БУРЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУРЧ ''' – бир чекиттен чыккан ар кандай эки шооладан түзүлгөн геом. фигура (а-сүрөт). Шоолалар Б-тун жактары, ал эми алардын жалпы башталышы – анын чокусу. Кээде ал жалпы башталышка ээ болгон эки шоола м-н чектелген тегиздиктин бөлүгү деп аныкталат. Эгер эки Б-тун жактары, чокулары дал келсе, анда алар барабар Б. (конгруэнттүү) болот. Б. градус же радиан м-н ченелет. Эгер эки бурчтун жактары бир түз сызыкта жатып ж-а жалпы жакка ээ болушса, анда алар жандаш Б. деп аталат (б-сүрөт).
'''БУРЧ ''' – бир чекиттен чыккан ар кандай эки шооладан түзүлгөн геометриялык фигура. Шоолалар бурчтун жактары, ал эми алардын жалпы башталышы – анын чокусу. Кээде ал жалпы башталышка ээ болгон эки шоола менен чектелген тегиздиктин бөлүгү деп аныкталат. Эгер эки бурчтун жактары, чокулары дал келсе, анда алар барабар бурч (конгруэнттүү) болот. Бурч градус же радиан менен ченелет. Эгер эки бурчтун жактары бир түз сызыкта жатып жана жалпы жакка ээ болушса, анда алар жандаш бурч деп аталат. Эгер биринин жагы экинчисинин чокусу аркылуу уланса, анда вертикаль бурч болот. Вертикаль бурчтар өз ара барабар (1 ж-а 2, 3 ж-а 4). Эгер бурч өзүнүн чектеш бурчуна барабар болсо, анда ал тик бурч делет. Бурчтун жактары бир түз сызыкты түзсө, анда ал жайылган бурч. Тик бурчтан кичине бурчтар, ал эми тик бурчтан чоӊ, жайылган бурчтан кичине бурч кеӊ бурч  болот. Кандайдыр конустук бет менен чектелген мейкиндиктин бөлүгү көлөмдүк бурч деп аталат. Анын айрым учуру көп грандуу бурч болот.  
<br/><center>Сүрөт бар. Алынбай койду</center>
[[Файл:БУРЧ.png|alt=Жандаш бурчтар|thumb|center]]
Эгер биринин жагы экинчисинин чокусу аркылуу уланса, анда вертикаль Б. болот (''в''-сүрөт). Вертикаль Б-тар өз ара барабар (1 ж-а 2, 3 ж-а 4). Эгер Б. өзүнүн чектеш Б-уна барабар болсо, анда ал тик бурч делет (''г''-сүрөт). Б-тун жактары бир түз сызыкты түзсө, анда ал жайылган Б. (''д''-сүрөт). Тик бурчтан кичине Б. тар, ал эми тик бурчтан чоӊ, жайылган Б-тан кичине Б. кеӊ Б. болот (''ж''-сүрөт). Кандайдыр конустук бет м-н чектелген мейкиндиктин бөлүгү көлөмдүк Б. деп аталат. Анын айрым учуру көп грандуу Б. болот. ''Б.''
<br /> ''Э. Канетов.''
<br/> ''Э. Канетов.''
 
 
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

12:42, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 -га соңку нускасы

БУРЧ – бир чекиттен чыккан ар кандай эки шооладан түзүлгөн геометриялык фигура. Шоолалар бурчтун жактары, ал эми алардын жалпы башталышы – анын чокусу. Кээде ал жалпы башталышка ээ болгон эки шоола менен чектелген тегиздиктин бөлүгү деп аныкталат. Эгер эки бурчтун жактары, чокулары дал келсе, анда алар барабар бурч (конгруэнттүү) болот. Бурч градус же радиан менен ченелет. Эгер эки бурчтун жактары бир түз сызыкта жатып жана жалпы жакка ээ болушса, анда алар жандаш бурч деп аталат. Эгер биринин жагы экинчисинин чокусу аркылуу уланса, анда вертикаль бурч болот. Вертикаль бурчтар өз ара барабар (∠ 1 ж-а ∠ 2, ∠ 3 ж-а ∠ 4). Эгер бурч өзүнүн чектеш бурчуна барабар болсо, анда ал тик бурч делет. Бурчтун жактары бир түз сызыкты түзсө, анда ал жайылган бурч. Тик бурчтан кичине бурчтар, ал эми тик бурчтан чоӊ, жайылган бурчтан кичине бурч кеӊ бурч болот. Кандайдыр конустук бет менен чектелген мейкиндиктин бөлүгү көлөмдүк бурч деп аталат. Анын айрым учуру көп грандуу бурч болот.

Жандаш бурчтар


Э. Канетов.