон уламыш байыркы кезде пайда болуп, бирок оозеки айтылышта кийинки мезгилдерге таандык катары трансформацияланышы мүмкүн. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде Б. этноними байыркы адамдардын тотемдик түшүнүктөрүнөн жаралгандыгын болжолдошот. О. эле Б. аталышы м-н сарыбагыш этнонимдеринин бири-бирине байланыштырылгандыгы ж-а уруунун ичиндеги айрым уруктук аталыштардын өзгөчөлүктөрү, бул уруунун о. к-дагы Түш. Сибирь аймагын мекендеген уруулар м-н этногенездик байланышта тургандыгын көрсөтөрүн билдиришкен.  
'''БУГУ ''' – кыргыздын чоӊ урууларынын бири. Оӊ канат урууларынын тагай уруулук бирикмесине кирет. Уруунун келип чыгышы жөнүндө санжырада бир катар уламыштар сакталып калган. Уруунун түпкү теги оӊ канат урууларынын негиздөөчүлөрүнүн бири Тагай бийден таратылат. Тагайдын Кылжыр же Сарыбагыш деген уулунун Орозбакты жана Дөөлөс деген эки уулу болот. Дөөлөстүн тукумдары – сарыбагыш, Орозбактынын тукумдары – бугу уруусун түзгөн. Уруунун «бугу» деп аталып калышы жөнүндө бир катар уламыштар айтылып калган. Уламыштын бир варианты боюнча Орозбактынын балдары Асанмырза, Карамырза кийик уулап жүрүшүп, Нарындын Ала-Мышык тоосунан бугу көрүшөт. Карамырза бугуну атып өлтүрүп, жанына барса өлгөн бугунун жанында бир кыз ыйлап отурганын көрөт. Мергенчилер кыздын ким экендигин сурашса, ал өлгөн бугунун кызымын дейт. Ал кызды Орозбактынын балдары «кайберендин кызы» деп багып алышат да, чоӊойгондо бир тууганы Мырзакулдун баласы Алсейитке алып беришет. Кайберен кыз бара-бара эл ичинде кадыр-баркка ээ болуп, Бугу-эне аталып кетет. Кийин Орозбактынын тукумдарын касиеттүү Бугу-энеден деп жүрүшүп, Бугу уруусу аталып калат. Албетте, бул мифологиялык мааниге ээ болгон уламыш байыркы кезде пайда болуп, бирок оозеки айтылышта кийинки мезгилдерге таандык катары трансформацияланышы мүмкүн. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде Бугу этноними байыркы адамдардын тотемдик түшүнүктөрүнөн жаралгандыгын болжолдошот. Ошондой эле Бугу аталышы менен сарыбагыш этнонимдеринин бири-бирине байланыштырылгандыгы жана уруунун ичиндеги айрым уруктук аталыштардын өзгөчөлүктөрү, бул уруунун орто кылымдагы Түштүк Сибирь аймагын мекендеген уруулар менен этногенездик байланышта тургандыгын көрсөтөрүн билдиришкен. <br/>Бугу уруусунун санжырасы боюнча Кылжырдын (Сарыбагыш) Орозбакты уулунун Карамырза, Асанмырза, Токочмырза, Арык жана Мырзакул деген беш уулу болгон. Булардын ичинен негизинен Арыктын жана Мырзакулдун тукуму көп болуп, уруунун басымдуу көпчүлүгүн түзөт. Калган үч уулдун тукумдары жокко эсе болот. Арык тукуму жалпы жонунан Жоотатыр, Балтатыр деп экиге бөлүнөт. Жоотатыр бутагы сокур, сабатар, сейитказы, байым ж. б., балтатыр бутагы ондон, эгизей, саргалдак, итимбоку ж. б. уруктарга тарайт. Мындан тышкары арык тукумуна сары калпак, торок, отуз уул, кызыл сакал, сары калмак ж. б. майда уруктар киришет. Мырзакулдун Алсейит, Тынымсейит деген эки уулунун улуусу Алсейиттин эки аялы болгон. Биринчи аялы Токтобектен Ардам (боор) уругу, экинчи аялы Бугу-энеден Жамангул, Бапа жана бакма баласы Туума-кашкадан желдеӊ уруктары ажырайт. Тынымсейит – кабели, шалтак, мортук деп үч бутакка ажырап, ар бири бир канча майда уруктардан турат. Бугу уруусунун өкүлдөрү жайгашкан аймактарга Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоӊ райондорунун, Нарын облусунун Нарын районунун аймактарынын көпчүлүк бөлүгү кирет. <br/>''Р. Жолдошев.''
<br/>Б. уруусунун санжырасы б-ча Кылжырдын (Сарыбагыш) Орозбакты уулунун Карамырза, Асанмырза, Токочмырза, Арык ж-а Мырзакул деген беш уулу болгон. Булардын ичинен негизинен Арыктын ж-а Мырзакулдун тукуму көп болуп, уруунун басымдуу көпчүлүгүн түзөт. Калган үч уулдун тукумдары жокко эсе болот. Арык тукуму жалпы жонунан Жоотатыр, Балтатыр деп экиге бөлүнөт. Жоотатыр бутагы сокур, сабатар, сейитказы, байым ж. б., балтатыр бутагы ондон, эгизей, саргалдак, итимбоку ж. б. уруктарга тарайт. Мындан тышкары арык тукумуна сары калпак, торок, отуз уул, кызыл сакал, сары калмак ж. б. майда уруктар киришет. Мырзакулдун Алсейит, Тынымсейит деген эки уулунун улуусу Алсейиттин эки аялы болгон. Биринчи аялы Токтобектен Ардам (боор) уругу, экинчи аялы Бугу-энеден Жамангул, Бапа ж-а бакма баласы Туума-кашкадан желдеӊ уруктары ажырайт. Тынымсейит – кабели, шалтак, мортук деп үч бутакка ажырап, ар бири бир канча майда уруктардан турат. Б. уруусунун өкүлдөрү жайгашкан аймактарга Ысык-Көл обл-нун Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу ж-а Тоӊ р-ндорунун, Нарын обл-нун Нарын р-нун аймактарынын көпчүлүк бөлүгү кирет.  
<br/>''Р. Жолдошев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:48, 10 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУГУ – кыргыздын чоӊ урууларынын бири. Оӊ канат урууларынын тагай уруулук бирикмесине кирет. Уруунун келип чыгышы жөнүндө санжырада бир катар уламыштар сакталып калган. Уруунун түпкү теги оӊ канат урууларынын негиздөөчүлөрүнүн бири Тагай бийден таратылат. Тагайдын Кылжыр же Сарыбагыш деген уулунун Орозбакты жана Дөөлөс деген эки уулу болот. Дөөлөстүн тукумдары – сарыбагыш, Орозбактынын тукумдары – бугу уруусун түзгөн. Уруунун «бугу» деп аталып калышы жөнүндө бир катар уламыштар айтылып калган. Уламыштын бир варианты боюнча Орозбактынын балдары Асанмырза, Карамырза кийик уулап жүрүшүп, Нарындын Ала-Мышык тоосунан бугу көрүшөт. Карамырза бугуну атып өлтүрүп, жанына барса өлгөн бугунун жанында бир кыз ыйлап отурганын көрөт. Мергенчилер кыздын ким экендигин сурашса, ал өлгөн бугунун кызымын дейт. Ал кызды Орозбактынын балдары «кайберендин кызы» деп багып алышат да, чоӊойгондо бир тууганы Мырзакулдун баласы Алсейитке алып беришет. Кайберен кыз бара-бара эл ичинде кадыр-баркка ээ болуп, Бугу-эне аталып кетет. Кийин Орозбактынын тукумдарын касиеттүү Бугу-энеден деп жүрүшүп, Бугу уруусу аталып калат. Албетте, бул мифологиялык мааниге ээ болгон уламыш байыркы кезде пайда болуп, бирок оозеки айтылышта кийинки мезгилдерге таандык катары трансформацияланышы мүмкүн. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде Бугу этноними байыркы адамдардын тотемдик түшүнүктөрүнөн жаралгандыгын болжолдошот. Ошондой эле Бугу аталышы менен сарыбагыш этнонимдеринин бири-бирине байланыштырылгандыгы жана уруунун ичиндеги айрым уруктук аталыштардын өзгөчөлүктөрү, бул уруунун орто кылымдагы Түштүк Сибирь аймагын мекендеген уруулар менен этногенездик байланышта тургандыгын көрсөтөрүн билдиришкен.
Бугу уруусунун санжырасы боюнча Кылжырдын (Сарыбагыш) Орозбакты уулунун Карамырза, Асанмырза, Токочмырза, Арык жана Мырзакул деген беш уулу болгон. Булардын ичинен негизинен Арыктын жана Мырзакулдун тукуму көп болуп, уруунун басымдуу көпчүлүгүн түзөт. Калган үч уулдун тукумдары жокко эсе болот. Арык тукуму жалпы жонунан Жоотатыр, Балтатыр деп экиге бөлүнөт. Жоотатыр бутагы сокур, сабатар, сейитказы, байым ж. б., балтатыр бутагы ондон, эгизей, саргалдак, итимбоку ж. б. уруктарга тарайт. Мындан тышкары арык тукумуна сары калпак, торок, отуз уул, кызыл сакал, сары калмак ж. б. майда уруктар киришет. Мырзакулдун Алсейит, Тынымсейит деген эки уулунун улуусу Алсейиттин эки аялы болгон. Биринчи аялы Токтобектен Ардам (боор) уругу, экинчи аялы Бугу-энеден Жамангул, Бапа жана бакма баласы Туума-кашкадан желдеӊ уруктары ажырайт. Тынымсейит – кабели, шалтак, мортук деп үч бутакка ажырап, ар бири бир канча майда уруктардан турат. Бугу уруусунун өкүлдөрү жайгашкан аймактарга Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоӊ райондорунун, Нарын облусунун Нарын районунун аймактарынын көпчүлүк бөлүгү кирет.
Р. Жолдошев.