БУРКАН КӨЛҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУРКАН КӨЛҮ ''' – Ички Теӊир-Тоодогу тоо көлү. Тескей Ала-Тоонун | '''БУРКАН КӨЛҮ ''' – Ички Теӊир-Тоодогу тоо көлү. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталында (Ара-Бел сыртында), Кичи Нарындын башаты – Буркан суусунун башында жайгашкан. Деӊиз деӊгээлинен 3822 ''м'' бийикте батыштан чыгышка карай созулган чакан ойдуӊду ээлеп жатат. Узундугу 1,5 ''км'', эӊ жазы жери 0,55 ''км''. Аянты 0,493 ''км''<sup>2</sup>, суусунун көлөмү 1,671 млн ''м''<sup>3</sup>. Эӊ тереӊ жери 10 ''м''. Көл кар жана булак суулары менен толукталып, андан Буркан суусу агып чыгат. Көлдүн деӊгээли 1,5–2 ''м''ге чейин өзгөрөт. Жээгинин айрым бөлүгү аскалуу, кээ жери жыл мезгилине жараша саздуу. Тунуктугу 3 ''м''. Көл чанагы мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:18, 15 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БУРКАН КӨЛҮ – Ички Теӊир-Тоодогу тоо көлү. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталында (Ара-Бел сыртында), Кичи Нарындын башаты – Буркан суусунун башында жайгашкан. Деӊиз деӊгээлинен 3822 м бийикте батыштан чыгышка карай созулган чакан ойдуӊду ээлеп жатат. Узундугу 1,5 км, эӊ жазы жери 0,55 км. Аянты 0,493 км2, суусунун көлөмү 1,671 млн м3. Эӊ тереӊ жери 10 м. Көл кар жана булак суулары менен толукталып, андан Буркан суусу агып чыгат. Көлдүн деӊгээли 1,5–2 мге чейин өзгөрөт. Жээгинин айрым бөлүгү аскалуу, кээ жери жыл мезгилине жараша саздуу. Тунуктугу 3 м. Көл чанагы мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон.