БУКАР ЫРЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУКАР ЫРЧЫ ''' (1693, Казакстан, мурунку Баян айылы, Далба тоосунун этегинде – 1787, ошол эле жер) – казак элинин белгилүү ырчысы; Абылай хандын кеӊешчиси, иниси. Ал кара сөз м-н эмес, көмөкөйүнөн ыр м-н сүйлөөчү экен. Ошондуктан казак эли аны «Көмөкөй ырчы» аташкан. Көп учурда Абылай хандын өтүнүчү м-н түшүндө көргөндөрүн болжоп айткандары чындыкка дал келген. Атасы Калкаман баатыр болгон. Б. ы-дан Акдербиш, Жарылгап, Жанта аттуу үч уул тараган. Жарылгап урпактарынан Күреке акын, илимпоз Б. Аяпбергенов деген белгилүү адамдар чыккан. Б. ы. жунгар баскынчылыгынын тушунда өмүр сүрүп, ошол кыйчалыш доорду ырдаган, эл-журтун баскынчыларга каршы күрөштө биримдикке чакырган. Абылай ханга зор ишеним көрсөткөн. Абылай хан да эл-журтун баскынчылардан коргоп, элинин бейпилдиги үчүн кызмат кылган. Ырчы ошол мезгилди, хан м-н анын баатырларынын эрдиктерин ырга кошуп, алардын өчпөс элестерин тарыхта калтырган. Анын «Абылай хандын кашында», «Ай, Абылай, Абылай», «Казактын ханы Абылай», «Ханга жооп», «Ай, Абылай, сен он бир жашыӊда» ж. б. ырларында хандын жүргүзгөн саясатын көрөгөчтүк м-н чагылдырган. Чыгармаларында жакшылык м-н жамандык, адилеттүүлүк м-н адептүүлүк, жаштык м-н карылык, достук м-н кастык, адалдык м-н арамдык ж. б. филос.-дидактикалык түшүнүктөрдү кеӊири колдонгон. Б. ы-нын ырлары Абылай доорунун күзгүсү болгон.
'''БУКАР ЫРЧЫ ''' (1693, Казакстан, мурунку Баян айылы, Далба тоосунун этегинде – 1787, ошол эле жер) – казак элинин белгилүү ырчысы; Абылай хандын кеӊешчиси, иниси. Ал кара сөз менен эмес, көмөкөйүнөн ыр менен сүйлөөчү экен. Ошондуктан казак эли аны «Көмөкөй ырчы» аташкан. Көп учурда Абылай хандын өтүнүчү менен түшүндө көргөндөрүн болжоп айткандары чындыкка дал келген. Атасы Калкаман баатыр болгон. Букар ырчыдан Акдербиш, Жарылгап, Жанта аттуу үч уул тараган. Жарылгап урпактарынан Күреке акын, илимпоз Б. Аяпбергенов деген белгилүү адамдар чыккан. Букар ырчы жунгар баскынчылыгынын тушунда өмүр сүрүп, ошол кыйчалыш доорду ырдаган, эл-журтун баскынчыларга каршы күрөштө биримдикке чакырган. Абылай ханга зор ишеним көрсөткөн. Абылай хан да эл-журтун баскынчылардан коргоп, элинин бейпилдиги үчүн кызмат кылган. Ырчы ошол мезгилди, хан менен анын баатырларынын эрдиктерин ырга кошуп, алардын өчпөс элестерин тарыхта калтырган. Анын «Абылай хандын кашында», «Ай, Абылай, Абылай», «Казактын ханы Абылай», «Ханга жооп», «Ай, Абылай, сен он бир жашыӊда» жана башка ырларында хандын жүргүзгөн саясатын көрөгөчтүк менен чагылдырган. Чыгармаларында жакшылык менен жамандык, адилеттүүлүк менен адептүүлүк, жаштык менен карылык, достук менен кастык, адалдык менен арамдык жана башка философиялык-дидактикалык түшүнүктөрдү кеӊири колдонгон. Букар ырчынын ырлары Абылай доорунун күзгүсү болгон.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:12, 27 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУКАР ЫРЧЫ (1693, Казакстан, мурунку Баян айылы, Далба тоосунун этегинде – 1787, ошол эле жер) – казак элинин белгилүү ырчысы; Абылай хандын кеӊешчиси, иниси. Ал кара сөз менен эмес, көмөкөйүнөн ыр менен сүйлөөчү экен. Ошондуктан казак эли аны «Көмөкөй ырчы» аташкан. Көп учурда Абылай хандын өтүнүчү менен түшүндө көргөндөрүн болжоп айткандары чындыкка дал келген. Атасы Калкаман баатыр болгон. Букар ырчыдан Акдербиш, Жарылгап, Жанта аттуу үч уул тараган. Жарылгап урпактарынан Күреке акын, илимпоз Б. Аяпбергенов деген белгилүү адамдар чыккан. Букар ырчы жунгар баскынчылыгынын тушунда өмүр сүрүп, ошол кыйчалыш доорду ырдаган, эл-журтун баскынчыларга каршы күрөштө биримдикке чакырган. Абылай ханга зор ишеним көрсөткөн. Абылай хан да эл-журтун баскынчылардан коргоп, элинин бейпилдиги үчүн кызмат кылган. Ырчы ошол мезгилди, хан менен анын баатырларынын эрдиктерин ырга кошуп, алардын өчпөс элестерин тарыхта калтырган. Анын «Абылай хандын кашында», «Ай, Абылай, Абылай», «Казактын ханы Абылай», «Ханга жооп», «Ай, Абылай, сен он бир жашыӊда» жана башка ырларында хандын жүргүзгөн саясатын көрөгөчтүк менен чагылдырган. Чыгармаларында жакшылык менен жамандык, адилеттүүлүк менен адептүүлүк, жаштык менен карылык, достук менен кастык, адалдык менен арамдык жана башка философиялык-дидактикалык түшүнүктөрдү кеӊири колдонгон. Букар ырчынын ырлары Абылай доорунун күзгүсү болгон.