БУРЖУАЗИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУРЖУАЗИ́Я ''' (фр. bourqeoisie – шаардыктар) – соода, өнөр жай, кредиттик-финансылык ж. б. ишкердүүлүктөн киреше алган, капиталга ээлик кылган коомдук тап. Б. өз алдынча тап катары салттуу (феодалдык ж. б.) коомдун шартында пайда болуп, 16–20-к-дагы рев-ялардын ж-а реформалардын жүрүшүндө коомдогу маанилүү саясий-экон. күчкө айланган. Кол өнөрчүлүктүн, товар өндүрүшүнүн ж-а сооданын өнүгүшүнүн натыйжасында шаар калкы тап катмарларына жиктелип, 15-к-дын аягында шаар калкынын жогорку катмары – көпөстөр, банкирлер ж-а өнөр жай ишканаларынын ээлери Б. аталып калган. Б. прогрессчил тап катары индустриялык коомдун түптөлүшүнө, рынок экономикасынын, либералдык ж-а демокр. баалуулуктардын бекемделишине түрткү берген. 16–18-к-дагы Нидерланддагы, Англиядагы, Франциядагы рев-ялардын натыйжасында бул мамлекеттерде Б-нын бийлиги орногон. Соц. режим орнотулган өлкөлөрдө Б. тап катары жоюлган. Учурда алардын айрымдарында рынок экономикасынын ж-а гражд. коомдун калыптануусуна байланыштуу ишкерлердин ж-а менчик ээлеринин социалдык катмары кайрадан жаралууда.
'''БУРЖУАЗИ́Я ''' (фр. bourqeoisie – шаардыктар) – соода, өнөр жай, кредиттик-финансылык ж. б. ишкердүүлүктөн киреше алган, капиталга ээлик кылган коомдук тап. Буржуазия өз алдынча тап катары салттуу (феодалдык ж. б.) коомдун шартында пайда болуп, 16–20-кылымдардагы революциялардын жана реформалардын жүрүшүндө коомдогу маанилүү саясий-экономикалык күчкө айланган. Кол өнөрчүлүктүн, товар өндүрүшүнүн жана сооданын өнүгүшүнүн натыйжасында шаар калкы тап катмарларына жиктелип, 15-кылымдын аягында шаар калкынын жогорку катмары – көпөстөр, банкирлер жана өнөр жай ишканаларынын ээлери Буржуазия аталып калган. Буржуазия прогрессчил тап катары индустриялык коомдун түптөлүшүнө, рынок экономикасынын, либералдык жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине түрткү берген. 16–18-кылымдардагы Нидерланддагы, Англиядагы, Франциядагы революциялардын натыйжасында бул мамлекеттерде Буржуазиянын бийлиги орногон. Социалисттик режим орнотулган өлкөлөрдө Буржуазия тап катары жоюлган. Учурда алардын айрымдарында рынок экономикасынын жана граждандык коомдун калыптануусуна байланыштуу ишкерлердин жана менчик ээлеринин социалдык катмары кайрадан жаралууда.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:56, 15 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУРЖУАЗИ́Я (фр. bourqeoisie – шаардыктар) – соода, өнөр жай, кредиттик-финансылык ж. б. ишкердүүлүктөн киреше алган, капиталга ээлик кылган коомдук тап. Буржуазия өз алдынча тап катары салттуу (феодалдык ж. б.) коомдун шартында пайда болуп, 16–20-кылымдардагы революциялардын жана реформалардын жүрүшүндө коомдогу маанилүү саясий-экономикалык күчкө айланган. Кол өнөрчүлүктүн, товар өндүрүшүнүн жана сооданын өнүгүшүнүн натыйжасында шаар калкы тап катмарларына жиктелип, 15-кылымдын аягында шаар калкынын жогорку катмары – көпөстөр, банкирлер жана өнөр жай ишканаларынын ээлери Буржуазия аталып калган. Буржуазия прогрессчил тап катары индустриялык коомдун түптөлүшүнө, рынок экономикасынын, либералдык жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине түрткү берген. 16–18-кылымдардагы Нидерланддагы, Англиядагы, Франциядагы революциялардын натыйжасында бул мамлекеттерде Буржуазиянын бийлиги орногон. Социалисттик режим орнотулган өлкөлөрдө Буржуазия тап катары жоюлган. Учурда алардын айрымдарында рынок экономикасынын жана граждандык коомдун калыптануусуна байланыштуу ишкерлердин жана менчик ээлеринин социалдык катмары кайрадан жаралууда.