БУРГАС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУРГА́С ''' – Болгариянын чыгышындагы шаар. Бургас обл-нун адм. борбору. Калкы 196,5 миӊ (2006). Кара деӊиздеги Бургас булуӊунун жээгинде жайгашкан. Өлкөдөгү ири деӊиз порту (2004-ж. 12,4 млн т жүк ташылган). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар катары 17-к-дан белгилүү. 1903-жылдан порт. Шаардын борб. бөлүгүндө 19–20-к-дын арх-ра эстеликтери (Ыйык Кирилл ж-а Мефодий кафедралуу собору, бир топ чиркөө), Мандрен көлүнүн жээгинде о. кылымдагы чептердин калдыктары сакталган. Балык өнөр жайы ил.-из. ин-ту, ун-т, музейлер, сүрөт галереясы, акын Пети Дубарованын үй музейи, китепканалар, театрлар, филармония иштейт. Жыл сайын эл аралык фестивалдар (театр, белгилүү ырлар), көркөм гимнастика б-ча эл аралык турнир («Гран при» сериясы) өткөрүлөт. Нефть ажыратуучу «ЛукойлНефтохим» (СССРдин жардамы м-н 1963-ж. курулган; 1999-жылдан россиялык «Лукойл» компаниясына өткөн), кеме ремонттоочу, жеӊил ж-а тамак-аш өнөр жайлары бар. Вагондор, кабель, үйлөгүчтөр, хим. каражаттар, курулуш материалдары, канцелярия товарлары чыгарылат. Б-тан 15 ''км'' түн.-батышта бальнеологиялык-баткак курорту, шаарга жакын токой парктары ж-а табият резерваттары, Айтос Фракия тургун жайынын калдыктары (5–6-к.), Ыйык Анастасия а-нда Византия монастыры бар. Шаардын аймагындагы деӊиз климаттык курорттору: Ахтопол, Несебыр, Поморие, Созопол, Күнөстүү Жээк.
'''БУРГА́С ''' – Болгариянын чыгышындагы шаар. Бургас облусунун административдик борбору. Калкы 196,5 миӊ (2006). Кара деӊиздеги Бургас булуӊунун жээгинде жайгашкан. Өлкөдөгү ири деӊиз порту (2004-жылы 12,4 млн т жүк ташылган). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар катары 17-кылымдан белгилүү. 1903-жылдан порт. Шаардын борбордук бөлүгүндө 19–20-кылымдардын архитектура эстеликтери (Ыйык Кирилл ж-а Мефодий кафедралуу собору, бир топ чиркөө), Мандрен көлүнүн жээгинде орто кылымдагы чептердин калдыктары сакталган. Балык өнөр жайы илим-изилдөө институту, университет, музейлер, сүрөт галереясы, акын Пети Дубарованын үй музейи, китепканалар, театрлар, филармония иштейт. Жыл сайын эл аралык фестивалдар (театр, белгилүү ырлар), көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнир («Гран при» сериясы) өткөрүлөт. Нефть ажыратуучу «ЛукойлНефтохим» (СССРдин жардамы менен 1963-жылы курулган; 1999-жылдан россиялык «Лукойл» компаниясына өткөн), кеме ремонттоочу, жеӊил жана тамак-аш өнөр жайлары бар. Вагондор, кабель, үйлөгүчтөр, химиялык каражаттар, курулуш материалдары, канцелярия товарлары чыгарылат. Бургастан 15 ''км'' түндүк-батышта бальнеологиялык-баткак курорту, шаарга жакын токой парктары жана табият резерваттары, Айтос Фракия тургун жайынын калдыктары (5–6-кылым), Ыйык Анастасия аралында Византия монастыры бар. Шаардын аймагындагы деӊиз климаттык курорттору: Ахтопол, Несебыр, Поморие, Созопол, Күнөстүү Жээк.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:26, 14 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУРГА́С – Болгариянын чыгышындагы шаар. Бургас облусунун административдик борбору. Калкы 196,5 миӊ (2006). Кара деӊиздеги Бургас булуӊунун жээгинде жайгашкан. Өлкөдөгү ири деӊиз порту (2004-жылы 12,4 млн т жүк ташылган). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар катары 17-кылымдан белгилүү. 1903-жылдан порт. Шаардын борбордук бөлүгүндө 19–20-кылымдардын архитектура эстеликтери (Ыйык Кирилл ж-а Мефодий кафедралуу собору, бир топ чиркөө), Мандрен көлүнүн жээгинде орто кылымдагы чептердин калдыктары сакталган. Балык өнөр жайы илим-изилдөө институту, университет, музейлер, сүрөт галереясы, акын Пети Дубарованын үй музейи, китепканалар, театрлар, филармония иштейт. Жыл сайын эл аралык фестивалдар (театр, белгилүү ырлар), көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнир («Гран при» сериясы) өткөрүлөт. Нефть ажыратуучу «ЛукойлНефтохим» (СССРдин жардамы менен 1963-жылы курулган; 1999-жылдан россиялык «Лукойл» компаниясына өткөн), кеме ремонттоочу, жеӊил жана тамак-аш өнөр жайлары бар. Вагондор, кабель, үйлөгүчтөр, химиялык каражаттар, курулуш материалдары, канцелярия товарлары чыгарылат. Бургастан 15 км түндүк-батышта бальнеологиялык-баткак курорту, шаарга жакын токой парктары жана табият резерваттары, Айтос Фракия тургун жайынын калдыктары (5–6-кылым), Ыйык Анастасия аралында Византия монастыры бар. Шаардын аймагындагы деӊиз климаттык курорттору: Ахтопол, Несебыр, Поморие, Созопол, Күнөстүү Жээк.