БУРГУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУРГУ ''' – материалдарды көзөөчү | '''БУРГУ ''' – материалдарды көзөөчү жана мурда көзөлгөн көзөнөктөрдү андан ары иштетүүчү аспап. Бургу цилиндр же конус түрүндөгү өзөктөн, кесүүчү элементтен, төмөнкү жумушчу бөлүгүндө станоктун патронуна бекитилүүчү жасалгадан (жогорку учунда) турат. Бургу өз огунда айланып, огу боюнча жылып жумуш аткарат. Металлдарды көзөөчү Бургу конструкциясы боюнча тереӊ көзөөчү, учтуу, түз жылгалуу, борборлогуч жана спиралдык болуп бөлүнөт. Бургу көзөөчү, токардык, көзөп кеӊейтүүчү станоктордо, автоматтарда, механикалык жана электрдик кол көзөөчтөрүндө пайдаланылат. Ок боюнча Бургунун же тетиктин бир бирине жылышы же бир айлануусу S=CD<sup>0,6</sup> формуласы менен аныкталат: D – бургунун диаметри, С – эксперименттик жол менен табылуучу коэффициенти. Мисалы, катуу болотто тереӊ көзөнөк жасоо үчүн С=0,038, жумшак болотто С=0,085 болот. Бургу негизинен көмүртектүү, тез кесүүчү болоттон даярдалат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:39, 14 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БУРГУ – материалдарды көзөөчү жана мурда көзөлгөн көзөнөктөрдү андан ары иштетүүчү аспап. Бургу цилиндр же конус түрүндөгү өзөктөн, кесүүчү элементтен, төмөнкү жумушчу бөлүгүндө станоктун патронуна бекитилүүчү жасалгадан (жогорку учунда) турат. Бургу өз огунда айланып, огу боюнча жылып жумуш аткарат. Металлдарды көзөөчү Бургу конструкциясы боюнча тереӊ көзөөчү, учтуу, түз жылгалуу, борборлогуч жана спиралдык болуп бөлүнөт. Бургу көзөөчү, токардык, көзөп кеӊейтүүчү станоктордо, автоматтарда, механикалык жана электрдик кол көзөөчтөрүндө пайдаланылат. Ок боюнча Бургунун же тетиктин бир бирине жылышы же бир айлануусу S=CD0,6 формуласы менен аныкталат: D – бургунун диаметри, С – эксперименттик жол менен табылуучу коэффициенти. Мисалы, катуу болотто тереӊ көзөнөк жасоо үчүн С=0,038, жумшак болотто С=0,085 болот. Бургу негизинен көмүртектүү, тез кесүүчү болоттон даярдалат.