БУЛА-ОПТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУЛА-О́ПТИКА ''' – ийилгич көп тарамчалуу була тутамы аркылуу жарык ж-а толкун өткөрүлүшүн изилдөөчү оптика бөлүмү. Ал 1950-ж. пайда болгон. Б.-о-лык тетикте жарык сигналы жарык өткөргүчтүн бир учунун бетинен экинчи учундагы бетке сүрөттөлүш элементтеринин жыйындысы катары берилет. Ар бир сигнал өзүнүн жарык өткөргүч тарамчасы аркылуу өтөт. Булалуу тетикте демейде айнек була колдонулат, анын жарык өткөргүч талчасына (өзөкчөсүнө) сынуу көрсөткүчү азыраак болгон башка айнек кабыкча оролот. Ошондуктан өзөкчө м-н кабыкчанын бөлүнгөн бетине түшкөн нурлар толук ички чагылышка ээ ж-а жарык өткөргүч тарамча б-ча таралат. Мындай чагылыштар көп болсо да жарык негизинен айнектин массасында жутулат. Жарык өткөргүчтү өтө таза материалдан жасап, жарык сигналынын начарлашын бир нече ''дБ/км''ге чейин азайтууга болот. Жарык өткөргүч талчалардын жоондугу бир нече ''мкм''дан бир нече ''мм''ге чейин болот. Диаметри толкун узундугунан чоӊ жарык өткөргүч аркылуу жарык геом. оптиканын закондору б-ча тарайт. Б.-о-да сүрөттөлүштү берүү үчүн катуу көп талчалуу жарык өткөргүчтөр ж-а иреттелген булалуу өрүмчөлөр колдонулат. Сүрөттөлүштү берүү сапаты жарык таралуучу тарамчалардын жоондугу, жалпы саны ж-а жасалышы б-ча аныкталат.  
'''БУЛА-О&#769;ПТИКА ''' – ийилгич көп тарамчалуу була тутамы аркылуу жарык жана толкун өткөрүлүшүн изилдөөчү оптика бөлүмү. Ал 1950-жылы пайда болгон. Була-оптикалык тетикте жарык сигналы жарык өткөргүчтүн бир учунун бетинен экинчи учундагы бетке сүрөттөлүш элементтеринин жыйындысы катары берилет. Ар бир сигнал өзүнүн жарык өткөргүч тарамчасы аркылуу өтөт. Булалуу тетикте демейде айнек була колдонулат, анын жарык өткөргүч талчасына (өзөкчөсүнө) сынуу көрсөткүчү азыраак болгон башка айнек кабыкча оролот. Ошондуктан өзөкчө менен кабыкчанын бөлүнгөн бетине түшкөн нурлар толук ички чагылышка ээ жана жарык өткөргүч тарамча боюнча таралат. Мындай чагылыштар көп болсо да жарык негизинен айнектин массасында жутулат. Жарык өткөргүчтү өтө таза материалдан жасап, жарык сигналынын начарлашын бир нече ''дБ/км''ге чейин азайтууга болот. Жарык өткөргүч талчалардын жоондугу бир нече ''мкм''дан бир нече ''мм''ге чейин болот. Диаметри толкун узундугунан чоӊ жарык өткөргүч аркылуу жарык геометриялык оптиканын закондору боюнча тарайт. Була-оптикада сүрөттөлүштү берүү үчүн катуу көп талчалуу жарык өткөргүчтөр жана иреттелген булалуу өрүмчөлөр колдонулат. Сүрөттөлүштү берүү сапаты жарык таралуучу тарамчалардын жоондугу, жалпы саны жана жасалышы боюнча аныкталат. <br/>''А. Марипов.''
<br/>''А. Марипов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:37, 11 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУЛА-О́ПТИКА – ийилгич көп тарамчалуу була тутамы аркылуу жарык жана толкун өткөрүлүшүн изилдөөчү оптика бөлүмү. Ал 1950-жылы пайда болгон. Була-оптикалык тетикте жарык сигналы жарык өткөргүчтүн бир учунун бетинен экинчи учундагы бетке сүрөттөлүш элементтеринин жыйындысы катары берилет. Ар бир сигнал өзүнүн жарык өткөргүч тарамчасы аркылуу өтөт. Булалуу тетикте демейде айнек була колдонулат, анын жарык өткөргүч талчасына (өзөкчөсүнө) сынуу көрсөткүчү азыраак болгон башка айнек кабыкча оролот. Ошондуктан өзөкчө менен кабыкчанын бөлүнгөн бетине түшкөн нурлар толук ички чагылышка ээ жана жарык өткөргүч тарамча боюнча таралат. Мындай чагылыштар көп болсо да жарык негизинен айнектин массасында жутулат. Жарык өткөргүчтү өтө таза материалдан жасап, жарык сигналынын начарлашын бир нече дБ/кмге чейин азайтууга болот. Жарык өткөргүч талчалардын жоондугу бир нече мкмдан бир нече ммге чейин болот. Диаметри толкун узундугунан чоӊ жарык өткөргүч аркылуу жарык геометриялык оптиканын закондору боюнча тарайт. Була-оптикада сүрөттөлүштү берүү үчүн катуу көп талчалуу жарык өткөргүчтөр жана иреттелген булалуу өрүмчөлөр колдонулат. Сүрөттөлүштү берүү сапаты жарык таралуучу тарамчалардын жоондугу, жалпы саны жана жасалышы боюнча аныкталат.
А. Марипов.